Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июль, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:19

Украинадагы "жылдын отставкасы". Коргоо министри кызматтан эмнеге алынды?

Михаил Федоровдун кызматтан алынышына каршы акция. Киев, 16-июль, 2026-жыл
Михаил Федоровдун кызматтан алынышына каршы акция. Киев, 16-июль, 2026-жыл

Украинада өкмөт отставкага кетип, коргоо министри Михаил Федоровду алмаштырууга өзгөчө көңүл бурулуп келди. Киевде анын отставкасына каршы нааразылык акциялары өттү. Бул окуянын кесепети кандай болушу мүмкүн? "Азаттыктын" украин кызматы маселени талдады.

Федоровдун кызматтан алынгандан кийин Аба күчтөрүнүн командачысынын орун басары Павел Елизаров отставкага кеткенин жарыялады. Министрдин кызматтан алынышын “өлкөнүн коргонуу дарамети үчүн чоң кыянат” деп атады. Айрымдар муну "жылдын отставкасы" деп атады.

Федоров деген ким?

15-июлдун кечинде Федоров кызматтан кетип жатканы тууралуу буга чейин тараган кептерди бышыктады.

"Украин элине коргоо министри болуп кызмат өтөө мен үчүн чоң сыймык болду", - деп жазды ал Телеграм каналына.

Киевде коргоо министрин алмаштырууга каршы акция өттү
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:40 0:00

Федоров министр болуп тургандагы жетишкендиктерин тизмектеп, орусиялык аскерлердин Starlinkтин спутниктерине жетүүсүнө жол бербөө аракетин атады.

"Алардын дрондор согушун натыйжалуу жүргүзүү мүмкүнчүлүктөрү чектелди”, - деп белгиледи ал. Мындан тышкары акыркы төрт айда былтыркы жылга караганда алда канча көп дрон сатылып алганын айтты.

35 жаштагы Михаил Федоров Коргоо министрлигин болгону жарым жыл жетектеди. Ага чейин вице-премьер, санарип трансформация министри болуп эмгектенген. Ал Запорожье облусунда төрөлгөн. Бала кезинде компьютер оюндарына кызыкчу. Чоңойгондо IT бизнеси менен алектене баштаган. Саясатка кызыгып, 2019-жылы Владимир Зеленскийдин шайлоо кампаниясына катышып, анын санарип стратегиясын пландаган. Кийин санарип трансформация министри болуп дайындалган. Мекеме жарандардын мамлекет менен байланышын санарип форматына өткөрүү иштерине жооп берет.

Орусия Украинага кол салган 2022-жылдан кийин Федоров дрондорго жана санарип технологияларын аскердик максаттарда колдонууга көңүл бура баштаган. NYT басылмасы аны Киевди Кремний өрөөнү менен байланыштырган негизги адам деп атаган. Гезит жазгандай, ал аскердик технологияларды өлкөгө тартуу үчүн согушту "коргонуу долбоорлорунун полигону" деп сыпаттаган.

Орусия кол салгандын алгачкы күндөрүндө Федоров америкалык ишкер Илон Масктан Украинага Starlink терминалдарын берүүнү сураган. Ошол терминалдар учурда украин армиясын уруш майданында үзгүлтүксүз байланыш менен камсыздап келатат.

Михаил Федоровдун кызматтан алынышына каршы акция. Киев, 16-июль, 2026-жыл
Михаил Федоровдун кызматтан алынышына каршы акция. Киев, 16-июль, 2026-жыл

Коргоо министри болуп турган кездеги жаңжалдар

The Economist жазганына караганда, Коргоо министрлигин жетектөөгө киришкенде ал 300 млрд гривна же 6,5 млрд доллар каражаттын максатсыз коротулганын таап чыккан, кол астындагы кызматкерлерди калп айтууну аныктаган детектордон өтүүгө мажбурлачу, баш тарткандарды жумуштан кетирчү.

"Анын салттуу ыкмаларды карманган аскер жетекчилери, маселен, куралдуу күчтөрдүн башкы командачысы Александр Сырский менен терең пикир келишпестиктери чанда көңүл сыртында калчу. Министр генералдын кызматтан алынышы үчүн аракет көрүп келген, бирок президент аны жактыраган эмес", - деп жазат британиялык басылма.

"Украинская правда" аты аталбаган булактарга таянып, 15-июлдун кечинде Зеленский башкаруудагы "Эл кызматчысы" партиясынын фракциясы менен жолукканын жазды. Маалыматка караганда, президент эки структуранын ортосунда жаңжал болгонун, армия менен өкмөттүн өз ара мамилелерин тең салмактоого аракет көргөнүн, чечим кабыл алуу оңой болбогонун билдирди.

"Согушуп жаткан өлкөдө Коргоо министрлиги менен Башкы штабдын ортосунда жаңжалга жол бере албайм. Эң жакшысы - экөөнү тең алмаштыруу болмок. Бирок мен бир убакытта экөөнү тең ала албайм", - деген шилтемени келтирет гезит.

Дагы бир маалыматка караганда, президент Федоров мобилизация иштеринде реформа жүргүзгөн жок деп айтты жана кызматка сунушталган Игорь Клименко ал чөйрөдө "тартип орнотууга" кудуреттүү экенин билдирди.

"Зеленский согуш жүргүзүүнүн эки башка концепциясынын жаңжалы ортосунда калды. Чыр-чатак коргонууга бөлүнгөн бюджеттин сыртында калган курал-жарак тармагындагы ондогон кландын нааразылыгын күчөткөн. Президент азыркы аскердик реалдуулуктагы оюндун эрежелерин сактап калуунун пайдасына тандоо жасады", - деп улантат "Украинская правда".

Отставкага кандай реакция болду

Бир катар белгилүү саясатчылар менен активисттер Федоровду коргоп чыгышты. 16-июлда нааразылык акциясына чыгууга ветеран Дмитрий Козятинский үндөп, "Бул тынч акция экенин унутпагыла!" деп Фейсбукка жазды.

Оппозициялык депутат Ирина Геращенко Зеленскийди кечээ эле "президенттин адамы" деп саналган Федоровду кетирүү чечими үчүн сындады:

"Согушуп жаткан өлкөдө жарым жыл сайын коргоо министрин алмаштыруу акылга сыйбайт. Саясий кызгануу, өз билемдик, башкалардын пикирин кабыл албоо өлкөгө кымбатка туруп жатат".

Дагы бир оппозициялык депутат София Федина өкмөттөгү өзгөрүүлөр атайлап Федоровдон арылуу үчүн ойлоп табылган деп эсептейт.

Ушундай эле ойго журналист Роман Кульчинский кошулат.

Мурдагы аскер кызматкери жана Херсон облусунун экс-депутаты Вячеслав Белковскийдин көз карашында, Федоров согуш башталгандан берки эң мыкты министр болчу.

"Албетте, ал идеалдуу эмес, бирок ал баштаган жараяндар аскерлер үчүн оң натыйжа берүүдө. Өзгөчө дрон чыгаруу тармагы жакшырып, сертификат берүү тездеди. Ок-дары алуу жакшырды. Анын командасынын ишмердиги жоготууларыбызды азайтып жатат. Андай министрди кызматтан алуу кылмышка тете", - деп жазат Белковский.

Мурдагы аскер, саясий туткун Станислав Асеев Зеленский адамдарды баалоого жөндөмдүү эмес деген оюн ортого салды:

"Мен Коргоо министрлигинен мындан ары да миллиарддаган акча кымырып алууну көздөп, Федоровду кетирүү кеңешин берген адамдар жөнүндө айтып жатам".

Саясат талдоочу Владимир Фесенконун пикиринде, Федоров тартип орното баштаганы үчүн Зеленскийге жакпайт.

Куржундар

Шерине

XS
SM
MD
LG