Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:27
Угледар.
Угледар.

Украинанын 15 облусу аткыланды

Украинада согуш башталганына эки жарым жыл болду.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан.

23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, анын жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.

00:14 25.2.2022

Бул тууралуу Түркиянын Деңиз иштери боюнча мекемеси 24-февралда маалымат таратты. Анда Одессадан Румынияга жүк ташып бараткан түркиялык "Yasa Jüpiter" кемесине бомба тийгени, жараат алган же каза болгондор жок экени, кеме Кара деңиз менен Румыниянын жээгине жеткени айтылат.

00:15 25.2.2022

Украинанын президенти Владимир Зеленский Орусиянын оккупациялык күчтөрү Чернобыл атомдук электр станциясын (АЭС) алууга аракет жасап жатышканын билдирди. Бул тууралуу ал “Твиттердеги” баракчасына жазды.

Зеленский 1986-жылкы трагедия кайталанып кетпеши үчүн украин аскерлери жанын берип жатканын, эгер ал жерде кандайдыр бир кырсык орун алса, жалпы Европага кесепети тийерин эскертти.

Мунун алдында Украинанын ички иштер министринин орун басары Антон Геращенко кооптуу радиоактивдүү заттар көмүлгөн Чернобыл АЭСинин аймагына беларус аскерлери өтүүгө аракет кылып жатканын маалымдаган. Ал “эгер баскынчылар өзөктүк калдык сактоочу жайларды жардырып жиберсе, радиоактивдүү чаңдар Украинанын, Беларустун жана Европа Биримдигинин өлкөлөрүнүн аймагына тарайт” деп эскерткен.

Ага чейин Украинанын куралдуу күчтөрүнүн башкы командачысы Валерий Залужный соңку кырдаал боюнча билдирүү таратып, Беларустун аймагынан украин жергесине төрт баллистикалык ракета атылганын кабарлады.

00:25 25.2.2022

Орус куралдуу күчтөрү 24-февралда жасаган чабуулдарынын жүрүшүндө Украинанын кургактыктагы 74 аскердик объектисин иштен чыгарганын билдирди. Бул тууралуу Орусиянын Коргоо министрлигинин расмий өкүлү Игорь Конашенков Москвадагы атайын басма сөз жыйынында билдирди.

“РИА-Новости” маалымат агенттиги жазгандай, Конашенков айткан объектилердин ичинде 11 Аба-коргонуу күчтөрүнүн аэродрому, 3 командалык пункт, 1 аскердик-деңиз базалык пункту жана 18 зениттик-ракеталык комплекстеринин радиолокациялык пункту бар.

Мурдараак Украинанын бийлиги Орусиянын куралдуу күчтөрүнө таандык танктарды, тик учактарды жана башка аскердик техникаларды жок кылганын маалымдаган.

00:26 25.2.2022

Орусия 24-февралда таң эрте билдирүү жасап, Донбасста атайын аскердик операция баштады. Ушу тапта Украинанын бир нече аймагында салгылышуу жүрүп жатканы кабарланууда. Украин бийлиги жана бир катар өлкөлөр Орусиянын чабуулун айыптап жатат. Бир нече аптадан бери сөз болуп келе жаткан согуш коркунучу учурда дүйнө назарында турат. Жаңжалдын таасири Кыргызстанга сезилип, валюта базарында олку-солкулук орун алды.

Украинадагы согуш: Кесепети жана таасири
please wait

No media source currently available

0:00 0:50:26 0:00

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG