Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:18
Угледар.
Угледар.

Украинанын 15 облусу аткыланды

Украинада согуш башталганына эки жарым жыл болду.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан.

23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, анын жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.

16:52 24.2.2022

Орусиянын Украинага бастырып киришине байланыштуу Молдованын президенти Майя Санду өз өлкөсүндө өзгөчө абал режимин жарыялады. Бул тууралуу ал 24-февралда кабарлады.

Ал Өзгөчө кырдаалдар комитети түзүлгөнүн, ал Украинадан кайткан качкындарды кабыл алып, аларга жардам берүү иштерин жүргүзөрүн айтты. Молдованын бийлиги коңшу Украинага аба каттамын токтотуп, ал жактагы өз жарандарын тез арада артка кайтууга чакырды.

16:59 24.2.2022

Чехиянын президенти Милош Земан элге кайрылуу менен чыкты. Ал орусиялык агрессияны айыптап, Украинага колдоосун билдирди. Кремлге катуу санкция салуу керектигин айтып, Орусияны эл аралык финансылык SWIFT​ коммуникациясынан чыгарууга чакырды. "Акылдан айныгандарды изоляцияга алуу керек", - деди чех президенти.

Земандын сөзү Чехияда күтүүсүз билдирүү катары бааланды. Бул өлкөнүн президенти Кремлге көзү түз европалык саясатчы катары таанымал. Мындан бир нече күн мурда Земан Орусиянын Украинага бастырып киришине ишенбей турганын айткан. Чех президенти бул сөзү жаңылыштык болгонун азыркы билдирүүсүндө белгиледи.

17:12 24.2.2022

Орусиянын ракеталык чабуулдарынан улам Украинанын куралдуу күчтөрүнүн 40тан ашуун кызматкери каза болду, ондогон жоокер жараат алды. Бул тууралуу Украинанын президентинин кеңешчиси Алексей Арестович 24-февралда атайын брифингде кабарлады.

Мурдараак Одесса облусунда аскердик бөлүктү бомбалоодон улам алты адам мерт болгону кабарланган. Мариуполдогу ок атуудан бир киши каза тапкан. Херсондо үч чек арачы каза болду, Уманда бир киши өлдү. Харьковдо көп кабаттуу үйгө тийген артиллериялык аткылоодон жаш баланын өмүрү кыйылды. Жаракат алган жайкын тургундар ондоп саналат.

Украина: Орус аскерлеринин огунан жабыркаган эл
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:55 0:00

17:15 24.2.2022

Күбөлөр Киевде Бровары району ракеталык соккуга кабылганын билдирди. Эртең менен бул райондогу аскердик объектке чабуул болгон. УНИАН агенттиги дагы Киевдеги жаңы жардыруулар тууралуу кабарлады.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG