Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:46

АКШдагы кол салуулар иликтенүүдө


Нью-Йорк, 18-сентябрь, 2016
Нью-Йорк, 18-сентябрь, 2016

АКШда өткөн ишемби күнкү жардыруу, кол салуулардын себеби иликтенүүдө.

Полициянын маалыматына караганда, адам өмүрү кыйылган учур катталган жок, бирок жалпысынан 40ка жакын тургун түрдүү жараат алды. Мындан тышкары Федералдык иликтөө бюросу кылмышкерлер жардырганга жетишпей калган бомбаларды таап, зыянсыздандырды.

Ишемби, 17-сентябрдын таңында Нью-Жерсиде кезектеги кайрымдуулук марафонун баштоого акыркы даярдыктар көрүлүп жаткан. Беш миңдей адам катыша турган бул жарыштан түшкөн каражатты уюштуруучулар америкалык аскерлерди колдоо фондуна жөнөтмөк.

Жарыш саат 9да башталат деп жарыяланган, бирок айрымдар кечигип келгендиктен каттоо уланып, старт бир аз кармалып жаткан. Дал ушул жагдай адамдардын аман калышына себеп болду. Анткени кылмышкерлер бомбанын жарылышын саат 9:30га деп тууралаган, а бул кезде жарыш али баштала элек болчу.

Ичине тротил шыкалып, колго жасалган бомба марафончулар өтө турган жолдун боюндагы таштанды салынуучу челектин ичинен жарылган. Эч ким жабыркаган жок.

Экинчи жардыруу кечинде Нью-Йоркто, Манхэттендин түштүк тарабындагы Челси районунда болду. Бул жерде Бириккен Улуттар Уюмунун имараттары, айтылуу Таймс-сквер, белгилүү ресторандар жана көркөм галереялар жайгашкан. 2001-жылдын 11-сентябрындагы ири террордук чабуулдарга туш болгон мурдагы Дүйнөлүк соода борбору турган жерден анча алыс эмес аймак.

Полициянын алдын ала маалыматына караганда, бомбаны даярдоодо кылмышкерлер кадимки капкагы бекем жабылуучу ашкана идишин жана чөнтөк телефон колдонушкан.

Туш тарапка чачыраган айнектин сыныктарынан 29 адам жараат алды, алардын биринин абалы оор.

Эки шаарда тең жардыруулардан көп өтпөй окуя болгон жерден анча алыс эмес көчөлөрдөн полиция дагы жардыргычтарды тапканы, аларды зыянсыздандырып калууга жетишкени кабарланды.

Бул кечте АКШда дагы бир жерде чуулгандуу окуя катталды. Миннесота штатынын Сент-Клауд шаарындагы соода борборлорунун биринде күзөтчүнүн кийимин кийген адам колуна бычак алып, астынан чыккандарга туш келди кол салып, сегиз адам жараат алды.

Нью-Йорктун губернатору Эндрю Куомо 29 адамдын өмүрүнө коркунуч жараткан кол салууну атайын жасалган иш, террорчулук деп атады, бирок эл аралык терроризм менен байланышы барбы же жокпу, азырынча айтуу эрте деди:

- Учурда мунун эл аралык терроризм, “Ислам мамлекети” террордук тобу менен түздөн-түз байланышы бар деп айтууга эч кандай далил жок. Иликтөө эми гана башталууда.

Нью-Йорктун мэри Билл де Блазио ишемби күнкү чабуулду атайын жасалган акт деп атады:

- Бул өтө олуттуу окуя. Аны иликтөөгө, чындыгына жетүүгө көп нерсе талап кылынат. Айтарым, өтө сак болуңуздар.

17-сентябрда Нью-Йоркто жана Нью-Жерсиде болгон жардыруулар үчүн шектелип жаткан 28 жаштагы Ахмад Хан Рахами кармалды. Расмий маалыматка караганда, теги оогандык АКШ жараны Рахами Нью-Жерсидеги Линден шаарында полициячы менен ок атышуудан кийин жараат алып колго түшүрүлдү. Аны тез жардам машинасы алып кеткени маалымдалууда.

Рахамиге 19-сентябрда издөө жарыяланып, анын сүрөтү жер жерлерге таркатылган.

Нью-Йорктогу жардыруу үчүн, полициянын маалыматына караганда, шектүү катары дагы беш адам кармалды. Алар сурак берип жатат, бирок расмий айып тагыла элек.

Нью-Йорктогу жана Нью-Жерсидеги жардыруулар мындан 2,5 жыл мурдагы Бостондогу чабуул менен салыштырылууда. Анда да жардыруу марафон учурунда болгон жана бомба ошондой эле ыкма менен жасалган. Үч адамдын өмүрүн кыйган, 250дөйүн жараат кылган ал окуя расмий түрдө теракт деп таанылган болчу.

Ал арада бүгүн Нью-Жерсиде Элизабет шаарынын вокзалынан ичине беш жардыргыч салынган баштык табылганы кабарланды. Алардын бири текшерүү учурунда жарылган, бирок эч ким жабыркаган жок.

XS
SM
MD
LG