Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Февраль, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:47
Украин армиясынын жоокерлери
Украин армиясынын жоокерлери

Украина: Кан күйгөн кармашка үч жыл болду

Украинада согуш башталганына үч жыл толду.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан.

23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, анын жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.

15:46 13.2.2025

АКШ менен Орусиянын президенттеринин жолугушуусу Сауд Арабиясында өтүшү мүмкүн. Бул тууралуу АКШнын президенти Дональд Трамп 12-февралда Путин жана Зеленский менен телефон аркылуу сүйлөшкөндөн кийин Ак үйдөгү маалымат жыйынында билдирди.

Трамптын айтымында, жолугушуунун так датасы азырынча аныктала элек. Ал эми Украина президенти Владимир Зеленский жолугушууга катышабы деген суроого Трамп анын катышуусу күтүлбөй турганын кыйытты.

“Балким, биз алгачкы жолугушууну өткөрөбүз, анан экинчиси боюнча ойлонобуз”, — деди Трамп.

Трамп Путин менен телефон аркылуу сүйлөшүүдө бири-биринин өлкөсүнө расмий сапар менен баруу мүмкүнчүлүгүн да талкуулашкан.

Мындан тышкары, Трамп Украинанын НАТОго мүчө болушун “практикага жатпаган нерсе” деп атап, 2014-жылга, Крым аннексияланганга чейинки чек араларга кайтуу “ыктымалдыгы аз” экенин билдирди.

The Wall Street Journal басылмасы Бээжин менен Вашингтондогу булактарына таянып, акыркы жумаларда кытайлык аткаминерлер Трамп администрациясына АКШ–Орусия сүйлөшүүлөрүн Украинасыз Кытайда өткөрүүнү сунуштаганын жазды.

Ошол эле учурда Европа өлкөлөрү биргелешкен билдирүү жарыялап, “Украина жана Европа бардык сүйлөшүүлөрдүн бир бөлүгү болушу керек” деп белгилешти.

“Украинага ишенимдүү коопсуздук кепилдиктери берилиши зарыл. Украинадагы адилеттүү жана туруктуу тынчтык – күчтүү трансатлантикалык коопсуздуктун маанилүү шарты”, – деп жазылат билдирүүдө.

15:16 13.2.2025

Америка Кошмо Штаттарынын президенти Дональд Трамп жана Орусиянын мамлекет башчысы Владимир Путин 12-февралда телефондон сүйлөштү. Дональд Трамп өзүнүн Truth Social социалдык түйүнүнө орус лидери менен “узак жана өтө майнаптуу баарлашуу” болгонун жазды.

“Биз орус-украин согушунда болуп жаткан миллиондогон адамдардын өлүмүн токтотууну каалайбыз, буга экөөбүз тең макул болдук... Биз бири-бирибиздин өлкөлөрүбүзгө баруу менен абдан тыгыз иштешүүнү макулдаштык. Ошондой эле биздин тиешелүү командалар сүйлөшүүлөрдү токтоосуз баштоого макул болдук жана Украинанын президенти Зеленскийге телефон чалып баштайбыз”, - деди Трамп.

АКШ президенти ошондой эле Украина менен Орусиянын ортосунда тынчтык келишимин түзүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзө турган командасынын курамын жарыялады.

Ага мамлекеттик катчы Марко Рубио, Борбордук Чалгын кызматынын (ЦРУ) башчысы Жон Рэтклифф, Трамптын улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Майкл Уолтц жана Жакынкы Чыгыш боюнча атайын чабарманы Стив Уиткофф кирди.

Путин менен Трамптын сүйлөшүүсү дээрлик бир жарым саатка созулганын орус президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков билдирди. Ал Путин Трампты Москвага чакырганын айтты.

Көп өтпөй Украинанын президенти Владимир Зеленский Дональд Трамп менен телефондон “дипломатиялык, аскердик, экономикалык” маселелерди талкуулаганын кабарлады.

19:46 12.2.2025

Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Орусия менен Украинанын ортосунда "аймактарды айырбаштоо мүмкүн эмес" деп билдирди. Анын айтымында, Москва өз жерлерин алмаштырууну эч качан талкуулаган эмес жана мындан ары да талкуулабайт.

"Украин күчтөрү ал аймактардан сүрүлүп чыгат. Жок кылынбагандар куулат", - деп айтты Песков.

Мунун алдында украин президенти Владимир Зеленский Орусия менен сүйлөшүүлөр болуп калса, Курск облусунун украин армиясы көзөмөлдөгөн жерлерин орус күчтөрү басып алган аймактарга айырбаштоону сунуш кылышы мүмкүн деп айткан.

Президент Орусия менен сүйлөшүүгө даярдыгын, ал үчүн Украинанын күчтүү позицияда болушун кааларын белгиледи.

Былтыр 6-августта украин армиясы Орусиянын Курск аймагына кирип барып, аймактын жарымын өз карамагына алган. Орус күчтөрү айрым райондорду кайтарууга жетишкен, бирок бир нече айыл-кыштак, анын ичинен Суджа районунун борбору украин аскерлеринин көзөмөлүндө калууда.

Зеленский бул операцияны Харьковдон орус ракеталарын оолактатуу үчүн буфердик зона түзүү аракети катары түшүндүргөн.

Ал эми Орусия аннексияланган Крымдан тышкары Донбасстын ири бөлүгүн, Херсон жана Запорожьенин кээ бир райондорун басып алган.

Кремль Киев менен сүйлөшүү жүргүзүү үчүн учурдагы реалдуулукту эске алыш керек деп буга чейин билдирген.

19:45 12.2.2025

Украинанын президенти Владимир Зеленский Орусия менен сүйлөшүүлөр болуп калса, Курск облусунун украин армиясы көзөмөлдөгөн жерлерин орус күчтөрү басып алган аймактарга айырбаштоону сунуш кылышы мүмкүн. Бул тууралуу ал британиялык The Guardian гезитине берген маегинде айтты.

"Биз бир аймакты башкасына алмаштырабыз. Кайсынысына экенин азырынча билбейм, аны көрөбүз, бизге бардык жерлерибиз маанилүү, артыкчылыктуу деп айырмаланганы жок", - деп белгиледи Зеленский.

Президент Орусия менен сүйлөшүүгө даярдыгын айтып, ал үчүн Украинанын күчтүү позицияда болушун кааларын айтты.

Зеленскийдин айтымында, согушту токтотуу үчун Киев Европадан гана эмес, АКШдан да коопсуздук кепилдиктерин алууга тийиш.

Буга чейин АКШ президенти Дональд Трамптын улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Майкл Уолтц Вашингтон урушту токтотууга кызыкдар экенин, бирок коопсуздукту кепилдөө маселеси Европага жүктөлөрүн билдирген.

Трамп Ак үй Украинага аскердик жардам берүүгө даяр деп, бирок ал үчүн өлкөдөн сейрек металлдарды сураган.

Bloomberg агенттиги АКШнын финансы министри Скотт Бессент ушул аптада Киевге барып, бул маселени талкуулай турганын жазды.

Зеленский айдын башында Украина металлдарды казуу тармагында кызматташууга даяр деп айткан.

Былтыр 6-августта украин армиясы Орусиянын Курск аймагына кирип барып, аймактын жарымын өз карамагына алган. Орус күчтөрү айрым райондорду кайтарууга жетишкен, бирок бир нече айыл-кыштак, анын ичинен Суджа районунун борбору украин аскерлеринин көзөмөлүндө калууда.

Зеленский бул операцияны Харьковдон орус ракеталарын оолактатуу үчүн буфердик зона түзүү аракети катары түшүндүргөн.

Ал эми Орусия аннексияланган Крымдан тышкары Донбасстын ири бөлүгүн, Херсон жана Запорожьенин кээ бир райондорун басып алган.

Кремль Киев менен сүйлөшүү жүргүзүү үчүн учурдагы реалдуулукту эске алыш керек деп буга чейин билдирген.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG