Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:25
Угледар.
Угледар.

Украинанын 15 облусу аткыланды

Украинада согуш башталганына эки жарым жыл болду.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан.

23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, анын жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.

16:43 25.2.2022

Украинанын деңиз күчтөрүнүн жетекчилиги матрос Виталий Владимирович Скакун Херсон​до баатырларча курман болгонун билдирди. Ал орус танктары өтө турган болгондо көпүрөнү жардырып, өтүүгө мүмкүнчүлүк берген эмес.

"Танк колоннасын токтотуу үчүн автоунаалар өтчү көпүрөнү жардыруу керек болчу. Бул тапшырманы атайын батальондун инженери Скакун Виталий Владимирович аткарды. Көпүрөгө мина коюлгандан кийин ал кетүүгө үлгүрбөй калды. Виталий байланышка чыгып көпүрөнү жардыра турганын айтты. Дароо жарылуунун үнү чыкты. Биздин жолдош курман болду" деп айтылат Украинанын деңиз күчтөрү тараткан маалыматта.

16:48 25.2.2022

Киевдеги атышуу жана кагылышуу болуп жаткан аймактардын картасы.

16:51 25.2.2022

Орусиянын аскерлери Украинанын аймагына кирген күнү орусиялыктар 111,3 млрд. рублди чыгарып алган.

Бул тууралуу РБК басылмасы Орусиянын Банкына таянып билдирди. Бул пандемиядан бери эң жогорку көрсөткүч. 24-февралда социалдык тармактарда банкоматтардын жанындагы кезек күткөндөр жана акча чыгаргандар тууралуу маалымат тарай баштаган.

16:58 25.2.2022

Орусия британиялык учактарга өзүнүн аба мейкиндигинде учуусуна тыюу салды. Бул тууралуу “Росавиация” аба транспортунун федералдык агенттиги кабарлады.

Чектөө 25-февралдан баштап күчүнө кирди. Британ учактары Орусиянын аймагынан учуп өтө албайт.

Мунун алдында Британиянын бийлиги Орусиянын Украинага басып киришине байланыштуу Москвадан күн сайын Лондонго каттаган "Аэрофлот" компаниясына тыюу салган. Мындан сырткары ушул эле каттам аркылуу British Airways компаниясы учактарын учурчу.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG