Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:49

АКШда дубал талашы чечиле элек


Президент Дональд Трамп АКШ-Мексика чек арасынын Техас штатындагы бөлүгүнө барган учур. 10-январь, 2019-жыл.
Президент Дональд Трамп АКШ-Мексика чек арасынын Техас штатындагы бөлүгүнө барган учур. 10-январь, 2019-жыл.

Кошмо Штаттарда федералдык өкмөттүн ишин жарым-жартылай токтоткон кырдаал үчүнчү аптадан бери бир жаңсыл болбой турат.

Буга себеп болгон маселени - АКШнын Мексика менен чек арасында дубал куруунун зарылдыгын президент Дональд Трамп чек арага барган учурунда дагы бир жолу коргоду.

Ал чек арада мыйзамсыз миграциядан улам түзүлгөн абалды “коопсуздук жана гуманитардык кризис” деп атады.

Бирок азыр Конгрессте көпчүлүктү түзүп калган демократтар дубал курулушун каржылоого макул болбой, чек араны башка ыкмалар менен бекемдөөнү сунуш кылып жатышат.

Президент Дональд Трамп АКШнын Мексика менен чектеш Техас штатынын Маккален шаарына 10-январда барды.

“Ассошиэйтед пресс” агенттиги жазгандай, бул жердеги чек арачылар Трампка чек аранын дал ушул секторунан азыркыга чейин кеминде 41 мамлекеттин жарандары кармалганын, акыркы бир күндө эле Түштүк Америка өлкөлөрү же Мексика эле эмес, Индия, Пакистан, Кытай, Румыниядан келген 133 адам токтотулганын маалымдашкан.

Трамп чек арачылар менен баарлашуусунда Мексика менен чек арада дубал орнотуунун зарылдыгын мына ушул маалыматтарга негиздеп коргоду:

Дональд Трамп
Дональд Трамп

- Булар Жакынкы Чыгыштан келгендерди да кармап жатышат. Мындай нерсе такай болууда. Биз Мексиканы эле айткан жокпуз, бүткүл дүйнөдөн келип жатышат. Анткени, бул жер аярлуу жана ачык. Биз коопсуздукка муктажбыз. Болоттонбу же бетондонбу бизге дубал керек. Дубал чек арачыларга да керек, антпесе жумуш оорлойт, көйгөй тереңдейт, анан адам өлүмү болот, - деген Трамп чек арадагы сапарын аяктап жатып.

Трамп андан кийин Fox News телеканалы менен маегинде кокус Конгресс менен тил табыша албаса, өзгөчө абал жарыялай турганын да ачык ишара кылды:

- Эгер Конгресс менен макулдашууга келе албасак, менин мындайга барышым толук мүмкүн. Мен буга барам деп да айта алам. Эмне үчүн жок? Менде мындай ыйгарым бар. Мыйзам 100% мен тарапта.

Трамп өзгөчө абал дегенде Мексика менен чек арадагы дубалдын курулушун каржылоону Конгресстин макулдугусуз эле жүргүзүүгө жана саясий туңгуюктан чыгууга мүмкүндүк берген жолду эске алууда.

Америкалык медианын кабарларына караганда, Трамп азыр дубал курууда президенттин ыйгарым укугун колдонуунун мыйзамдуулугун Ак үйдүн юристтери менен кеңешип жатат.

Бирок президент өзгөчө абал жарыяласа, өтө талаштуу кадамга барган болот. Анткени, АКШ Конституциясына ылайык, федералдык бюджеттин чыгымдары боюнча чечим кабыл алуу укугуна Конгресс гана ээ.

Конгресс 1976-жылы кабыл алган мыйзамда болсо президенттин өзгөчө абал жарыялоо ыйгарымына айрым чектөөлөр киргизилген. Ал мыйзам боюнча президент өлкөнүн түштүк чек арасында мындай абал жарыялаган күндө да Конгресске бул чечимди жокко чыгаргыдай ыйгарым укук берилген.

Мигранттар агымы

АКШнын Бажы жана чек араны коргоо кызматынын эсебинде, эгер 2017-жылы түштүк-батыш чек арадан 303 916 адам кармалса, 2018 -жылы бул сан 396 597ге жетти.

Ошол эле учурда АКШдан өлкөнүн түштүк-батыш чек арасына келип башпаанек сурагандардын саны да акыркы бир жылда 70% жакын өсүп кеткен.

Ички коопсуздук министрлиги жарыялаган соңку статистикага караганда, түштүк-батыш чек арадан 2017-жылы башпаанек берүүнү 55 584, 2018-жылы 92 959 адам өтүнгөн.

АКШ-Мексика чек арасынын бөлүгүнө темирден орнотулуп жаткан дубал. 9-январь, 2018-жыл.
АКШ-Мексика чек арасынын бөлүгүнө темирден орнотулуп жаткан дубал. 9-январь, 2018-жыл.

​Мексика менен чек арадагы дубалдын курулушу үчүн Трамп Конгресстен алты миллиард долларга жакын акча сураган.

Бирок демократтар буга макул болбой, чек ара коопсуздугун башка ыкмалар менен бекемдөөгө 1,3 миллиард доллар бөлүүнү сунуш кылып жатышат.

АКШнын Мексика менен чек арасынын жалпы узундугу 3200 чакырымды түзөт жана анын бөлүктөрүндө дубал азыр деле бар.

"Шатдаунга" нааразылык

Дал ушул маселе боюнча пикир келишпестиктен улам АКШда бюджетти бекитүү создугуп, федералдык өкмөттүн иши жарым-жартылай токтоду.

Чак Шумер.
Чак Шумер.

- Президент талыкпай иштеген америкалыктарга салык төлөөчүлөрдүн беш миллиард долларын алуу боюнча саясий оюнда кол жоолук катары мамиле жасап жатат. Бул бир чети орунсуз, бир чети ташбоордук. Бул дароо токтотулушу керек. Федералдык кызматкерлер эмгек акысын алышы зарыл, - деди 10-январда Демократиялык партиянын Сенаттагы лидери Чак Шумер.

11-январда АКШнын федералдык өкмөтү жарым-жартылай жабылганына 21 күн болот. Бул америкалыктар атагандай, АКШнын тарыхындагы экинчи узак “шатдаун”. Мындай көрүнүш 1995-1996-жылдары да 21 күнгө созулган.

“Шатдаундан” улам өлкөдөгү 800 миңдей федералдык кызматкер айлык акысыз иштеп же акы төлөнбөгөн эмгек өргүүсүндө жүрүшөт.

Алардын арасынан бир нечеси 10-январда Ак үй сыртында демонстрация да өткөрүштү.

АКШнын федералдык кызматкерлер тобунун Вашингтондогу демонстрациясы. 10-январь, 2019-жыл.
АКШнын федералдык кызматкерлер тобунун Вашингтондогу демонстрациясы. 10-январь, 2019-жыл.
"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG