Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:10

Украинанын батышы да тынч эмес


Мукачеводогу окуядан кийин качып кеткен "Оңчул сектордун" куралдуу топторун издеп жаткан өкмөттүк аскерлер. 14-июль, 2015-жыл
Мукачеводогу окуядан кийин качып кеткен "Оңчул сектордун" куралдуу топторун издеп жаткан өкмөттүк аскерлер. 14-июль, 2015-жыл

Украин парламенти Закарпатьедеги адам өмүрүн алган окуя боюнча тергөө комиссиясын түздү.

Украинанын батышында Евробиримдик менен чек арага жакын Закарпатск облусунда орун алган 11-июлдагы жаңжалда эки адам өлүп, ондой киши жаракат алган.

11-июлда Мукачево шаарында орун алган окуя боюнча Жогорку Рада депутаттык тергөө комиссиясын түздү. Улутчул “Оңчул сектор” кыймылынын өкүлдөрү менен полициянын кагылышында эки адам өлүп, ондой киши жаракат алган. Каза болгон эки адам “Оңчул сектордун” мүчөлөрү.

Украин президенти Петро Порошенко Мукачеводогу жаңжал аткезчиликти бөлүштүрүүгө барып такаларын жана депутат же башка экенине карабастан баары жоопкерчиликке тартыларын эскертти:

- Биз тез арада эски үйүлгөн көйгөйлөрдүн түйүнүн чечишибиз керек. Бул жерде мен кландык, аткезчилик жана коррупция маселесин айтып жатам. Контрабанда жалгыз гана Закарпатьенин проблемасы эмес. Биз буроону бурай баштаганда арам иштердин баары чыга келди. Закарпатьенин аткезчилери бүтүн Украинага чакырык таштады. Мен айтып койоюн: биз ал чакырыкты кабыл алабыз.

Жергиликтүү маалымат каражаттарынын жазышынча, куралдуу жаңжал “Оңчул сектор” менен Жогорку Раданын депутаты Михаил Ланьонун адамдары ортосунда чыккан. Ага полиция кызматкерлери да катышкан. Окуядан кийин “Оңчул сектордун” куралчан адамдары токойго качып, жашырынып кеткен. Бирок 14-июлда “Оңчул сектордун” өкүлү Андрей Стемпицкий билдирүү менен чыгып, кыймылдын эки мүчөсү колго түшүп, укук коргоо органдары менен кызматташып жатканын билдирди. Анын айтымында, бул Мукачеводогу окуя жана андагы шылуундар боюнча так маалымат берүү үчүн, ошондой эле “Оңчул секторго” карата айтылып жаткан жалган маалыматтарды токтотуу үчүн жасалды.

“Оңчул сектордун” өкүлү Алексей Бык маалымат жыйынында кан төгүүгө милиция күнөөлүү экендигин айткан:

- Эгер ок атууну биз озунуп баштаганыбызда полициянын арасында курмандыктар көп болмок эле да. Ошондуктан бул жерде баары даана көрүнүп турат. “Оңчул сектордон” эки адам өлүп, төрт адам жаракат алды. Ал эми полициядан каза тапкандар болгон жок.

11-июлдагы окуяда 4 полиция кызматкери жаракат алган. “Оңчул сектордун” лидери, депутат Дмитрий Ярош да өзүнүн Фейсбуктагы баракчасына анын тобу Закарпатьедеги абалды жөнгө салуу үчүн Украинанын коопсуздук кызматы менен иштешип жатканын жазды. Украинадагы бул улутчул кыймыл Виктор Януковичти бийликтен кетирген Майдандагы окуяларда таанылган. Кийин ал партия катары түзүлүп, парламенттик жана президенттик шайлоолорго катышкан.

Ал эми Закарпатск облусундагы жаңжал бизнес кызыкчылыктарга байланышкан чатактан чыкканы айтылууда. Аталган аймак Евробиримдиктин бир катар өлкөсү - Румыния, Венгрия, Словакия жана Польша менен чектешет. Бул куралдуу жаңжал өз кезегинде Украинанын Евробиримдикке визасыз кирүү режими үчүн жасап жаткан далалатына тескери таасир этиши ыктымал.

Мындай оюн украин парламентиндеги “Петро Порошенконун блогу” фракциясынын депутаты Сергей Лещенко айтты:

- Эгер Украина жарандарына визасыз кирүүгө уруксат берген чечим боюнча бир эле өлкө вето койсо, анда ал ишке ашпайт. Мукачеводогу окуядан кийин ага каршы чыга турган Евробиримдиктин лидерлери көбөйдү деп ойлойм.

“Оңчул сектор” Украинанын чыгышындагы куралдуу жаңжалда Киевди колдоп, өз мүчөлөрүн өлкөнүн бүтүндүгү үчүн жикчилдерге каршы турууга чакырган жана куралдуу ыктыярчылар тобун түзгөн. Ал эми Орусия “Оңчул секторду” экстремисттик уюм деп тапкан.

Ал арада Донбасстагы кырдаал да салыштырмалуу курчуганын ЕККУнун бул өлкөдөгү өкүлү Эртугрул Апакан билдирди. Анын айтышынча, Украинанын чыгышында ок атууну токтотуу келишимин бузуу мурдагыга караганда эки тараптан тең өскөн. Украинанын аскерий өкүлү Андрей Лысенконун 14-июлда маалымдашынча, кечээ күнү каза тапкан жоокерлер болгон жок, бирок беш украин аскери жаракат алган.

XS
SM
MD
LG