Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:15
Угледар.
Угледар.

Украинанын 15 облусу аткыланды

Украинада согуш башталганына эки жарым жыл болду.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан.

23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, анын жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.

10:28 26.2.2022

Украинадагы кыйроолор жана орус аскерлери.

10:33 26.2.2022

Харьковдо аба коркунучу тууралуу эскертүү жарыяланды.

10:49 26.2.2022

Британиянын Коргоо министрлиги Украинадагы куралдуу кагылышуунун жүрүшү тууралуу

Британиянын аскер мекемеси чалгын булактарына таянып Украинадагы окуялар тууралуу ишенимдүү делген маалыматтарды жарыялады.

Азыркы учурда булар:

  • Орусиялык аскерлер өткөн суткада ар кайсы багытты көздөй жылууда, бирок Украинанын куралдуу күчтөрүнүн катуу каршылыгына кабылууда.
  • Орусиялык аскер техникалары Киевге карай ар кайсы багыт менен жылып, шаарды курчоого алууга аракет кылууда.
  • Орусия Мариупол жана Мелитопол ортосундагы деңиздин жээгине аскерлерин жайгаштырышы мүмкүн.
  • Украинанын бийлиги бардык ири шаарларда көзөмөлдү сактап турат.

10:56 26.2.2022

Николаев шаары Украинанын аскер күчтөрүнүн көзөмөлүндө турганын Николаев облустук администрациясынын башчысы Виталий Ким билдирди.

"Николаевди коргоп калдык. Абадан коргонуу күчтөрү чабуулдун мизин кайтарды", - деди ал.

Анын айтымында абадан коргонуу күчтөрү орусиялык десанттардын Очаковго конуусуна жол берген жок.

Жума күнү кечинде жана ишембиге караган түнү Орусиянын күчтөрү Украинанын бир катар аймактарындагы объекттерге сокку урууну улантты.

Киевде болжолдуу аба чабуулдарына байланыштуу сирена угулуп жатты. Айрым райондордо жарылуу жана атышуу болуп жатканын социалдык тармактарда жарыяланган видеолордон көрүүгө болот.

Украинанын баш калаасынын түндүк-чыгышындагы ТЭЦ-6 жылуулук электр борбору жайгашкан райондо бир нече жарылуу болгону кабарланды. Кандайдыр бир кыйроо же жоготуулар тууралуу маалымат жок.

Хмельницк облусунун Староконстантинов шаарындагы аэродромго да чабуул коюлду. Аба соккуларынан улам Николаев шаарындагы күйүүчү май кампасын өрт чулгаганы кабарланды.

Орусиянын Коргоо министрлиги Украинанын түштүгүндөгү Мелитопол шаары орус күчтөрүнүн колуна өткөнүн билдирди. Бирок бул маалыматты украин тарап толук ырастай элек.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG