Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:32
Угледар.
Угледар.

Украинанын 15 облусу аткыланды

Украинада согуш башталганына эки жарым жыл болду.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан.

23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, анын жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.

19:53 25.2.2022

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен Орусиянын өкмөт башчысы Михаил Мишустин Орусияга салынган санкциялардын шартында экономикалык байланыштарды жана соода алакаларды сактап калуу жолдорун талкуулашты. Бул тууралуу Казакстандын президентинин маалымат кызматы 25-февралда билдирди.

Мишустин 24-февралда Казакстандын баш калаасы Нур-Cултанга Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынына барган. Ал эми Федерация кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко Дүйшөмбүгө барып, Тажикстандын бийлиги менен соода-экономикалык алакаларды талкуулады.

Анын айтымында, эки өлкөнүн соода алакасы 2021-жылы 45% көтөрүлгөн.

Матвиенко Орусия Батышка жооп катары санкцияларды киргизерин билдирди. Ошондой эле жакын арада президент Владимир Путин Дүйшөмбүгө барарын кошумчалады.

20:01 25.2.2022

Орусиянын президенти Владимир Путин Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин сүйлөшүү өткөрүү тууралуу сунушуна жооп берип, ал диалогду Беларустун борбору Минск шаарында уюштурууну демилгеледи. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Дмитрий Песков журналисттерге билдирди.

"РИА-Новости" маалымат агенттиги жазгандай, Кремл Минксиге делегация жөнөтүүгө даяр. Анын курамына президенттик администрациянын, Коргоо министрлигинин жана Тышкы иштер министрлигинин өкүлдөрү кирет.

22:45 25.2.2022

Украинанын Коргоо министрлиги Орусиянын кеңири масштабдагы ачык кол салуусунан бери 2800 орус жоокерин жок кылганын кабарлады. Бул тууралуу мекеменин расмий сайтындагы маалыматка таянуу менен “Азаттыктын” украин кызматы жазды.

Билдирүүдө 25-февраль, саат 15:00гө карата Орусиянын 80 танкы, 516 чопкутталган автоунаасы, 10 учагы жана жети тик учагы жок кылынганы кабарланат.

Орусиянын бийлиги бул маалыматтарды ырастап же төгүндөй элек. Бул өлкөнүн Коргоо министрлиги өзүнүн жоготуулары жана курмандыктары боюнча маалымат берген эмес. Алар мурдараак Украинанын 100дөн ашуун аскердик объектисин талкалаганын гана тактаган.

22:46 25.2.2022

Орусиянын президенти Владимир Путин кайрадан видео кайрылуу таратып, украин аскерлерин төңкөрүш жасоого жана Киевде бийликти алууга үндөдү. Ал Украинанын азыркы бийлигин улутчул деп атап, аларга караганда армия менен тил табышуу жеңилирээк болорун маалымдады.

Мунун алдында Украинанын президенти Владимир Зеленский Путин менен сүйлөшүү баштоону сунуштаган. Орус президенти буга макулдук берип, диалогду Беларустун борбору Минск шаарында уюштурууну демилгелеген. Ага расмий Киев алгач макул болуп, кийин сүйлөшүүнү Варшавада өткөрүүнү талап кылган. Тараптар азырынча бир пикирге келише элек.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG