Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:35
Угледар.
Угледар.

Украинанын 15 облусу аткыланды

Украинада согуш башталганына эки жарым жыл болду.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан.

23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, анын жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.

17:07 25.2.2022

Киевдеги бомбадан калкаланган эл.

18:48 25.2.2022

Украинанын президенти Владимир Зеленский кезектеги видеокайрылуусунда Орусиянын өз өлкөсүнө басып кирүүсүн “Европага карата согуш” деп атап, айыптады. Сөзүнүн соңунда ал орусча сүйлөп, Орусиянын президенти Владимир Путин менен сүйлөшүү баштоону сунуштады.

“Украинанын бардык аймагында атышуу жүрүп жатат. Адам өлүмүнүн алдын алуу үчүн келгиле сүйлөшүү үстөлүнө отуралы”, - деди Зеленский.

Ал буга чейин да Путин менен эки тараптуу же бир нече тараптуу сүйлөшүү өткөрүүнү сунуштаган.

Мунун алдында Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Украинанын Куралдуу күчтөрү куралын таштаса гана Москва сүйлөшүүгө барарын билдирген.

19:16 25.2.2022

Украинада чыңалган абалдан улам бул өлкөдөгү кыргызстандыктар түндү кооптонуу менен өткөрүшкөн. Айрымдары жергиликтүү тургундар менен бирге метро жана жертөлөдө баш калкалап жатканын жазышууда.

Украинадагы чыңалган кырдаалдан улам ал жактагы кыргызстандыктарга байланышуу кыйынчылык жаратууда. "Азаттык" менен кабарлашкан айрым мекендештер баш калкалоо үчүн метро жана жертөлөдө жашынып жатканын айтышууда.

19:25 25.2.2022

Орус армиясы Киевге чабуулун күчөткөнү кабарланууда. Согуштун биринчи күнү эле 137 украин аскери курман болду. Орус күчтөрү кандай жоготууга учураганы так белгисиз. АКШ, Британия, Евробиримдик Москвага жаңы санкцияларды киргизди. Украина бул чаралар жетишсиз экенин эскертүүдө.

25-февралга караган түнү Украинанын баш калаасынын бир нече району артиллериялык аткылоого жана ракета чабуулуна кабылды. Киевдин тургундарынын бир бөлүгү метро станцияларында жана убактылуу баш калкалоочу жайларда таң атырды.

Орусиянын Коргоо министрлиги шаардагы аскердик объекттерди гана бутага алганын билдиргени менен ракеталар жайкын тургундар жашаган көп кабатуу үйгө да тийди. Расмий маалыматка ылайык, бул үйдө 150 тургун эвакуацияланып, сегиз киши жараат алды.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG