Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:21
Угледар.
Угледар.

Украинанын 15 облусу аткыланды

Украинада согуш башталганына эки жарым жыл болду.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан.

23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, анын жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.

15:43 25.2.2022

Украинанын президенти Владимир Зеленский Британиянын премьер-министри Борис Жонсон менен сүйлөшүү жүргүзгөнүн жазды. Бүгүн Украина өнөктөштөрдүн колдоосуна муктаж экенин белгилеп, дүйнөнү Орусияга катаал санкцияларды салууга чакырды.

15:49 25.2.2022

Бүгүн, 25-февралда Орусиянын Бишкектеги элчилигинин алдында отузга жакын киши Украинаны колдогон акция өткөрдү. Ушул эле күнү Ош шаарындагы Орусиянын Башкы консулдугунун алдында дагы ушундай акция болду.

Украинадагы согушту токтотуу талабы менен митингге чыккандар. 22-февраль, 2022-жыл.
Украинадагы согушту токтотуу талабы менен митингге чыккандар. 22-февраль, 2022-жыл.

Акцияга чыккандар "Согушка жол жок!", "Тынчтык үчүн!", "Алдоону жана өлтүрүүнү токтот!" деген жазууларды кармап турушту. Украинаны колдогон акция 24-февралда дагы Бишкек шаарында өткөн.

16:28 25.2.2022

Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Украинанын Кыргызстандагы элчиси Валерий Жовтенко менен жолугушту. Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы жолугушуу 24-февралда болгонун кабарлады.

Элчи министрге Украинадагы абал жөнүндө маалымат берген. Казакбаев конфликт жакын арада жөнгө салынарына ишеним артып, абалды курчуп кетпеши үчүн эл аралык уюмдардын аянтчасында жана Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинде дипломатиялык жол менен сүйлөшүү зарылдыгын белгилеген.

Украинанын президенти Владимир Зеленский 25-февралда таңга маал жасаган билдирүүсүндө 24-февралдагы кармашта украиналык 137 аскер каза болгонун билдирген. Жайкын тургундар арасындагы курмандыктар так эмес.

16:36 25.2.2022

Херсон чабуулга кабылды

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG