Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:31
Угледар.
Угледар.

Украинанын 15 облусу аткыланды, Курахов багытында кармаш жүрүп жатат

Украинада согуш башталганына эки жарым жыл болду.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан.

23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, анын жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.

14:22 24.2.2022

Латвиянын электрондук массалык маалымат каражаттары боюнча улуттук кеңеши орус телеканалдарын көргөзүүгө тыюу салды. "Россия" каналы беш жылга, "Россия 24" төрт жылга чейин көрсөтүлбөйт. TV Centr International каталын үч жылга чейин ретрансляция кылууга тыюу салынды. Чечим бүгүнтөн баштап күчүнө кирет.

14:24 24.2.2022

Киевдеги кан жол шаардан чыгып кетүүгө умтулган жашоочулардын автоунааларына толду. Пьер Кромдун сүрөтү.

14:33 24.2.2022

Евробиримдиктин жетекчилиги Орусияны "болуп көрбөгөндөй изоляцияга" алууга убада берди

Еврокомиссиянын жетекчиси Урсула фон дер Ляйен жана европалык дипломатиянын башчысы Жозеп Боррелл ​түз эфирден учурда "Европа Экинчи дүйнөлүк согуштан кийинки эң караңгы сааттарды" баштан кечирип жатканын айтышып, Европа өлкөлөрү Орусиянын агрессиясына каршы биримдикти сактап каларын билдиришти.

Бүгүн ЕБ Москвага каршы жаңы, өтө катуу санкцияларды киргизет. "Орусия болуп көрбөгөндөй изоляцияда", - деп белгиледи Жозеп Боррелл. "Украина жеңет", - деп билдирди Урсула фон дер Ляйен.

14:35 24.2.2022

Украинанын ИИМнин кеңешчиси Антон Геращенко өлкөнүн 17 облусунда жарылуу жана аткылоо болгонун билдирди.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG