Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:30
Угледар.
Угледар.

Украинанын 15 облусу аткыланды

Украинада согуш башталганына эки жарым жыл болду.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан.

23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, анын жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.

09:59 25.2.2022

Украинанын президенти Владимир Зеленский 25-февралга караган түнү кезектеги видео кайрылуу менен чыкты. Анда Орусиянын Украинага жасаган чабуулдарында 137 адам набыт болгонун билдирди.

Зеленский Кара деңиздеги Змеиный аралындагы украин чек арачыларынын баары милдетин аткарып жатып окко учканын маалымдады. Ал Киевде орусиялык диверсиялык топ жүргөнүн, "душман биринчи кезекте аны бутага алса дагы шаардан кетпей турганын" айтты.

Зеленский украин жоокерлери "душмандын мизин кайтарды" деп белгиледи жана жарандарды комменданттык сааттын талаптарын сактоого чакырды.

Мунун алдында ал аскерге милдеттүүлөрдү жана запастагыларды жапырт армияга тартуу буйругуна кол койгон. Чек ара кызматы 18тен 60 жашка чейинки эркектерге өлкөнүн аймагынан чыгууга тыюу салынганын жарыялады.

Ал арада Польша Украина менен чектеш аймагында качкындарды кабыл алуу жайларын ачты. Украинадагы УНИАН маалымат агенттиги Польша Украина менен чек арасында качкындар үчүн тогуз бекет уюштурганын жазды.

10:36 25.2.2022

Киевдин шаардык администрациясы Киевдин эл жашаган районундагы үйгө атып түшүрүлгөн ракетанын сыныктары тийгенин ырастады.

"Үч адам каза таап, бирөө жарадар болду", - деп билдирди мэрия.

11:52 25.2.2022

"Киев орусиялык ракеталардын соккусуна кабылды. Мындай учур акыркы жолу 1941-жылы фашисттик Германия кол салганда болгон. Украина аны жеңген, азыр да жеңет. Путинди токтотуу керек. Орусияны изоляцияга алуу зарыл. Бардык байланышты үзүп, Орусияны четке сүрүп салуу керек".

11:54 25.2.2022

Киевде аба коркунучуна байланыштуу сирена жаңырууда.

Орусиялык ракета тийген үйдүн азыркы көрүнүшү.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG