11-декабрда Чүйдүн Кой-Таш айылында активист Айбек Теңизбайды үйдөн өздөрүн укук коргоо органдарынын кызматкерибиз деп тааныштырган адамдар кармап кеткени кабарланды.
Бул тууралуу “Азаттыкка” активисттин эжеси жана жакындары маалымат берип, белгисиз адамдар Айбек Теңизбайдын апасынын да уюлдук телефонун алып кетишкенин айтышты.
Азырынча активистти кайсы укук коргоо органынын кызматкерлери алып кеткени боюнча маалымат жок.
Айбек Теңизбай социалдык тармактарда бийликтин айрым иштерин сындап, Орусиянын Кыргызстандагы пропагандасына каршы бир нече постторду жазган. Андан тышкары өлкөдөгү саясий окуялар тууралуу жалпыга маалымдоо каражаттарына да пикирин активдүү билдирип келет. (BTo)
Шерине