Украинанын өзгөчө кырдаалдар кызматы борбор калаа Киевде 12-февралга караган түнү орус армиясынын ракеталык соккусунан бир кишинин өмүрү кыйылганын тастыктады.
Маалыматта айтылгандай, Киевдин Оболонский районунда ири өрт тутанды, кеңселер жайгашкан имараттын жети кабаты күйүп, ал жерде бир адам каза болду.
Шаар мэри Виталий Кличко үч адам жабыркап, анын ичинде тогуз жаштагы кыз ооруканага жеткирилгенин билдирди.
Киевдин Голосеев районунда 600 чарчы метр аянтты ээлеген эки кабат кампа күйүп жатканы маалымдалды. Соломенский районунда көп кабаттуу үйдүн чатырынан өрт чыкты.
Мэр Дарницкий районунда менчик ишкананы өрт чалганын кошумчалады.
Украинанын куралдуу күчтөрү Киев жана Кривой Рог шаарларына “Искандер” баллистикалык ракеталар менен сокку урулганын аныктады. Алтоо Брянск облусунан, бирөө аннексияланган Крымдан учурулганы, украин аймагына коюлган чабуулга андан тышкары жүздөн ашуун дрон тартылганы маалымдалды.
Киев облусунун Борисполь районунда учкучсуз учактын сыныктарынан тогуз жер там жана бир машина зыян тартты.
Кривой Рогдо көп кабаттуу үч турак жай жана административдик имараттарга залака тийди, бирок жабыркагандар болбогону кабарланды.
Украин президенти Владимир Зеленский башкалаага урулган таңкы соккуларды Орусиянын Украинага каршы террору деп атады:
“Путин тынчтыкка умтулган жок, ал адамдарды өлтүрүүнү, шаарды талкалоону улантууда”, - деп айтты украин лидери.
Орусиялык мамлекеттик медиа Киевдеги кампада өрт болгонун жазып, шаар ракета соккусуна кабылганын кабарлаган эмес.
Орусиянын Коргоо министрлиги чабуулдар тууралуу колмментарий кыла элек.
Далилдерге карабай Москва кошуна өлкөсүнүн жарандык инфраструктурасын, карапайым адамдарды бутага алганын танууда.
Украинада 11-февралда жапырт ракета жана дрон соккуларынан улам электр энергиясын берүү чукул токтотулду. Бул тууралуу «Укрэнерго» ишканасы эртең менен билдирди.
Энергетика министри Герман Галущенконун айтымында, түн ичинде Орусия газ инфраструктурасын бутага алды.
Министр соккунун кесепети такталарын кошумчалады.
“РБК Украина” жазганына караганда, орус армиясы шейшембиге караган түнү Полтава облусуна ракеталар менен чабуул койду. Натыйжада Миргород районунун 9 айыл-кыштагы жаратылыш газсыз калды. Ошол эле маалда жарандык инфраструктара жабыркабаганы кабарланды.
Украинанын ири энергетикалык компаниясы – ДТЭК Днепропетров жана Донецк облустарында да электр энергиясы чукул өчүрүлгөнүн билдирди.
Өлкөнүн көпчүлүк аймактарында аба соккусу тууралуу эскертүү берилди. Украин куралдуу күчтөрү түнү бою канаттуу "Калибр" ракеталары менен чабуул коюлганын маалымдады.
Орусиянын Коргоо министрлиги бул соккулар тууралуу маалыматка комментарий бере элек.
Херсон облусунун администрация башчысы Александр Прокудин 11-февралда маалымдагандай, бир суткада орус аскерлеринин аткылоолорунан карапайым эки киши набыт болду, алтоо жараат алды.
Анын айтымында, бутага калк жашаган райондор алынып, көп кабаттуу 6 турак үй, 12 жер там, газ түтүктөрү, айыл-чарба техникасы жана менчик машиналар жабыркады.
Далилдерге карабай, орус бийлиги кошуна өлкөсүнүн жарандык жайларына сокку урганын танып келатат.
Орусиянын Саратов жана Энгельс шаарлары учкучсуз учактардын соккусуна туш болду. Маалыматка караганда, бутага мунай иштетүүчү завод жана стратегиялык аэродром алынган болушу мүмкүн.
Саратов облусунун губернатору Роман Бусаргин "өнөр жай" объектилери зыян тартканын маалымдап, бирок чоо-жайын тактаган жок. Аймакта абадан урулуучу сокку тууралуу эскертүү берилди.
"ВЧК-ОГПУ" деген телеграм-канал жергиликтүү тургундарга шилтеме берип кабарлагандай, Саратовдогу "Крекинг" мунай иштетүү заводунда өрт тутанды. Ишкана “Роснефть” компаниясына кирет.
Украинанын куралдуу күчтөрүнүн башкы штабы Саратовдогу мунай заводуна сокку урулганын бышыктап, ал ишкана орусиялык баскынчы армияны күйүүчү май менен камсыздап турганын кошумчалады.
Саратов Москвадан 725 километр алыс жерде, Волга дарыясынын боюнда орун алган.
Энгельс шаарына урулган соккуга байланыштуу орус бийлиги комментарий жасай элек.
"ВЧК-ОГПУ" аскердик аэродромго чабуул болгонун жазып, жарылуу жана өрттүн видеолорун чыгарды.
Калаада орусиялык стратегиялык авиациянын аэродрому жайгашкан. Ал жактан учуп чыккан бомбалоочулар украин аймагына канаттуу ракеталар менен сокку уруп келет.
Орусиянын Коргоо министрлиги түн ичинде Саратов облусунун үстүнөн 18 дрон жок кылынганын билдирди. Мекеме өлкө аймагы 40 пилотсуз учактын чабуулуна туш болгонун кошумчалады.
Росавиациянын маалыматына ылайык, Казан, Киров, Саратов жана Ульяновск шаарларынын аэропорттору ишин бир нече саатка токтоткон.
Саратов жана Энгельс буга чейин да чабуулдарга кабылган.
9-февралга караган түнү Орусиянын армиясы "Шахед" дрондору менен Украинанын Сумы шаарына чабуул койду.
Сумынын вице-мэри Станислав Поляковдун маалыматына караганда, чабуулдан төрт көп кабаттуу үй, бир турак жай жана коммерциялык имараттарга зыян келтирилген.
1987-жылы туулган аял жаракат алып, ооруканга жеткирилди.
Украинанын өзгөчө кырдаалдар кызматынын маалыматы боюнча дрон сыныктары 15 автоунаага тийип, алты машина өрттөндү.
Маалыматка караганда, Украинанын абадан коргонуу күчтөрү орусиялык 83 учкучсуз учактын 61ин атып түшүргөн. Аткылоо Киев, Харьков, Полтава, Сумы, Чернигов, Кировоград, Хмельницкий, Днепропетров, Запорожье, Николаев жана Херсон облустарында катталган.
Орусия Украинага 2022-жылы февралда кол салган. Ошондон бери жай тургундар жана инфратүзүмдөр бутага алынып келет. Москва муну мойнуна албайт.