14-февралда Мүнхенде ачылган коопсуздук конференциясынын алкагында Украинанын президенти Владимир Зеленский менен АКШнын вице-президенти Жей Ди Вэнс жолугушту.
Эртең мененкиге пландалган сүйлөшүүлөр АКШ тараптын Вашингтон өнөктөштүк меморандумунун тексти менен таанышып чыгуусуна убакыт сураган өтүнүчү менен кечкиге жылдырылды.
Жолугушуу бир саатка жеткен жок. Аягында Вэнс сүйлөшүүлөр жемиштүү болгонун айтты:
"Биз согуштун аякташын, өлүмдөр токтошун каалайбыз. Бирок биз Европада бир нече жылдан кийин кайрадан чыр-чатакты эмес, уланып кетүүчү тынчтыкты каалайбыз", - деген Вэнстин сөзүн "РБК-Украина" басылмасы цитата келтирип жазды.
Вэнс ошондой эле жакынкы күндөрү, жумаларда жана айларда АКШ менен Украинанын ортосунда сүйлөшүүлөрдүн көптөгөн баскычтары турганын белгилеп, анын жүрүшүндө тараптар түбөлүк тынчтыкка жетүү үчүн бир чечимге келишерине үмүтүн билдирди.
Зеленский "Путинди токтотуу жана согушту бүтүрүү" каалоосун бекемдеп айтты. Ал өзүнүн Телеграмдагы баракчасында жазгандай, жолугушууга Вэнстен тышкары АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио жана атайын чабарман Кит Келлог да катышкан.
"Биздин командалар документ боюнча иштөөнү улантып жатышат", - деген украин президенти Келлогдун Киевге сапарын күтүп жатканын билдирди.
Бул Украинанын президентинин АКШ президенти Дональд Трамптын администрациясынын өкүлдөрү менен алгачкы жолугушуусу болду.
Вэнс - Ак үйдүн Мүнхендеги конференцияга катышып жаткан эң жогорку өкүлү.
Мүнхен коопсуздук конференциясы бул шаарда 1963-жылдын февраль айынан бери жыл сайын уюштурулуп келе жаткан эл аралык форум. Анда дипломаттар, саясатчылар жана аскер башчылары тынчтыкты сактоо маселелерин талкуулашат.
15-февралга караган түндө Орусияда учкучсуз учактын соккусуна турак үй кабылды. Окуя өлкөнүн түштүк-батышында жайгашкан Волгоград шаарында болгонун, дрон көп кабаттуу үйлөрдүн бирине тийгенин жергиликтүү элге шилтеме кылып Телеграмдагы Astra каналы жазды.
Басылма дрондун калдыктары шаардын түштүгүндөгү Шумилов көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу үйдүн чатырындагы телеантеннага илинип калганы тартылган видеону жарыялады.
Эки күн мурун Волгограддын жергиликтүү кеңеш депутаттары дрон чабуулдарын жана кесепетин видеого тарткандарга, аны айткандарга айып пулдун өлчөмүн эки эсе көтөрүшкөн. Ага ылайык, мындай тасмаларды тартып, тараткан жарандар 5 миң рублге чейин, ал эми уюмдар миллион рублге чейин айып пул төлөшөт.
Волгоград облусунун губернатору Андрей Бочаров аймакты бутага алган дрондордун баары асмандан жок кылынганын билдирди. Анын сөзүнө караганда, жабыркагандар жок. Өндүрүш аймагында дрон сыныгы түшүүсүнөн улам чакан өрт чыгып, өчүрүлгөн.
Мындан тышкары Орусиянын Калуга облусунда дрон өнөр жай ишканасына тийип, өрт чыкканы, Ростовдо дрондун сыныгы менчик үйдүн чатырын тешип кеткени кабарланды. Аймактардын жетекчилери маалымдагандай, адамдар жабыркаган жок. Саратовдо да дрон чабуулунан жабыркагандар жоктугун облус губернатору Роман Бусаргин кабарлады.
Астрахан, Владикавказ, Волгоград, Грозный, Калуга, Саратов жана Ульяновск аймактарындагы жети аэропортто учактардын учуп-конуусуна чектөө киргизилгенин Росавиация мекемеси маалымдады.
Орусиянын Коргоо министрлиги түндө өлкө аймагында украиналык 40 учкучсуз учак жок кылынганын билдирди. 17си Волгограддын, 12си Калуганын, тогузу Ростовдун, дагы экөө Саратовдун үстүнөн атып түшүрүлгөнү маалымдалды.
Украин бийлиги адатта Орусиянын мындай билдирүүлөрүнө комментарий же жооп бербейт. 2022-жылдын февралынан бери Украина орус бийлигинин толук масштабдуу кол салуусуна каршы күрөшүп келе жатат.
Эгер Украина НАТОго кирүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болбосо өлкөнүн коопсуздугун коргоо үчүн 1,5 миллион аскерден турган армия керек болот. Бул тууралуу Украинанын президенти Владимир Зеленский жума күнү Мюнхенде ачылган коопсуздук конференциянда сүйлөгөндө билдирди.
Зеленский белгилегендей, Орусияда 220 аскердик бригада болсо, Украинада анын саны эки эсе аз. Ал ошондой эле Украинанын НАТОго мүчөлүгү өлкөнүн коопсуздугун камсыздоо үчүн «эң арзан вариант» болмок экенин кошумчалады.
"Биз НАТОго, анын кепилдиктерине ишенебиз", - деп баса белгиледи украин лидери. Ошол эле учурда Зеленский "азыр АКШ Украинанын НАТОго кириши тууралуу сүйлөшүүгө даяр эместигин, анткени бул орустар менен эскалацияга жеткирерин" белгиледи.
Буга чейин Зеленский Украина НАТОго кирбесе же Киев аскердик бирикмеден кепилдик албаса, украин армиясынын санын эки эсеге көбөйтүү зарылдыгын айткан.
АКШнын президенти Дональд Трамп буга чейин Украинанын НАТОго кошулушуна ишенбестигин билдирип, бул кадамды “негизсиз” деп атаган.
Мүнхен коопсуздук конференциясы 1963-жылдын февраль айынан бери Мүнхенде өткөрүлгөн эл аралык форум. Анда дипломаттар, саясатчылар жана аскер башчылары тынчтыкты сактоо маселелерин талкуулашат.
Украинанын президенти Владимир Зеленский 14-февралга караган түнү Чернобыл атомдук электр станциясынын (ЧАЭС) аймагы Орусиянын соккусуна кабылганын, 4-энергоблоктун саркофагына жардыргыч заты бар дрон тийгенин билдирди. Бул тууралуу Би-Би-Си жазды.
«Азыркы тапта радиациялык фон нормадан ашкан жок, анын деңгээли көзөмөлдө», — деп кошумчалады Зеленский.
Согуштук дрон саркофагга барып тийгенин Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Атом энергиясы боюнча эл аралык агенттиги (МАГАТЭ) да кабарлады.
Дрон коргоочу жаңы катмардын изоляциялык курулмасынын чатырына тийгени белгилүү болду. Ал катмар ЧАЭСтин талкаланган төртүнчү реакторун жаап турат.
Орусиялык дрондун соккусунан кийин ЧАЭСтин 4-энергоблогунда радиациялык фондун деңгээли нормадан ашпаган абалда сакталып турганын Украинанын Өзгөчө кырдаалдар боюнча мамлекеттик кызматы да билдирди.
«Мониторинг уланууда. Кырдаал көзөмөлдө. Расмий гана маалыматтарга ишениңиздер!», — деп айтылды мекеменин маалыматында.
Станциянын 4-энергоблогунда 1986-жылдын 26-апрелинде катуу жарылуу болуп, реактор блогунун бир бөлүгү жана машина залы кыйраган. Радиация жайылып кетпеши үчүн реактор сыртынан атайын «саркофаг» менен капталып коюлган. Адистердин айтымында, жарылуу учурунда реактордун ичинде болгон күйүүчү майдын 95% жана радиациялык заттардын көпчүлүгүн ошол курулма «жаап» турат. АЭСтин өзүнүн иши 2000-жылдын 15-декабрында коопсуздук маселесинен улам токтотулган.