Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:54

Лас-Вегас: АКШдагы ок атуу менен коштолгон эң ири кыргын


Лас-Вегастагы каргаша
Лас-Вегастагы каргаша

АКШнын Лас-Вегас шаарындагы кыргындын курмандыктары 59 кишиге жетти. 527 киши жараат алышканын полиция тактады. 1-октябрдын кечиндеги кыргын АКШ тарыхындагы ок атуу менен коштолгон эң кандуу окуя катары сыпатталууда.

Окуя АКШ убактысы боюнча 1-октябрдын кечинде болгон. Күбөлөр тарткан видеолордон чуру-чуу түшүп, башаламан чуркап жүргөн адамдарды көрүүгө, анын фонунда тытыраган октун үнүн угууга болот.

Музыка фестивалына келген миңдеген адамдын көбү адегенде чабуулду фейерверк деп ойлошкон. Андан соң ок кайдан жаап атканын аңдай алышпай чогулган 20 миң чамалуу адам чакчалекей түшкөн.

Аз өтпөй ок Mandalay Bay мейманканасынын 32-кабатындагы номерден атылганы белгилүү болгон.

Жергиликтүү бийлик кылмышкер бир нече мүнөт тынбай ок жаадырганын ырастады. Атайын даярдыктагы аскерлер чабуул коюп, номерге кирип барышкан учурда шектүү өзүн-өзү өлтүргөнү белгилүү болгон. Анын бөлмөсүнөн 10 даана ок атчу курал табылган.

- Шектүү 64 жаштагы ак терилүү Стивен Крейг Пэддок экени аныкталды. Ал Невада штатынын Мескит шаарынан. Биз ириде аны кылмышка эмне түрткөнүн иликтешибиз керек. - деди Лас-Вегастын шерифи Жо Ломбардо.

Шерифтин айтымында, пенсионер Пэддок буга чейин мыйзамсыз жүрүм-туруму менен полициянын көз кырында болгон эмес экен.

Бул тапта «Ислам мамлекети» террордук тобу чабуулга жоопкерчилик алып, кыргын салган адам «бир нече ай мурда» исламды кабыл алган деп билдирди. Бирок буга эч бир далил келтирген жок.

Федералдык иликтөө бюросу ок ачкан адам эл аралык террордук топко катышы жоктугун билдирди.

- Азырынча биз бул окуянын эл аралык террордук топко байланышы бардыгын аныктай алган жокпуз. Иликтөөбүз негиздүү, толук жана иштиктүү болуп, коомубузга бейпилдикти кайтаруу үчүн өнөктөштөрүбүз менен чогуу иштөөнү улантабыз. - деди Аарон Роуз аттуу ФБРдин атайын агенти.

Лас-Вегас: атышуу элүү адамдын өмүрүн алды
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:00 0:00

Ошондой эле жергиликтүү бийлик шектүүнүн коңшусу, 62 жаштагы Марило Дэнли аттуу азиялык аял да кыргынга кызыкдар болгон деп белгилеп жатат.

АКШ президенти Дональд Трамп курман болгондордун жакындарына көңүл айтты:

- Кастык биримдигибизди буза албайт. Зомбулук байланышыбызды үзө албайт. Мекендештерибиздин мыкаачылык менен өлтүрүлүшүнө жаныбыз ачып турган учурда биздин сүйүүбүз бизди сүйөп турат. Жана дайыма жөлөк болот.

Президент ошондой эле ыкчам иштегени үчүн чукул кырдаалдар кызматындагыларды алкады. 3-октябрда Лас-Вегаска келе турганын да кошумчалады.

Бул АКШ тарыхындагы ок атуу менен коштолгон эң чоң кыргын катары сыпатталууда. Өткөн жылы Флорида штатындагы түнкү клубдагы кол салуудан 49 адам өлгөн болчу.

XS
SM
MD
LG