Киев АКШнын Украинадагы Орусия баштаган согушту токтотуу тууралуу планына өз жообун жөнөткөнүн бир катар медиа кабарлады. Bloomberg агенттиги украин тарап пландын кайрадан каралып чыккан вариантын бергенин маалымдады.
Америкалык Axios жаңылыктар сайтынын кабарчысы Барак Равид "Украина Трамптын администрациясына АКШнын тынчтык планынын долбоору боюнча өз жообун берди, бул тууралуу мага украиналык жана америкалык аткаминерлер билдиришти", - деп Х социалдык түйүнүнө жазды.
Аталган сайттагы маалыматка караганда, Украинанын Улуттук коопсуздук жана коргонуу кеңешинин катчысы, сүйлөшүүлөрдө украин делегациясын баштаган Рустем Умеров пландын долбооруна сунуштар жана комментарийлер жазылган расмий жоопту АКШ президенти Дональд Трамптын кеңешчиси жана күйөө баласы Жаред Кушнерге жөнөттү.
Европалык союздаштары, айрыкча Улуу Британия, Франция жана Германия менен бир нече күн кеңешкенден кийин украин тарап жерлер жана Орусия ээлеп алган Запорожье АЭСинин макамы боюнча жаңы идеяларын сунуштаганы айтылууда.
Киевден бул боюнча расмий так комментарий же маалымат азырынча боло элек.
Украин президенти Владимир Зеленский 10-декабрдын кечинде кезектеги видео кайрылуусунда 20 пункттан турган тынчтык планынын негизинде украин-америкалык дагы эки документ (АКШнын Украинанын коопсуздугуна кепилдиги, өлкөнү калыбына келтирүү жана биргелешкен инвестициялар тууралуу) даярдалып жатканын белгиледи. (RK)
Шерине