Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:31
Угледар.
Угледар.

Украинанын 15 облусу аткыланды

Украинада согуш башталганына эки жарым жыл болду.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан.

23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, анын жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.

15:45 24.2.2022

Украинанын Ички иштер министрлиги Орусиянын чабуулунан жети жоокер каза болуп, 15и жарадар болгонун маалымдады. 20дай аскер дайынсыз болуп жатат.

Украинанын мамлекеттик чек ара кызматы Херсон облусунда үч чек арачы каза болгонун маалымдады. Мекеме орус тарап ракеталардан жана тик учактардан аткылап жатканын билдирүүдө.

Өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар боюнча мамлекеттик кызматы Харьков облусунда көп кабаттуу үйлөргө тийген снаряддардан жашы жете элек бир бала каза болгонун кабарлады. Турак жайдын башка жашоочулары эвакуацияланган.

15:54 24.2.2022

Динара Рыспаева: Киевден эч кайда кетпейбиз

"Азаттык" Киевде 30 жылдан бери иштеген дарыгер Динара Рыспаева менен байланышып учурдагы кырдаал тууралуу сурады.

Динара Рысбаева.
Динара Рысбаева.


- Динара айым, учурдагы абал тууралуу айтып берсеңиз? Эмне болуп атат?

- Азыр мен даярданып жатам, дарыканага чуркап барып керектүү дарыларды алайын дегем.

- Киевде абал кандай, элдин маанайы?

- Мен көчөгө чыга элекмин, кызым ит менен басып келди. Эл машине менен шаардан чыгып кетип жатканын байкаптыр, шаардын сыртындагы үйлөрүнө кетип жатат окшойт. Жалпысынан баары эле чочулап жатат.

- Шаарда жарылуулар угулуп жатабы?

- Жок, уккан жокмун, эртең менен жергиликтүү каналдагы жаңылыктардан айтышты. Бизден алыс эмес Васильковский деген көчөдө жарылуу болуптур. Турак үй, балкондору жабыркады деп уктум, бул бизден алыс эмес эле жерде. Ал жакка 15 мүнөттө эле жетсе болот.

- Сиз бир жакка кетейин деп ойлонгон жоксузбу?

- Жок, эч жакка барбайбыз.

- Сиздин тааныштарыңыз, досторуңузчу?

- Шаар сыртында үйү барлар кетип жатат. Кээ бири кадимкидей эле жашоосун улантып жумушка барууда. Бирок жалпысынан зарылдык болбосо сыртка чыкпай өзгөчө кырдаал абалында турабыз. Медицина кызматкерлери жана башка өзгөчө абалдагы жумушчулар ар дайым даярдыкта болуп турушу керек. Менин ишим башка тармакта болгондуктан, бүгүн жумушта эмесмин. Бейтаптарга бүгүн мага келбегиле деп айтып койдум.

- Коркуп жатасызбы?

- Ооба, биринчи укканда киши коркот экен. Бирок баары эле дүрбөп, качып жүрөт деп айта албайм. Тескерсинче, эл кайра ачууланып, аягына чейин күрөшөбүз деген маанайда тургансыйт. Валюта базары абалга дароо эле реакция жасады. Чет элдик валютанын курсу дароо көтөрүлүп кетти. Жалпысынан жолдор жабылган, эл каякка кетмек эле?

- Абал мындан да курчуп кетсе эмне кыласыз?

- Айттым го, бул менин Мекеним, ушул жерде калам, өз жеримди коргойм. Кызым аймактык коргоо бөлүмүндө кайда барам?

16:14 24.2.2022

Украинанын президенти Владимир Зеленский Орусиянын чабуулуна байланыштуу Киев Москва менен дипломатиялык мамилесин үзгөнүн жарыялады.

Өз билдирүүсүндө ал Орусиянын кол салышын Германиянын СССРге кол салышы менен салыштырып, мындай өлкө менен карым-катнаш жасоого мындан ары мүмкүн эмес экенин билдирди.

Мунун алдында өлкөнүн күч кызматтары орус аскерлеринин кол салуусунан улам он чакты адам каза болгонун маалымдаган. Алардын ичинде жайкын тургундар да бар.

Ушул тушта Украинанын борбору Киев баштаган шаарларда, Краматорск, Харьков, Донецк жана башка облустарда, чек арадагы аймактарда жардыруу, аткылоо тууралуу маалыматтар тарап жатат. Украинанын Ички иштер министрлиги аскердик башкармалыктарга, аэродромдорго, аскердик кампаларга жана чек ара пункттарына ракеталык октор атылганын ырастады.

16:34 24.2.2022

Киевдеги урандылар. Эл аралык Бориспол аэропортунун учуу-конуу тилкесинин дээрлик үч чакырым алыс Васильковский көчөсү бүгүн түнү ракеталык соккуга кабылды.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG