Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:29
Угледар.
Угледар.

Украинанын 15 облусу аткыланды

Украинада согуш башталганына эки жарым жыл болду.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан.

23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, анын жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.

14:40 24.2.2022

Киев аткылоодон кийин

14:55 24.2.2022

Лукашенко: Беларус аскерлери аскердик операцияга катышпайт

Беларус лидери Александр Лукашенко​ беларус аскерлери Орусиянын Украинага каршы аскердик операциясына катышпай турганын айтты.

"Мен азыр эле таңкы саат 5те Украинанын Орусия менен Беларуска чектеш аймагы аткылоого дуушар болгонун окудум. Шүмшүктөр десе. Биздин эч кандай аскерибиз бул операцияга катышпайт", - деп билдирди Лукашенко аскерлер менен жыйында.

Орусиялык жана беларустук аскерлер Беларустун аймагында ири масштабдуу машыгуу өткөрүшкөн. Ал бүткөндөн кийин орусиялык аскерлер беларус аймагында Донбасстагы "кырдаал курчуганына байланыштуу" деген жүйө менен калган. Бүгүн таңда Украинага Беларус чек арасы аркылуу танк бөлүгү киргени кабарланган.

14:57 24.2.2022

Черкаск облусундагы кампалардагы жарылуу. Борбордук Украина.

15:07 24.2.2022

Бишкек шаарындагы Орусия элчилигинин алдында бир нече адам Украинаны колдогон акция өткөрдү. Бул тууралуу “Баштан Башта” кыймылынын "Твиттердеги" баракчасында кабарланды. Социалдык тармактардагы айрым колдонуучулардын сүрөттөрүнөн элчиликтин алдында “Украинага даңк” деген баракчаларды кармап турган адамдарды көрүүгө болот.

Ушундай эле акция Казакстандын Алматы шаарында өтүп, полиция митингге чыккандарды кармап кетти.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG