Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:22
Угледар.
Угледар.

Украинанын 15 облусу аткыланды

Украинада согуш башталганына эки жарым жыл болду.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан.

23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, анын жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.

17:19 24.2.2022

Орусиянын Бишкектеги элчилигинин алдында Улан Үсөйүн баштаган бир нече жарандык активист Украинаны колдогон акция өткөрүүдө. Алар колдоруна “Украинага даңк!”, “Тынчтык керек!”, “Согушка жол жок!” деген жазууларды кармап турушат.

Азырынча элчиликтен аларга эч ким чыккан жок. Ушундай эле акция бүгүн эртең менен дагы өткөн.

17:50 24.2.2022

Украинанын президенти Владимир Зеленский өлкөнүн Куралдуу күчтөрү Орусиянын армиясынын чабуулуна татыктуу жооп кайтарып, кармаш өлкөнүн дээрлик бардык аймагында уланып жатканын билдирди.

24-февралдагы атайын брифингде ал аскерлер жардамга муктаж экенин кошумчалап, Украинанын суверенитетин коргоону каалаган жарандардын баарына курал таратыла баштаганын белгиледи.

“Биздин элдин келечеги азыр ар бир жарандан көз каранды. Курал кармоо тажрыйбасы бар ар бир киши Украинаны коргоого кошулса болот. Бул үчүн алар тиешелүү борборлорго келиши керек. Ички иштер министрлиги мамлекетти коргоо үчүн ардагерлерди да тарта баштады”, - деди ал.

18:33 24.2.2022

Харьковдо жок кылынган орусиялык аскердик техника

18:38 24.2.2022

Киев облусунда Украинага караштуу аскердик-транспорттук учак кулады. Кырсык Жуково жана Триполье айылдарынын ортосунда болгон. Расмий органдар бортто 14 адам болгонун, анын бешөө каза тапканын билдирди.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG