Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Апрель, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 21:37
Кривой Рог.
Кривой Рог.

Украина: Киевге ракета менен сокку урулду

Украинада согуш башталганына үч жыл толду.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан.

23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, анын жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.

12:08 15.3.2025

АКШнын президенти Дональд Трамп 13-мартта Орусиянын президенти Владимир Путин менен «жакшы жана жемиштүү» сүйлөшүүлөр жүргөнүн айтты. Америкалык лидер TruthSocial социалдык тармагына “кан төгүү токтойт деген жакшы мүмкүнчүлүк пайда болду” деп жазды.

«Ушул учурда миңдеген украиналык аскер орус армиясынын курчоосунда, өтө кооптуу шартта калды. Мен президент Путинден аларга ырайым кылууну, өмүрлөрүн сактоону өтүндүм”, - деп кошумчалады Трамп.

Бирок президенттердин жеке сүйлөшүүсү же Путиндин АКШнын атайын чабарманы Стив Уиткофф менен кездешүүсү тууралуу кеп болуудабы жогорудагы посттон түшүнүксүз.

Кремль мамлекет башчылардын жеке сүйлөшүүсү тууралуу азырынча кабарлаган эмес.

Путин бейшембинин кечинде Уиткофф менен жолукканын орус президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков билдирген.

Анын айтымында, орус тарапка кошумча маалымат берилип, Путин чабарман аркылуу АКШ президенти Дональд Трампка маалымат жана кошумча ишараттарды жөнөттү. Анын бул сөздөрүн РБК агенттиги келтирди.

Уиткофф АКШнын Украинада ок атууну убактылуу токтотуу сунушу менен тааныштырмак. Мунун алдында Киев 30 күндүк убактылуу жарашууга көнгөн.

13-мартта Путин түз эфирде журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып Украинадагы согушту, анын ичинде ок атышууну бир айга токтотууга даяр экенин билдирип, бир катар шарттарды койгон. Ал АКШнын жана Киевдин демилгесине бир топ суроолору бар экенин белгилеген.

Путин муну америкалык өнөктөштөрү менен талкууларын, "Трамп менен телефондон сүйлөшө турганын" кошумчалаган.

12-мартта Киев Украинадагы согушту токтотуу боюнча АКШнын планын колдогондон кийин Трамп эгер Москва Киев менен келишимге барбаса Вашингтон "Орусия үчүн кыйраткыч" аракеттерге барууга мажбур болорун эскерткен.

12:46 14.3.2025

Орусиянын борбору Москва шаары жана Подмосковье аймагы бул аптада экинчи ирет учкучсуз учактардын жана дрондордун чабуулуна кабылды. Жабыркагандар тууралуу азырынча маалымат жок.

Москванын мэри Сергей Собянин 14-мартта маалымдагандай, абадан коргонуу күчтөрү борбор калаага учуп келе жаткан төрт дронду атып түшүргөн.

ASTRA Телеграм каналы жана башка күбөлөр Түштүк Битца конушунун аймагында жарылуу болгонун кабарлашты, жарылуу тасмага түшүп калган.

Жарылуулар Балашихада да болгон, жергиликтүү тургундар дрондукуна окшогон сыныктарды табышкан.

Москвада көп кабаттуу үйлөрдүн биринин чатырында өрт чыкканы кабарланды.

Мурдараак Внуково аэропорту учактардын учуп-конуусуна убактылуу чектөө киргизгени маалымдалган.

Москва шаарына жана Москва облусуна учкучсуз учактардын чабуулу 11-мартта да болгон. 90дон ашуун дрон бута алган Подмосковьеде үч адам набыт болгон. Ал түнү аймакка жалпы 300дөй учкучсуз учак чабуул койгону кабарланган.

Чабуул тууралуу Украина комментарий бере элек.

12:45 14.3.2025

13-мартта Орусиянын президенти Владимир Путин түз эфирде журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, Украинадагы согушту, анын ичинде ок атышууну бир айга токтотууга даяр экенин билдирди. Орус президенти ошол эле кезде эки тарап тең эске алчу "жагдайлар" бардыгын кыйытты.

"Биз согуштук аракеттерди токтотуу боюнча сунуштарга макулбуз, бирок бул узак мөөнөттүү тынчтыкка жол ачкан жана кризистин баштапкы себептерин жок кыла тургандай болушу керек деп эсептейбиз", - деди орус президенти.

Путин АКШ менен Украина ортосундагы сүйлөшүүлөр "сыртынан караганда украин тарап Американын басымы астында чечим кабыл алып жаткандай көрүнүшү мүмкүн" деди. "Менин пикиримде, тескерисинче, украин тарап соңку кырдаалдан улам америкалыктардан муну суранышы керек болчу ".

Путин Курскиге барганын жана украин армиясы аймактан чегинип баратканын айтты. Аймакка кирип алган украин аскерлери обочолонуп, “Орусиянын куралдуу күчтөрүнүн аткылоосуна туш болду. Ушундай шарттарда украин тарап жок дегенде 30 күн элдешүүгө жетишкени жакшы, биз муну колдойбуз. Бирок "жагдайлар" бар", - деди Путин.

Орус лидери ал "жагдайларды" атап, бир катар суроолорду койду:

"Жалпы фронттогу кырдаал кандай чечилет? 30 күн кандай колдонулат? Бул маалда Украина мужбурлап мобилизация кылууну токтотобу? Ал жакка курал-жарак алып келүү үчүн колдонобу? Же мунун баары аткарылбайбы? Анда дагы бир суроо жаралат. Көзөмөл жана текшерүү маселеси кандай чечилет? Мындай эч нерсе болбойт деп кепилдик бере алабызбы? Мунун баары олуттуу суроолор. Согуштук аракеттерди токтотууга ким буйрук берет жана мындай буйруктардын баасы канча?".

Сөзүн жыйынтыктап жатып, орус президенти ок атышууну токтотуу аракетин колдой турганын бирок, бул тыкыр даярдыкты талап кыларын билдирди. Ал муну америкалык өнөктөштөрү менен талкууларын, "Трамп менен телефондон сүйлөшө турганын" кошумчалады.

Бейшемби күнү кечинде орус президенти Трамптын чабарманы Стив Уиткофф менен жолугары кабарланган.

15:37 13.3.2025

13-мартка караган түнү Орусиянын чабуулунан Украинанын Донецк облусунда кеминде үч киши набыт болуп, 14 адам жараат алды. Бул тууралуу аскер администрациясынын башчысы Вадим Филашкин билдирди. Анын айтымында, эки адам Мирноградда, дагы бири Покровскиде каза болду. Турак үйлөр жана башка имараттар жабыркады.

Херсон облусундагы Берислав шаарында дрон чабуулунан кеминде бир адам каза болуп, 85 жаштагы жаран жарадар болгонун жергиликтүү полиция башкармалыгы билдирди.

Өткөн түнү Украинанын Днепропетров облусу аба соккусуна кабылды. Облус губернатору Сергей Лысак тургундар арасында жабыркагандар бар экенин билдирди.

Маалыматка караганда, Днепр шаарына болгон чабуулда үч аял жабыркап, бир нече көп кабаттуу турак жай кыйрады.

Никопол районунда дрон чабуулунун кесепетинен жергиликтүү аял тургун жабыркады. Губернатордун маалыматына караганда, Самаров районунда турак үй, административдик бир нече имарат жана автоунаалар кыйрады.

Украин маалымат каражаттары Орусиянын бутасына Днепропетров облусунун темир жолу да туш болгонун жазышты.

Өткөн түнү Запорожье облусу да дрон чабуулу жана аткылоого кабылганы маалымдалды. Васильев районунда жергиликтүү тургун жабыркады. Облустун администрациясы бутага инфраструктуралык имараттар жана турак жайлар илингенин билдирди.

Орусиянын Коргоо министрлиги Днепропетровдогу жана Запорожьедеги соккулар боюнча комментарий бере элек.

Москва далилдерге карабастан үч жылдан ашкан согуш башталгандан бери эле жарандык жайларды бутага алганын танып келет.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG