Дайырбек Кубаныч уулу (белгилүү себептерден улам аты-жөнү өзгөртүлдү) украин армиясынын катарында ыктыярчы болуп, майданда жүрөт. Ал Киевде чачтарач болуп иштеп жүргөндө кокусунан уруш башталып кетип, ошол жерде калып калган.
Кыргызстандын мыйзамдары өлкө жарандарына чет жактагы куралдуу жаңжалдарга аралашууга тыюу салат. Алар мекенине кайтканда кылмыш жоопкерчилигине тартылышы мүмкүн.
32 жаштагы Дайырбек Кубаныч уулу былтыр күзүндө Европага барып, каражат таап келүүнү чечет. Буга чейин Казакстанда жүргөн экен. Караштырып отуруп, Украинага сапар тартат. Былтыр декабрда Киевдеги чачтарачканага ишке орношот.
"Жыл башында Киевде дүрбөлөң жок болчу. Жергиликтүүлөр деле "согуш болбойт" деп жаткан. Эл көргөндү көрөм, иштей берейин деп чечкем. Эки ай өтпөй согуш башталып кетти. Ошол маалда тааныш балдар ыктыярчы болуп, армияга кетип жатканын угуп калдым. Аларды көрүп украиналыктарга жардам бергим келди".
Орус армиясы Украинага бастырып киргенде Дайырбек ыктыярчылардан куралган батальондордун бирине кошулат. Биз менен байланышканда Николаев шаарында жүргөнүн айтты. Украинанын түштүгүндө жайгашкан бул шаарда ушул күнгө чейин атышуу токтой элек. Николаев - орус армиясынын көзөмөлүнө өткөн Херсон облусуна жакын.
"Күн сайын жок дегенде экиден, кээде онго чейин ракета түшүп турат. Ракеталардын салмагы үч тоннадай. Үй-жайлар, айылдар талкаланып жатат. Тынымсыз ок атылат. Карапайым тургундар ээн-эркин көчөгө чыга албай калды. Суу, жарык көп жерде жок. Сууну ыктыярчылар алып келип берет. Менден башка кыргыздарды же борбор азиялыктарды көрө элекмин. Биздин батальондо жалаң эле украиналыктар. Мага башында ар кандай мамиле кылышчу. Тыңчы катары карашкан учурлар болду. Бирок көбү ыраазычылык билдирип, алкап турат. Биз негизинен салгылашууларга катышпайбыз. Кызыл зоналардан жарадарларды коопсуз аймактарга чыгарып кетүү менен алектенебиз".
Баяндын аудиосун бул жерден угуңуз:
Кыргыз жарандарына четтеги куралдуу кагылыштарга катышууга тыюу салынган
Украинада уруш башталганда Кыргызстан өз жарандарын чыгарып кеткен. Киевдеги элчилик 68 кыргыз жараны украин жергесинде калганын билдирген. Алардын эмне менен алектенери тууралуу маалымат айтылган эмес.
Кыргызстандын Кылмыш-Жаза кодексинин атайын беренесине ылайык, чет мамлекеттин аймагында куралдуу кагылыштарга жана аскердик аракеттерге катышкан кыргыз жарандары беш жылдан сегиз жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.
Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов "Азаттыкка" биздин жарандарга чет жактагы куралдуу кагылыштарга катышуу болбосун айтты.
"Эгер ошол мамлекеттин жарандыгын алса башка иш. Анткени бул жалданган аскер болуп калат да", – деп түшүндүрдү ал.
Украинада согуш башталгандан бери келишимдик негизде орус армиясында кызмат өтөгөн кыргызстандыктар арбын экени экени маалым болгон. Маалыматка караганда, Орусияда мигранттарды аскердик кызмат үчүн төлөнчү акча жана жарандык алуудагы жеңилдиктер кызыктырат.
Дайырбек: Баламды эстегенде жаман болом
Дайырбектин Кыргызстанда келинчеги, баласы калган. Сентябрда экиге чыга турган уулун, жакындарын айтып жатканда анын көзүнө жаш айланды.
"Үй-бүлөмө башында айткан эмесмин. Кийин билип алышты. Азыр көп сүйлөшкөн жокмун. Албетте, өкүнгөн учурлар болот. Бул жерде эмне кылып жүрөм деген ойлор келет. Апамды атайын кызмат чакыртып, "уулуңуз чет жакта согушта жүрөт" деп айтыптыр. Бул жакта эч кандай кылмыш жасаган жокмун. Жарадарларга жардам берүү кылмышка киреби?".
Дайырбек Украинада уруш аяктаса эле Кыргызстанга кайтып барып, уулун жетелеп ойнотууну кыялданат.
Мекендешибизтин айтымында, азыр Николаев шаарында таза суу жок. Калкка сууну ыктыярчылар Одессадан ташып келет. Ал эми батальондогуларга күнүнө бир гана жолу суу келет. Тамак-аш жетиштүү.
"Батальондо жалпысынан үч адам каза болду. Алар салгылашууда эмес, ракетанын сыныгы тийип, минага жарылып жан беришти. Биздин батальондо ар кандай ыктыярчылар чогулган. Мен сыяктуу чачтарачтар, диджей, бариста, ырчы, ишкер жана башкалар бар. Келишим түзүлөт башында. Бирок кайсы күнү кааласам, ошол күнү кетсем болот. Расмий үч жылга келишим түзгөнбүз".
Дайырбек украин эли меймандос, эмгекчил экенине баа берет. Орус маалымат каражаттары тынбай айтып келген Украинадагы улутчулдар менен неонацисттерди кезиктирбегенин айтты.
"Украиндер аябай эмгекчил. Кароосуз калган, сазга баткан үйлөрдү көрбөдүм. Аларды аарыларга салыштырса болот. Өздөрүнчө жашап, эмгектенип жүргөндө "аюу" кол салды да. Эми баарылап коргонуп атат, бирок аары [украиндер] чакса да катуу чагат эмеспи. Улутчул деп жөн эле жаманатты кылат, бирок андай адамдарды көргөн жокмун. Кайдан келгениңе эмес, адамгерчилигиңе карашат. Мен украинче түшүнбөйм, билбейм деп эле орусча сүйлөйм. Эч ким орусча сүйлөп атасың деп кодулаган жок. Согуш украиналыктарды бириктирип койду".
"Акча үчүн согушка азгырылба"
Дайырбек сөз соңунда Орусияда жүргөн мигранттарды акчага же башка бир кызыкчылыкка азгырылып, курал кармап, согушка барбоого чакырды.
"Бул жакта орус аскерлери колу-бутунан ажырап, мунжу болуп калууда. Алардын армиясында жоготуу абдан көп. Өлгөндөрдүн жасаты үйүнө жетпей калууда. Орус армиясы өзү менен кошо мобилдүү крематорийлерди сүйрөтүп жүрөт. Каза болгон аскерлердин сөөгүн дароо өрттөп жатышат. Ошондуктан мекендештерибизге согушка келбегиле деп айтаар элем. Сайда саны, кумда изи жок калышы мүмкүн. Орус армиясынын окко учкан аскерлеринин туугандары деле азыр тилин тишине катып, бийликке каш кайрый албай отурушат".
Украинага Орусия 24-февралда басып кирген. Айыгышкан салгылашуу ушу тапта негизинен өлкө чыгышында жүрүүдө. Киев орус армиясы 20 миңден ашуун аскерин жоготконун билдирсе, Москва чоң жоготууга учурганын мойнуна алганы менен, так санын айта элек. Орус жарандыгын алып, армияда кызмат өтөп жүрүп, Украинада набыт болгон эки кыргызстандыктын сөөгү түпкү мекенинде жерге берилди.