Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:23
Угледар.
Угледар.

Украинанын 15 облусу аткыланды

Украинада согуш башталганына эки жарым жыл болду.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан.

23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, анын жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.

05:33 26.2.2022

Жума күнү кечинде жана ишембиге караган түнү Орусиянын күчтөрү Украинанын бир катар аймактарындагы объекттерге сокку урууну улантты.

Киевде болжолдуу аба чабуулдарына байланыштуу сирена угулуп жатты. Айрым райондордо жарылуу жана атышуу болуп жатканын социалдык тармактарда жарыяланган видеолор көрсөттү.

Украин баш калаасынын түндүк-чыгышындагы ТЭЦ-6 жылуулук электр борбору жайгашкан райондо бир нече жарылуу болгону кабарланды. Кандайдыр бир кыйроо же жоготуулар тууралуу маалымат жок.

Хмельницк облусунун Староконстантинов шаарындагы аэродромго да чабуул коюлду. Аба соккуларынан улам Николаев шаарындагы күйүүчү май кампасын өрт чулгаганы кабарланды.

Орусиянын Коргоо министрлиги Украинанын түштүгүндөгү Мелитополь шаары орус күчтөрүнүн колуна өткөнүн билдирди. Бирок бул маалыматты украин тарап толук ырастай элек.

Орусиянын Украинага чабуулу 24-февралдын таңынан бери уланууда. Москва Украинадагы “демилитаризацияны” токтотууну көздөрүн, Киевдин НАТОго мүчө болушуна каршы экенин билдирип жатат. Украин бийлиги Орусиянын кол салышын ачык эле согуш деп мүнөздөөдө. Мындан улам Батыш өлкөлөрү Орусияга, анын ичинде президент Владимир Путиндин өзүнө да санкция салды.

Киевдеги түндө болгон атышуу

07:39 26.2.2022

Орусия Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешинде Москванын Украинага кол салышын айыптаган резолюциясынын долбооруна вето койду.

Кошмо Штаттар жана Албания биргелешип даярдаган резолюцияны кеңештин 11 мүчөсү колдоду. Кытай, Индия жана Бириккен Араб Эмирлиги добуш берүүдөн карманды.

Бул резолюциянын долбоорунда Орусия Украинага каршы “агрессиясын” көрсөткөнү, Москва аскерлерин тез арада украин жергесинен чыгарып кетиши керек экени жазылган.

07:56 26.2.2022

Орусиянын күчтөрү Киевдин Троещина районунда жайгашкан ТЭЦ-6 жылуулук электр борборуна чабуул коюп жатат. Бул тууралуу Украинанын Атайын коммуникация жана маалыматты коргоо боюнча кызматы Киев убактысы боюнча түнкү саат 2:30 чамасында билдирди.

Маалыматка ылайык, Киевдин айрым аймактарында учурда жарылуунун добушу угулууда. Муну Телеграмдагы каналдарга жарыяланган видеолор да күбөлөп жатат.

Расмий маалыматка ылайык, украин баш калаасынан 30 чакырым алыстактагы Васильков аймагында орус десанттары конууга аракет кылып жатат. Украинан куралдуу күчтөрү каршылык көрсөтүүдө.

Президент Владимир Зеленский түн жарымын утурлай жарыялаган видео кайрылуусунда орус күчтөрү чабуул койгону жатканын, Киевди колдон чыгарбаш керектигин, түн оор өтөрүн эскерткен.

09:06 26.2.2022

Украина тарап Киевдин Жеңиш аянтында аскердик бөлүккө жасалган чабуулдун мизи кайтарылганын жазды.

Жоготуулар тууралуу маалымат жок. Киевдин башка райондорундагы жардыруу жана атышуулар болуп жатканы тууралуу кабарлар тарап жатат.

Украиналык ЖМК Херсон районундагы кармаш тууралуу кабарлап, шаар кайрадан Украинанын куралдуу күчтөрүнүн колуна өткөнүн жазууда. Башка булактар бул маалыматты тактаган жок.

Рейтер агенттиги тараткан спутниктен тартылган сүрөттөрдө Украина менен чектеш Беларустун түштүгүндө аскерлер жана 150 транспорттук тик учак турганын көрүүгө болот.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG