Өзбекстандын Үргөнч шаарындагы балдар үйүндөгү жашы жете элек үч кызды зордуктаганы үчүн соттолгон аткаминерлердин жеңил жаза менен кутулуп кеткени социалдык тармактарда кызуу талкуу жаратты. Бул окуя NeMolchi.uz долбоорунун зомбулукка каршы материалынан кийин гана ачыкка чыккан. Анда үч секелек кызды облустук бийлик өкүлдөрү 10 ай бою зордуктап келгени айтылат.
Үргөнчтүн балдар үйүндөгү үч өспүрүм кыз аткаминерлердин кордугуна кабылганы эки жыл мурда эле билинген. Nemolchi.uz долбоору өткөн айда бул окуя тууралуу иликтөө жарыялагандан кийин чуулгандуу иштин жаңы жагдайлары ачылды.
"2021-жылдын май айынын башында балдар үйүнүн башчысы Азиза аттуу кызды тааныш аткаминер менен мамилеге барууга мажбурлаган. Ал кыз 16га чыга элек болчу. Баргысы келбей, каршылык көрсөткөндө жетекчи ашканадан үбөлүк алдырып, кыздын кичинекей инисин башка балдардын көзүнчө сабаган".
Азиза (аты өзгөртүлгөн) менен кошо дагы эки өспүрүм кызды Хорезм облустук Юстиция башкармалыгынын жана облустук Өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынын жетекчилери бери дегенде 10 ай бою зордукташкан.
Аткаминерлер кыздарды атайын батирге алып барса, кээде балдар үйүндө эле зордуктаган. Ал маалда кыздардын эң кичинеси 15те гана болгон.
Соцтармакта талкуу жараткан чечим
NeMolchi.uz долбоору аныктагандай, 2021-жылы балдар үйүнүн жетекчиси жашы жете элек үч кызды жергиликтүү аткаминерлерге салып берген. Бул үчүн ал эркектер мекемеге тамак-аш, эмерек, жабдууларды алып келип, директордун башка маселелерин чечип берүүнү убада кылышкан.
Сотто айыпталуучулар кыздарды эч ким жыныстык катнашка мажбурлабаганын айтышкан. Былтыр аткаминерлер жоопко тартылып, балдар үйүнүн башчысы беш жарым жылга кесилсе, калган айыпталуучуларга бир жарым жылдан чегерилип, сот залынан бошотулган. Иликтөөчүлөр бул кылмышка дагы үч кишинин катышы бар болушу ыктымал экенин таап чыккан.
Чуулгандуу ишти башынан бери иликтеп жүргөн журналист Ирина Матвиенко айыпталуучуларга тагылган жаза аз экенин белгилеп, мыйзамсыздык менен күрөштү улантарын Фейсбуктагы баракчасына жазды.
"Мыйзамдарды өзгөртүү керек, ошон үчүн күрөшүп жатабыз. Мен өз позициямды түшүндүрө алдымбы, билбейм. Тактап кетүүнү чечтим, анткени менин постумдан кийин эл өкмөттү аракетсиздиги үчүн жек көрө баштаганына өзүмдү күнөөлүү сезип кеттим", - деди Матвиенко.
Социалдык медиада чуулгандуу окуянын чоо-жайы билингенден кийин бир топ нааразылык жаралды. Өзбекстандык блогерлер жана активисттер жашы жете элек кыздарды зордуктаган аткаминерлерди жана аларга берилген жазаны айыптап чыгышты.
Талкуулардын дээрлик көпчүлүгү жазанын жеңилдиги, эки аткаминер иштеген мамлекеттик органдар – Юстиция жана Өзгөчө кырдаалдар министрлиги ушул убакка чейин мындай жазага каршы чыкпаганы, кыздар тууралуу кабар ушул айдын аягына белгиленген референдумдун алдында пайда болгону тууралуу жүрүп жатат.
Социалдык медиадагы сексуалдык зомбулукка каршы өнөктүккө президенттин кызы Саида Мирзиёева да үн кошту:
"Мындай кырдаалда үмүт берген жалгыз нерсе – бул ачыктык жана жарандык коомдун үнү", - деди ал.
Өзбек бийлигинин реакциясы
Өткөн аптада Үргөнчтөгү үрөй учурган окуяга байланыштуу Өзбекстандын Сенатынын төрайымы жана президенттик администрациянын өкүлдөрү да комментарий беришти. Алар жашы жете электерге сексуалдык ыдык көрсөткөндөргө жазаны катаалдаштыруу керектигин сунуштап чыгышты.
4-апрелде Хорезм облустук прокуратурасы Өзбекстандын Жогорку Сотуна балдар үйүндөгү кыздарды зордуктаганы үчүн соттолгон эки аткаминердин өкүмү боюнча доо арыз жазды. Иш эми кайра кассациялык тартипте каралат.
Биринчи инстанциядагы сот облустук Юстиция башкармалыгынын мурдагы башчысы менен райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн жетекчисин 1,5 жылга эркинен ажыраткан эле. Коомчулуктун нааразылыгынан кийин Өзбекстандын Башкы прокуратурасы өкүм жумшак болуп калганын билдирген.
Ал арада аялдардын жана балдардын укуктарын, эркиндиктерин жана кызыкчылыктарын коргоону күчөтүү үчүн мыйзамдарга сунушталган өзгөртүүлөрдү колдоду.
"Сексуалдык зомбулук, анын ичинде жашы жете электерге карата ыдык көрсөткөн адамдарды жаза мөөнөтүнөн мурда шарттуу бошотуу же жазаны жеңилирээк жаза менен алмаштыруу мүмкүн эмес. Тескерисинче, мындай кылмыштар үчүн жаза катаалдашат", - деп айтылат маалыматта.
"Аял буюм эмес"
Аткаминерлерге чегерилген жазаны журналисттер иликтеп, ал окуя соцтармактарда кызуу талкууга айлангандан кийин, элдин Башкы прокуратура менен Жогорку Соттун соттун чечимине нааразылыгы күчөдү.
Ондогон ташкенттик кыз-келиндер зордук-зомбулукка каршы күрөшүү үчүн "Аял буюм эмес" деген социалдык долбоорду ишке киргизишти. Долбоордун алкагында алар колдорунда сексуалдык ыдыка каршы билдирүүлөр жана канга окшош кызыл боёктор менен жазылган жазууларды кармап түшкөн сүрөттөрүн жарыялап жатышат.
Долбоордун катышуучулары Gazeta.uz сайтына долбоордун ишке киришине Үргөнчтөгү балдар үйүндөгү зордуктоо фактысы түрткү болгонун айтышат.
"Кеп зордук-зомбулукта, аткаминерлердин жасаганы эмес, алар коркпой эле кыздарды кайра-кайра кордоп, мекемелер буга көз жуумп, ишти жаап салууга аракет кылганында. Маселе адилеттүүлүк жана ачык-айкындуулукту камсыз кылууга милдеттүү соттун адилетсиз өкүмүндө", - дешти ташкенттик активист кыздар.
"16 жаштагы кыз эмнени билет?"
Үргөнчтөгү жашы жете элек кыздардын зордукталышы өзбек коомчулугундагы дагы бир талаштуу маселени күн тартибине чыгарды.
Көпчүлүк учурда жашы жете элек балдар "жыныстык катнашка барууга макул болгон" деген жүйө менен соттолуучуларга жеңилдетилген жаза чегерилип жатканы айтылып келет. Бул учурда, кылмышкерлер айып төлөөгө же шарттуу жаза өтөөгө гана өкүм кылынат.
"Хорезмдеги балдар үйүнүн 16 жаштагы кыз өзүнүн макулдугу менен өмүрүндө көрбөгөн аткаминер менен кантип жыныстык катнашка барышы мүмкүн? Буга ишенсе болобу? 16 жаштагы кыз эмнени билет? Юстиция министрлигиндеги аткаминер муну түшүнбөйбү?! Ооба, суроолор көп. Жашы жете электерге сексуалдык зомбулук көрсөткөндөргө жазаны күчөтүш керек. Жаза оор болсо, кылмыш сөзсүз азаят. Анан балдар үйлөрүндө коомдук көзөмөлдүн күчтүү жана так механизми болушу керек", - деди "Азаттыктын" өзбек кызматына берген маегинде жарандык активист Акида Ханум.
Өзбекстандын Кылмыш кодексинде 14 жашка чыга элек өспүрүмгө сексуалдык зомбулук көрсөтүлгөнү сотто далилденсе, айыпталуучу 20 жылга чейин эркинен ажыратылат.
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматы боюнча, дүйнөдө 15-49 жаштагы кыздар менен аялдардын 25% ашыгы зордук-зомбулукка кабылган.
Бирок Өзбекстанда аялдарга жана кыздарга карата зордук-зомбулук боюнча расмий статистика жок.