Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:31
Угледар.
Угледар.

Украинанын 15 облусу аткыланды

Украинада согуш башталганына эки жарым жыл болду.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан.

23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, анын жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.

01:05 25.2.2022

Чернобыл атомдук электр станциясынын (АЭС) аймагы толугу менен Орусиянын оккупациялык күчтөрүнүн көзөмөлүнө өттү. Бул тууралуу Украинанын премьер-министри Денис Шмигал атайын басма сөз жыйынында билдирди.

“Айыгышкан кармашка карабай Чернобыл аянтчасын биз көзөмөлдөн чыгарып жибердик. Мурдагы атомдук электр станциясындагы объектилер, конфайнмент жана өзөктүк калдыктарды сактоочу жайлардын абалы белгисиз. Орусиялыктардын бул багыттагы эч бир маңызсыз чабуулдарынан кийин, ЧАЭСтин коопсуздугу жөнүндө кеп кылуу кыйын. Бул жер учурда Европадагы эң олуттуу коркунучтардын бири болуп калды”,- деди ал.

Мунун алдында Украинанын президенти Владимир Зеленский Орусиянын оккупациялык күчтөрү Чернобыл атомдук электр станциясын (АЭС) алууга аракет жасап жатышканын билдирген. Зеленский 1986-жылкы трагедия кайталанып кетпеши үчүн украин аскерлери жанын берип жатканын, эгер ал жерде кандайдыр бир кырсык орун алса, жалпы Европага кесепети тийерин эскерткен.

04:04 25.2.2022

АКШнын президенти Жо Байден 24-февралда Орусиянын Украинага кол салышы боюнча билдирүү жасап, Москвага жаңы санкциялардын топтому салынганын жарыялады.

Ал анын ичинде Орусиянын активи бир триллион доллардан ашкан ВТБ банкы Кошмо Штаттардын финансылык системасынан ажыратылганын кабарлады. Мындан сырткары СберБанк, "Газпромбанк", "Открытие", Совкомбанк жана Новикомбанкка дагы санкция салынды. Байден, жаңы чектөөлөр орус олигархтарына жана ал өлкөнүн технологиялык секторуна да терс таасир этерин кошумчалады.

“Путин согушту тандап алды. Ал жана Орусия мындан аркы кесепеттерди эми жон териси менен сезет. Бул санкциялар дароо жана убакыттын өтүшү менен орус экономикасына олуттуу таасир этет”,-деди Байден.

Жо Байден дүйнөдө бир өлкөдөн экинчи өлкөгө акча которууну ишке ашырган SWIFT системасынан Орусиянын банктарын ажыратуу азырынча күн тартибинде жоктугун ортого салды. Буга чейин украиналык жетекчилик орус банктарын куду ушул системадан чыгарып салууну Батыш өлкөлөрүнөн суранып жаткан.

Мунун алдында Канаданын, Британиянын жана европалык өлкөлөрдүн лидерлери да билдирүү жасап, Орусияга жаңы санкциялар салынганын жарыялашкан.

05:54 25.2.2022

Орусиянын чабуулдарынан 137 украиналык аскер курман болду. Бул тууралуу 25-февралга караган түнү Украинанын президенти Владимир Зеленский билдирди.

-316 аскер жарадар болду. Змеиный аралындагы баардык чек арачыларыбыз курман болду. Баарына Украинанын баатыры наамы ыйгарылат-деди Зеленский.

Анда мурда Орусиянын чабуулдарынан каза болгон жайкын тургундар тууралуу да маалыматтар чыккан. Алардын так саны жарыялана элек.

Ошону менен катар Зеленский аскерге милдеттүүлөрдү жана запастагыларды жапырт армияга тартуу буйругуна кол койду. Ал эми чек ара кызматы 18тен 60 жашка чейинки эркектерге өлкөнүн аймагынан чыгууга тыюу салынганын жарыялады.

Пентагондун маалыматына караганда, Орусия согуш жарыялаган убакыттан тарта 160тай ракета соккусун жүргүздү. Украинанын коргоо министри Алексей Резников Москва чабуулдардын жаңы толкунун даярдап жатканын билдирди.

06:31 25.2.2022

Акцияларга байкоо жүргүзүп келген «ОВД-Инфо» бейөкмөт уюму билдиргендей, 24-февралда Орусиянын 53 шаарында өткөн согушка каршы митингдерде 1700дөн көп кишини полиция кармап кетти.

Москвада 900, Санкт-Петербургда 400 адам кармалганын аталган уюм маалымдады.

Акцияга чыккандар «Согушка жок!» деген ураандарды чакырып, Орусиянын Украинага чабуулун токтотууну талап кылып жатышты.

Москвадагы митингди чагылдырып жаткан «Свобода» радиосунун үч кабарчысы кармалды. Видеодо алардын бири журналист экенин айтып жатса да, полиция кармап баратканын көрүүгө болот. Журналистти тартип коргоочулар сүйрөп барып, автобуска тыгышкан.

«Эркин Европа/Азаттык» радиосунун президенти Жейми Флай "Орусия Украинага эч шылтоосуз кол салганы аз келгенсип, эми жарандарын маалымат алуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыратууну көздөп жатканын" билдирди. Ал ошондой эле журналисттердин кармалышын кеский айыптап, аларды токтоосуз бошотууга чакырды.

Ошондой эле башка маалымат каражаттарынын кабарчылары да кармалганы тууралуу кабарлар түштү.

Дүйнөнүн ондогон шаарларында Орусиянын Украинага басып кирүүсүн айыптаган, согушту токтотууга чакырган акциялар өттү.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG