Орусиянын армиясы 19-февралга караган түнү Украинанын Одесса калаасына "Шахед" дрондору менен сокку урду. Шаарда бир топ жардыруунун добушу угулуп, социалдык тармактарга айрым жерлерде өрт тутанганы тууралуу маалымат чыкты.
Одессанын мэри Геннадий Трухановдун айтымында, орус күчтөрү шаардын калк жыш жайгашкан райондоруна жапырт сокку урду. Жыйынтыгында 14 мектеп жана 13 бала бакча электр жарыксыз жана жылуулуксуз калды.
Андан тышкары 500дөй көп кабаттуу үй жайгашкан кичи райондо жарык толук өчтү.
Труханов кошумчалагандай, балдар бейтапканасы жана бала бакчанын имаратына зыян келтирилди. Одесса мэри бир киши жараат алганын билдирди.
Калаада адамдар жылына турган жайлар ачылды.
Украин армиясынын Аба күчтөрү билдиргендей, орус аскерлери 19-февралга караган түнү жалпы 167 дрон жана "Искандер" баллистикалык ракеталары менен сокку урду. Дрондордун 100дөн көбү атып түшүрүлдү.
Орусиянын армиясы бир гана аскердик жайларды бутага алганын билдирип, карапайым тургундар жашаган аймактарга сокку урганын четке кагып келет. Ал эми жайкын тургундардын жабыркашын Украинанын абадан коргонуу системасынан көрөт.
Орусия 17-февралга караган түнү Украинанын аймактарына дрон жана ракеталар менен чабуул койду. Сегиз адам жабыркап, бир нече райондо электр энергиясы өчүрүлдү. Бул тууралуу жергиликтүү бийлик жана "Укрэнерго" маалымдады.
Түнкү аткылоо маалында Днепропетров облусунун Марганец шаарында төрт адам жараат алганы кабарланды.
Аймак башчысы Сергей Лысак билдиргендей, орус армиясынын аткылоосунан сегиз кабаттуу үй, төрт жеке турак жай, ошондой эле өнөр жай жана коммуналдык ишканалар, окуу жайдын имараты, бир катар дүкөндөр, кафе талкаланып, электр зымдары үзүлгөн.
Мындан тышкары эки айыл да аткылоого кабылган. Жабыркагандар тууралуу маалымат таратылган жок.
Орус армиясынын аба чабуулунун жыйынтыгында Херсон облусунда эки район электр жарыксыз калган. Бул тууралуу губернатор Роман Мрочко билдирди.
Украин армиясынын Аба күчтөрүнүн маалыматына караганда, 17-февралга караган түнү орус күчтөрү Украинанын аймагына жалпы 147 дрон менен кол салды. Алардын 83ү атып түшүрүлдү.
Киев облусунда дрон чабуулунан бир адам жараат алып, үч жеке турак жай жана эки автоунаа зыян тартты.
Запорожье облусунда дрон соккусунан 15 көп кабаттуу үйдүн жана алты жеке турак жайдын терезелери күбүлүп түшүп, чатырлары жабыркады. Полтава облусунда жеке үйдүн жана анын жанындагы чарба курулушунун чатырлары талкаланганы кабарланды.
Орусиянын Коргоо министрлиги Украинанын аймактарына урулган соккулар боюнча комментарий бере элек.
Орусия 2022-жылдын 24-февралында Украинага кеңири масштабдагы согуш ачкан. Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) маалыматына ылайык, 2024-жылдын ноябрына чейин Украинада 12 миңден ашуун адам өлүп, 27 миңге жакыны жаракат алган.
Ошондой эле БУУ орусиялык аскерлер адамдарды өлтүрүп, уурдап, кыйнап, сексуалдык зомбулук, адамгерчиликсиз мамиле көрсөтүп, карапайым адамдарды негизсиз камаган фактыларды документтештирген.
Европа өлкөлөрүнүн жогорку даражалуу аткаминерлери келерки аптада Парижде чогулуп, Украинадагы тынчтык келишимин талкуулайт. Бул тууралуу Би-Би-Си радиосу жазды. Маалыматка караганда, жолугушууга катыша турганын Франциянын президенти Эммануэл Макрон менен Британиянын премьер-министри Кир Стармер тастыкташкан.
Ага Польшанын премьер-министри Дональд Туск да катышары күтүлүүдө. Жолугушууга дагы кимдер чакырылганы жана анын форматы кандай болору белгисиз. Бирок ал Евробиримдиктин расмий саммити катары өтпөй турганы кабарланды.
Британ премьер-министри Европа өлкөлөрү НАТОдогу ролун күчөтүшү керектигин белгиледи.
Жекшемби күнү Европа Биримдигине кирген өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлери Мүнхенде коопсуздук боюнча конференциянын алкагында чогулуп, мындан аркы стратегияны талкуулай турганы да кошумчаланды.
Айрым серепчилер шашылыш жыйынды АКШнын Батыш өлкөлөрүнө багытталган билдирүүлөрүнө реакция катары сыпаттап жатышат.
АКШнын президенти Дональд Трамп Украинанын коопсуздугунун негизги кепили Евробиримдиктин өлкөлөрү болушу керектигин бир нече жолу белгилеген. Трамптын атайын чабарманы Кит Келлог ишембиде Евробиримдиктин өкүлдөрү Украинада ок атышууну токтотуу боюнча сунушталган сүйлөшүүлөргө киргизилиши күмөн экенин билдирген.
Анын пикиринде, жолугушуу Украина, Орусия жана АКШнын катышуусунда өтүшү керек. Ал эми АКШнын вице-президенти АКШнын вице-президенти Жей Ди Вэнс Мүнхенде сүйлөгөн сөзүндө Европа өлкөлөрүн сынга алып, анын демократиянын принциптери бузулуп жатканына тынчсыздануусун билдирди.
Вэнс - Ак үйдүн Мүнхендеги конференцияга катышып жаткан эң жогорку өкүлү.
Мүнхен коопсуздук конференциясы бул шаарда 1963-жылдын февраль айынан бери жыл сайын уюштурулуп келе жаткан эл аралык форум. Анда дипломаттар, саясатчылар жана аскер башчылары тынчтыкты сактоо маселелерин талкуулашат.
16-февралга караган түндө Орусия Украинанын Николаев облусуна "Шахед" дрону менен чабуул жасады. Андан беш көп кабаттуу үй жабыркады. Өрт чыгып, кеминде бир адам жабыркаганын облустук аскер администрациясынын башчысы Виталий Ким кабарлады.
Николаев шаарынын мэри Александр Сенкевич өзүнүн Телеграм-каналында дрондор "маанилүү инфратүзүм обьекттерин бутага алганын", жыйынтыгында көптөгөн үйлөр жылуулуксуз калганын жазды. Калыбына келтирүү иштери жүрүп жатат.
Дрон чабуулуна борбор калаа Киев жана анын айланасы да кабылды. Бомба тууралуу аба сиренасы беш сааттай жаңырып турганы айтылды. Борисполдо дрон чабуулунан кампаларда өрт чыкты. Бровар районунда соккунун толкунунан алты менчик үй жабыркады.
Украин абадан коргонуу күчтөрү маалымдагандай, 16-февралга караган түнү жалпы өлкөгө учурулган 143 дрондун 95и атып түшүрүлгөн. Киев, Николаев, Сумы жана Одесса облустары жабыркады.
Орусия Украина тарапта күн сайын учкучсуз учак, дрондор менен аткылап келет. Орусиянын Коргоо министрлиги бутага аскердик жайлар гана алынганын айтканы менен, жарандык инфратүзүм талкаланып, жайкын тургундар набыт болгон учурлар арбын кездешет. Москва бул окуялар боюнча комментарий бербейт.