Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:16
Угледар.
Угледар.

Украинанын 15 облусу аткыланды

Украинада согуш башталганына эки жарым жыл болду.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан.

23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, анын жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.

15:14 24.2.2022

15:15 24.2.2022

Батыш өлкөлөрү Орусиянын Украинага карата аскердик операцияларын кескин айыптап, ага жооп чараларды даярдап жатканын билдиришти.

АКШнын президенти Жо Байден атайын билдирүү жасап, Москванын аракеттерин негизсиз чабуул деп атады.

“Президент Путин өтө көп адамдык курамандыктарга жана азаптарга алып келе турган согуштук жолду тандап алды. Анын баарына эми Орусия гана жоопкерчилик алат жана АКШ менен анын өнөктөштөрү бирдиктүү жана чечкиндүү жооп беришет. Дүйнө Орусияны жоопкерчиликке тартат”,-деди Кошмо Штаттардын президенти.

Жо Байдендин сөзүнө караганда Вашингтон жана анын өнөктөштөрү Орусияга каршы санкцияларды кабыл алат. Ошондой эле Түндүк Атлантикалык альянска болчу коркунучту алдын алуу үчүн бирдиктүү жооп чара болот. Ал кандай чаралар экени азырынча айтыла элек.

АКШнын президенти мунун алдында Украинанын президенти Владимир Зеленский менен телефондон сүйлөшкөнүн, аларга жардам колун сунууга даяр экендиктерин кабарлады.

Евробиримдиктин өлкөлөрүнүн лидерлери бир нече сааттан кийин жолугуп, орус агрессиясына жооп берүүнү талкуулашары расмий айтылды. ЕБдин тышкы иштер мекемесинин жетекчиси Жозеп Боррел Евробиримдик Орусияга өтө катаал санкциялар пакетин саларын маалымдады. Ушундай эле катаал санкциялар маселесин британ премьер-министри Борис Жонсон да билдирди.

15:16 24.2.2022

Украинанын президенти Владимир Зеленский Орусиянын Украинага кол салуусуна байланыштуу дүйнөлүк лидерлерди Путинге каршы коалиция түзүүгө чакырды. Бул тууралуу ал Твиттердеги баракчасына жазып, АКШ президенти Жо Байденге, Германиянын канцлери Олаф Шольцко, Британиянын премьер-министри Борис Жонсонго, Польшанын президенти Анжей Дудага жана башка батыш өлкөлөрүнүн лидерлерине кайрылды.

“Путинди Украинага каршы, дүйнөгө каршы согушту дароо токтотууга чакырам. Путинге каршы коалиция түзөлү. Чукул санкцияларды салгыла, Украинаны коргоо жана финансылык колдогула. Аба мейкиндигин жапкыла. Дүйнө Орусияны тынчтыкка келүүгө мажбурлашы керек”, - деп жазды Зеленский.

15:29 24.2.2022

Түркиянын Anadolu маалымат агенттигинин кабарчысы Харьков облусундагы Чугуев шаарындагы көп кабаттуу үй аткылоого кабылганын билдирди. Сүрөттө карапайым тургундар арасында да каза тапкандар бар экенин көрүүгө болот.

Аткылоого кабылган үй аскердик аэродромго жакын. Буга чейин Орусиянын мамлекеттик ЖМКсы Чугуевдеги аэродромго чабуул жасалганын кабарлаган.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG