Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков орус президенти Владимир Путин менен АКШ президенти Дональд Трамптын сүйлөшүүсү тууралуу маалыматты тастыктаган да, төгүндөгөн да жок. Бул тууралуу "Свобода" радиосу бир нече орусиялык басылмага шилтеме берип жазды.
«Бул кабар тууралуу эмне билдире алам, Вашингтондогу администрация өз ишин баштагандан бери ар кандай байланыш жолдору түзүлүүдө. Бул байланыш ар кандай каналдар аркылуу жүргүзүлүүдө. Албетте, коммуникациялардын көптүгүнөн улам мен жеке өзүм бир нерсени билбей же кабарсыз болушум мүмкүн. Ошондуктан, мен бул маалыматты тастыктай да, төгүндөй да албайм», - деди Песков «Интерфакс» жана ТАСС басылмаларына берген комментарийинде.
8-февралда Кошмо Штаттардын президенти Дональд Трамп New York Post басылмасына курган маегинде Орусиянын президенти Владимир Путин менен телефондон сүйлөшкөнүн билдирген. Бирок ал качан болгонун тактаган эмес. Трамп Путин менен канча жолу сүйлөшкөнү тууралуу суроого дагы бир ыктай жооп бербеген.
Трамп бул маегинде Украинадагы согушту токтотууга байланыштуу анын так планы бар экенин дагы кайталап, ал чукул ишке ашарына үмүттөнгөн. Ошондой эле Орусия менен Украинанын президенттеринин ысымдарын так атабастан "алар жолугушууну каалайт" деп билдирген.
Буга чейин Трамп келерки аптада Украинанын президенти Владимир Зеленский менен жолугушуусу, Орусиянын президенти Владимир Путин менен сүйлөшүүсү мүмкүн экенин айткан.
АКШнын президенти Украинадагы согушту тез арада бүткөрүү үчүн Путин менен сүйлөшөрүн билдирип келет. Буга чейин Ак үй бул тема Орусия менен олуттуу талкууланганын, жакын арада согушту токтотууга байланыштуу "орчундуу" кадамдар болушу мүмкүндүгүн кабарлаган.
Путин Трамптын сүйлөшүү тууралуу билдирүүлөрүн кубаттап, аны менен жолугушууга даяр экенин ырастаган. Ошол эле маалда Зеленский менен сүйлөшүүлөр болушу мүмкүндүгүн четке каккан.
АКШ президенти Дональд Трамп Орусиянын мамлекет башчысы Владимир Путин менен телефондон сүйлөшкөнүн билдирди. Бул тууралуу New York Post басылмасы жазды. Маалыматка караганда, эки лидер Украинадагы согушка чекит коюу маселесин талкуулашкан.
Буга чейин Трамп Украинага берилген аскердик жардамдын ордуна Киевден сейрек кездешүүчү металл сураган. Украин президенти Владимир Зеленский мындай келишим түзүүгө даяр экенин билдирди.
Учакта журналисттер менен баарлашуу
Кошмо Штаттардын президенти Дональд Трамп Путин менен телефондон сүйлөшкөнүн Air Force One учагынын бортунда журналисттерге курган маегинде айтты. Ал буга чейин канча жолу орус лидери менен телефондон байланышканын ачыктоодон баш тартты.
“Курман болгон жаш, татынакай балдар. Өзүңөрдүн балдарыңардай эле да. Эки миллион адам. Бөөдө ажалга кабылышты”,- деген Трамп эгер ал 2022-жылы президент болгондо Орусия Украинага кол сала алмак эместигин дагы бир ирет белгиледи. Ал Американын буга чейин лидери Жо Байденди сындап өттү.
Трамп Украинадагы согуш тууралуу айтып жатып, эки миллион деген санды кайдан алганын тактаган эмес.
Кремлдин маалымат катчысы Дмитрий Песков эки президенттин сүйлөшүүсү тууралуу маалыматты четке каккан да, бышыктыган да жок.
Трамп Украинадагы согушту токтотуу боюнча так планы бар экенин айтууда. Кандай план экени азырынча беймаалым.
Ал учактын ичинен эле улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Майк Уолтцко кайрылып: “Келгиле, жолугушууларды тезирээк өткөрөлү. Күнүгө кан төгүлүп жатат. Жаш, татынакай балдар курман болууда. Эки тараптан тең”,- деп айтты.
Кошмо Штаттардын вице-президенти Жей Ди Вэнс 14-16-февраль күндөрү Германияда өтө турган Мүнхен коопсуздук жыйынында Украинанын президенти Владимир Зеленский менен жолугары күтүлүүдө.
Буга чейин Трамптын Украина жана Орусия боюнча атайын өкүлү Кит Келлог аталган конференцияда согушту жайгаруу планын сунуштары маалымдалган. Ал пландын чоо-жайы азырынча белгисиз.
Зеленский коопсуздук кепилдиги менен металл берүүгө даяр
New York Post басылмасы жазгандай, Вашингтон Киев менен 500 миллион долларлык келишим түзүүгө ниеттенүүдө. Анын алкагында Украина согуштан кийинки коопсуздук кепилдиктери жана аскердик жардам үчүн Кошмо Штаттарга газ жана сейрек кездешүүчү металл бериши керек. Трамп алгач бул тууралуу өткөн жумада айткан.
"Украинада абдан сейрек кездешчү баалуу металлдар бар. Биз салган акчанын кепилдиги болушун каалайбыз. Биз аларга акча, жабдык берип жатабыз. Европалыктар жетишпей жатышат. Аларга караганда АКШ менен Украинаны океан бөлүп турат. Европалыктар үчүн бизге караганда бул маанилүү. Бирок берген акчасы биздикинен аз. Алар жок эле дегенде биздей каражат салыш керек. Ошондуктан биз Украина менен келишим түзгүбүз келет. Биз салган акчаны алар сейрек кездешүүчү металлдар же башка кендери менен кайтарышы зарыл", - деген эле Америка президенти.
Трамптын бул сөздөрү бир катар Европа лидерлеринин арасында талкуу жараткан. Ал эми Украинанын президенти Владимир Зеленский Рейтер агенттигине курган маегинде мындай келишим түзүүгө даяр экенин айтты.
"Бул кендер албетте баа жеткис, ал жакта эбегейсиз көп акча жатат, абдан көп. Мына ошондуктан биз ал жактарды коргошубуз керек. Америкалыктар көздөп жаткан макулдашуу тууралуу айтсак, келишимге барууга даярбыз. Түзөлү ошондой келишимди", - деди Зеленский.
Батышка Украинадагы кендерди иштетүү укугун берүү демилгесин Зеленский өзү 2024-жылы ал кездеги АКШ президенттигине талапкерлер Дональд Трамп менен Камалла Харриске сунуштаган “Жеңиш планына” киргизген.
Украин президентинин айтымында, сейрек кездешүүчү металлдар электркыймылдаткычтарды, электроникалык каражаттарды жана башка жабдыктарды өндүрүүдө колдонулат. Зеленский кошумчалагандай, Украинада ошондой эле титандын эң ири кору жайгашкан. Бул металл негизинен авиациялык жана космос өндүрүшүндө пайдаланылат. Украин президенти Орусия баалуу металл кендери кайда жайгашканын так билерин белгиледи.
Дрон чабуулдары уланууда
9-февралга караган түнү Орусиянын армиясы Украинанын аймактарына 150дөн ашуун дрон менен чабуул койду. Бул тууралуу украин армиясынын Аба күчтөрү билдирди. Киев, Сумы, Волын, Житомир, Днепропетров жана Харьков облустары бутага алынган. Азырынча курман болгондор же жабыркагандар тууралуу маалымат түшө элек. Ушул эле түнү Орусиянын аймагында 36 дрон атып түшүрүлгөнүн Орусиянын Коргоо министрлиги билдирди.
Орус армиясы бир катар далилдерге карабасатан, Украинадагы карапайым тургундар жашаган райондорго сокку урганын четке кагып, бир гана аскердик жайларга чабуул коерун кайталап келет. Ал эми өз аймагына жасалган дрон чабуулдарын Киевден көрөт. Украин бийлиги анда-санда гана мойнуна албаса, Орусиянын аймагында болгон окуяларды негизинен комментарийлебейт.
24-февралда Орусиянын күчтөрү Украинага басып кирип, кеңири масштабдагы согуш баштаганына үч жыл болот. Бириккен Улуттар Уюмунун эсебине ылайык, бул аралыкта Украинада кеминде 12 миң жайкын тургундун өмүрү кыйылды. Карапайым тургундар арасындагы жоготуулар иш жүзүндө мындан кыйла көп болушу мүмкүн.
Согуш тутангандан бери Украина да, Орусия да оң миңдеген аскерлеринен ажыраганы кабарланган.
Кошмо Штаттардын президенти Дональд Трамп New York Post басылмасына курган маегинде Орусиянын президенти Владимир Путин менен телефондон сүйлөшкөнүн билдирди. Бирок ал качан болгонун тактаган жок. Трамп Путин менен канча жолу сүйлөшкөнү тууралуу суроого дагы бир ыктай жооп берген эмес.
АКШнын президентинин ырасташынча, Путин ага "(кармаш жүрүп жаткан аймактарда) адамдардын набыт болушун токтотууну кааларын" айткан.
Трамп бул маегинде Украинадагы согушту токтотууга байланыштуу анын так планы бар экенин дагы бир жолу белгилеген жана ал чукул ишке ашарына үмүттөнгөн. Ошондой эле Орусия менен Украинанын президенттери экенин так атабастан "алар жолугушууну каалайт" деп билдирген.
Кремль бул тууралуу азырынча комментарий бере элек.
Буга чейин Трамп келерки аптада Украинанын президенти Владимир Зеленский менен жолугушуусу, Орусиянын президенти Владимир Путин менен сүйлөшүүсү мүмкүн экенин айткан.
АКШнын президенти Украинадагы согушту тез арада бүткөрүү үчүн Путин менен сүйлөшөрүн билдирип келет. Буга чейин Ак үй бул тема Орусия менен "абдан олуттуу" деңгээлде талкууланганын, жакын арада куралдуу кармашты токтотууга байланыштуу "орчундуу" кадамдар болушу мүмкүндүгүн кабарлаган.
Путин Трамптын сүйлөшүү тууралуу билдирүүлөрүн кубаттап, аны менен жолугушууга даяр экенин ырастаган. Ошол эле маалда Зеленский менен сүйлөшүүлөр болушу мүмкүндүгүн четке каккан.
Былтыркы жарандык жайларга жасалган чабуулдарда Украина менен Орусияда бери деген 2,6 миңдей жайкын тургундун өмүрү кыйылып, 14 миңден ашык киши жараат алды.
Бул тууралуу Conflict Intelligence Team (CIT) иликтөө тобу билдирди. Алардын баяндамасы ыктыярчылар чогулткан, күн сайын берилген маалыматтардын негизинде, расмий кабарлардан, билдирүүлөрдөн улам жазылган.
Набыт болгондордун басымдуу бөлүгү украиндер (1915 адам) болгон жана алардын 81и балдар. Орусия көзөмөлдөгөн Украинанын аймактарында кеминде 452 адамдын, анын ичинде 20 баланын өмүрү кыйылган. Ыктыярчылардын эсебине ылайык Орусияда чабуулдарда 233 киши, арасында 14 бала мерт болгон.
Украинада 12,5 миңден ашык, ал эми Орусия оккупациялап алган аймактарында 2,3 миңдей, ал эми Орусияда кеминде 1,6 миң адам жараат алган.
Мындай маалыматты топтоо 2023-жылдын аягында башталган, мындан улам согуш башталган алгачкы жылдарга салыштыруу мүмкүн болбой турат.
Өткөн айдын аягында Би-Би-Синин орус кызматы жана "Медиазона" басылмасынын журналисттери ыктыярчылар менен бирге ачык булактарга таянып, Украинада кеминде 90 миң орусиялык аскер набыт болгонун аныкташкан. Орусиянын бийлиги фронтто набыт болгон аскерлери тууралуу расмий эч качан маалымат бербейт.
Украинанын президенти Владимир Зеленский 2024-жылдын башында Киев согушта 31 миңдей аскеринен айрылганын билдирген. UALosses долбоору ачык булактарга таянып, Украинанын жоготуулары 40 миңден ашканын маалымдаган.