Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:27
Угледар.
Угледар.

Украинанын 15 облусу аткыланды

Украинада согуш башталганына эки жарым жыл болду.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан.

23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, анын жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.

12:09 25.2.2022

Абадан болчу коркунучтан улам шаар тургундары Киев метросунда баш калкалоодо.

14:07 25.2.2022

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) Украинада аба каттамдары токтогондуктан ал аймактагы кыргыз жарандарын эвакуациялоо аракети жүрүп жатканын маалымдады. Учурда Кыргызстандын Украинадагы элчилигине мекенине кайтууну каалаган 300 кыргызстандык кайрылган.

Тышкы саясат мекемесинин маалыматында, Украинада ушул тапта 1357 кыргыз жараны бар, алардын 680и консулдук каттоодон өткөн. ТИМ учурда негизги максат кыргыз жарандарынын коопсуздугун камсыз кылуу экенин белгилейт.

Кыргызстандын Украинадагы элчилигинин байланыш номурлары:

+380997573413,

+380442370346,

+380442370348

Тышкы иштер министрлигинин консулдук кызматынын номурлары:

+996 551 312 000

+996 703 428 865

+996 709 983 465

+996 554 065 215

15:31 25.2.2022

Украинанын президенти Владимир Зеленский 25-февралда калкка жаңы билдирүү менен чыгып, украиналыктарды орус агрессиясынан коргонууну улантууга чакырды. Ал Украина өзүн жалгыз коргоого аргасыз болуп жатканын айтып, Орусия санкцияларды тоготуп да койбогонун, а дүйнө болсо сырттан байкоо салып олтурганын билдирди.

“Кечээги санкциялар Орусияны ооздуктадыбы?! Биздин асманыбыздагы жана жерибиздеги окуялар булар жетишсиз экенин көрсөтүүдө”,-деди украин президенти.

Зеленский Орусия баары бир Украина менен диалогго келерин, ал сүйлөшүү канчалык эрте башталса ошончолук жакшы экенин эскертти. Сөзүнүн соңунда ал Орусиянын жарандарына орус тилинде кайрылып, Киевдин бомбаланып жатканын 1941-жылкы окуялар менен салыштырды.

Владимир Зеленский 25-февралда таңга маал жасаган билдирүүсүндө 24-февралдагы кармашта украиналык 137 аскер каза болгонун билдирген. Жайкын тургундар арасындагы курмандыктар так эмес.

15:40 25.2.2022

"Талибан" кыймылы (Кыргызстанда жана бир катар өлкөлөрдө экстремисттик деп табылган) Украинада жай тургундар арасында өлүм-житим болуп жатканына кабатыр экенин билдирди.

"Ооганстандын Ислам Халифаты" кризисти "диалог жана тынч жол" менен чечүүгө чакырды.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG