Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:17
Угледар.
Угледар.

Украинанын 15 облусу аткыланды

Украинада согуш башталганына эки жарым жыл болду.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан.

23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, анын жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.

03:15 26.2.2022

НАТО Орусиянын Украинага кол салышына байланыштуу ыкчам чара көрүүчү күчтөрүнүн бир бөлүгүн биринчи жолу жамааттык коопсуздукту камсыз кылуу максатында Чыгыш Европадагы өз өнөктөштөрүнүн аймагына жөнөтөт. Бул тууралуу Түндүк атлантикалык альянстын баш катчысы Йенс Столтенберг уюмдун 25-февралдагы жыйынынан кийин айтты.

Ал канча аскер жөнөтүлөрүн так белгилеген жок. Бирок “миңдеген” күчтөр жөнүндө сөз болуп жатканын ишарат кылды. Алардын арасында жөө аскерлер, деңиз жана аба күчтөрүндө кызмат өтөгөн жоокерлер бар.

НАТОнун саммитинин жыйынтыгында Орусиянын Украинадагы чабуулу соңку ондогон жылдардын ичинде чөлкөмдөгү коопсуздукка шек келтирген эң чоң коркунуч катары мүнөздөлдү.

АКШнын президенти Жо Байден НАТОнун ыкчам чара көрүүчү күчтөрүн активдештиргенин кубаттап, Москванын “Батышты бөлүп-жаруу аракети ишке ашпай калганын” билдирди.

Буга чейин Эстонияда, Литвада, Латвияда жана Польшада НАТОнун 5 миңдей аскери бар эле. Бирок соңку үч айдын ичинде Түндүк атлантикалык альянстын бул өлкөлөрдөгү аскерлеринин саны көбөйдү.

04:24 26.2.2022

Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин басма сөз катчысы Сергей Никифоров Киев Орусиянын тынчтык сүйлөшүүлөрдү өткөрүү тууралуу сунушун четке какканы тууралуу маалыматтар негизсиз экенин айтты. Ал Украина куралдуу кагылышууну токтотууну жана тынчтыкты орнотууну көздөгөн сүйлөшүүлөргө даяр экенин “Фейсбуктагы” барагына жазды.

“Биз орус президентинин сунушуна макул болдук. Учурда тараптар сүйлөшүү процессинин убактысын жана жерин тактап жатышат. Сүйлөшүүлөр канчалык эрте башталса, кадыресе турмушту калыбына келтирүүгө ошончолук көбүрөөк мүмкүнчүлүк болот”, - деп жазды Никифоров.

Буга чейин Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков орус президенти Владимир Путин сүйлөшүүлөрдү Минскте өткөрүүгө макул болгонун маалымдаган. Ал ошондой эле Киев мындай диалогду Варшавада уюштурууну сунуш кылганын, украин тарап кийинчерээк жооп бербей калганын кошумчалаган.

Орусиянын Украинага чабуулу 24-февралдын таңынан бери уланууда. Ушул тапта куралдуу кагылышуулар баш калаа Киев баштаган бир катар шаарларда жүрүп жатат.

04:43 26.2.2022

Украинанын президенти Владимир Зеленский 25-февралдын жыйынтыгын чыгарган видео кайрылуусунда украин армиясы орус күчтөрүнө каршы бардык фронтто согушуп жатканын айтты. Ал бир канча шаарда кагылышуулар уланып жатканын, Орусиянын армиясы Украинанын жайкын тургундар жашаган аймактарына, анын ичинде бала бакчаларга да сокку уруп жатканын белгиледи. Буга чейин орус бийлиги жөн-жай тургундар бутага алынбаганын билдирген болчу.

“Бүгүнкү түнү алар чабуулга өтүшөт. Баарыбыз бизди эмне күтүп турганын түшүнүшүбүз керек. Түндөн аман-эсен чыгышыбыз зарыл. Учурда Украинанын тагдыры чечилип жатат. Ар бир жаран болушунча этият болушу керек. Бири-бириңерге жардам бергиле”, - деди Зеленский.

Ал украин эли Киевди колдон чыгарбашы керек экенин, жайкын тургундар атайын баш калкалоочу жайларга барышы зарылдыгын айтты. Ошондой эле ыктыярдуу кошуундардын катарына кошулган жарандарды орус күчтөрүн колдон келишинче токтотууга, алар жолго калтырып кеткен ар кыл белгилерди өчүрүүгө үндөдү.

“Түн оор болот. Абдан оор болот. Бирок таң атат”, - деди Зеленский.

Ал жума күнү Франциянын президенти Эммануэл Макрон, немис канцлери Олаф Шольц жана АКШнын президенти Жо Байден сыяктуу Батыш өлкөлөрүнүн бир катар лидерлери менен сүйлөшүп, Украинага көрсөтүлө турган жардам тууралуу макулдашканын кошумчалады. Ошондой эле Тбилиси шаарында Украинага тилектештик иретинде жүрүшкө чыккан жүздөгөн грузин жарандарына ыраазычылыгын айтты.

05:08 26.2.2022

АКШ менен Канада Орусиянын президенти Владимир Путинге жана тышкы иштер министри Сергей Лавровго санкция салууну чечти.

Вашингтондун мындай чечимин Ак үйдүн басма сөз катчысы Жен Псаки 25-февралда жарыялап, санкциянын алкагында Путин менен Лавровдун чет өлкөлөргө сапарларына чектөө коюларын ишарат кылды. Санкциянын чоо-жайы жакынкы сааттарда белгилүү болмокчу.

Орус президенти Владимир Путин жана тышкы иштер министр Сергей Лавров.
Орус президенти Владимир Путин жана тышкы иштер министр Сергей Лавров.

Канада Путин менен Лавровго санкция салганын өлкөнүн премьер-министри Жастин Трюдо жарыялап, расмий Оттава Орусияны SWIFT аттуу банктар арасындагы акча которууну камсыз кылган глобалдык системадан ажыратуу демилгесин да колдой турганын айтты.

Буга чейин Евробиримдик жана Улуу Британия Орусиянын президентин жана башкы дипломатын “кара тизмеге” киргизүү чечимин кабыл алган. Мындай чарага Москванын Украинага кол салганы себеп болду.

Орусия 24-февралда Донбасста "атайын аскердик операция уюштуруу" деген жүйө менен Украинага чабуул койгон. Андан бери орус армиясы Украинанын бардык аймактарында аткылоосун жана бомбалоосун улантууда.

Москва Украинадагы “демилитаризацияны” токтотууну көздөрүн, Киевдин НАТОго мүчө болушуна каршы экенин билдирип жатат. Украин бийлиги Орусиянын кол салышын ачык эле согуш деп мүнөздөөдө.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG