Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:48
Угледар.
Угледар.

Украинанын 15 облусу аткыланды

Украинада согуш башталганына эки жарым жыл болду.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан.

23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, анын жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.

23:21 23.9.2024

Спутниктен тартылган жаңы сүрөттөргө караганда, Орусиядагы космодромдордун биринде чоң оюк пайда болду. Эксперттердин пикиринде, бул континент аралык баллистикалык ракетаны сыноо ийгиликсиз аякташынын белгиси болушу ыктымал.

Өлкөнүн түндүгүндө жайгашкан Архангельск облусундагы Плесецк космодромунун сүрөттөрүнөн өрт өчүрүүчү төрт машинени көрүүгө болот.

X социалдык түйүнүнө OSINT-аналитик @MeNMyRC1 жазгандай, сөз РС-28 "Сармат" ракетасы тууралуу болууда. Башка талдоочулар да бул пикирге кошуларын айтып жатышат.

Эгер эксперттердин маалыматы анык болсо, анда "Сармат" ракетасы ийгиликсиз учурулган окуя ушуну менен төртүнчү жолу катталууда.

2000-жылдардын башында иштелип чыга баштаган "Сармат" - 18 миң чакырымга чейин учууга ылайыкталган ракета. Узундугу 35 метр. Ал ар түрдүү согуштук дүрмөт менен 10 тонналык жүктү көтөрө алат.

14:02 23.9.2024

Белгород облусун аткылоодо 15 жергиликтүү тургун жабыр тартты

Орусиянын Белгород облусуна урулган соккудан бир сутканын ичинде 15 жергиликтүү тургун жаракат алып, алардын 13ү ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу губернатор Вячеслав Гладков билдирди. Анын маалыматы боюнча, эки жарадар абдан оор абалда, аларды мүмкүн Москвага дарыланууга жөнөтүшөт. Жабыр тарткандардын арасында Яснозоренское айыл аймагынын башчысы Дмитрий Панков да бар.

Чиновник кошумчалагандай, жабыр тарткандардын жок дегенде жетөө - Черемошное айылында электр жабдуусун калыбына келтирүүгө жардам үчүн аймактык коргонууга тартылгандар.

Украинага каршы толук масштабдуу согуш башталгандан кийин, чек арага жакын орус аймактары үзгүлтүксүз учкучсуз учуучу аппараттар менен ракеталардын чабуулуна кабылууда. Украинанын Харьков облусу менен чектешкен Белгород облусу башка аймактарга караганда көбүрөөк жабыр тартууда. "7х7" басылмасынын журналисттеринин эсептөөсү боюнча, согуш башталгандан бери Белгород облусунун кеминде 243 тургуну, ал эми бүткүл Орусия боюнча 346дан көп киши каза болгон.

14-августта облуска аймактык деңгээлдеги өзгөчө кырдаал режими киргизилген. Бул Украина куралдуу күчтөрү коңшулаш Курск облусунун айрым аймактарын басып алгандан кийин болгон. 15-августта Белгород облусунда федералдык масштабдагы өзгөчө кырдаал режими жарыяланган.

10:39 23.9.2024

Украинанын президенти Владимир Зеленский Нью-Йорк шаарына барды

Украинанын президенти Владимир Зеленский 22-сентябрда Нью-Йорк шаарына (АКШ) барды. Бул тууралуу ал жекшемби күнү кечинде Х (мурдагы Твиттер) социалдык түйүнүндөгү баракчасына жазды. Украин президенти ушул аптада Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Башкы ассамблеясынын жыйынында сөз сүйлөйт деп күтүлүүдө.

Андан тышкары 26-сентябрда Вашингтондо АКШнын президенти Жо Байден менен жолугуша турганы кабарланган. Ошондой эле АКШнын вице-президенти жана демократтардан президенттикке талапкер Камала Харрис да Зеленский менен өзүнчө жолугушуу өткөрөт. Лидерлер Орусия менен Украинанын ортосундагы согуштун абалын, анын ичинде Украинанын стратегиялык пландарын жана АКШнын Украинаны коргоодогу колдоосун талкуулашат.

Владимир Зеленский АКШга сапар учурунда президенттикке республикачылардан талапкер Дональд Трамп менен да жолугушууну пландап жатканы айтылган.

Украинанын президенти АКШга баратканда жазган видеокайрылуусунда “бул согушта мындан ары эмне болору ушул күздө чечилет” деп билдирди.

10:30 23.9.2024

Запорожьеде 13 адам жаракат алды

Украинанын Запорожье аймагына жасалган орустардын кечки чабуулунан, акыркы маалыматтар боюнча, 13 адам жабыр тартты. Бул тууралуу Запорожье облустук аскердик администрациясынын башчысы Иван Федоров билдирди.

"Орустардын Запорожьеге жасаган чабуулунун натыйжасында 13 адам жаракат алды: жети аял, беш эркек жана 15 жаштагы бала", - деп жазды Федоров телеграмда.

Орус аскерлери 22-сентябрда саат 23:00 чамасында Запорожьеге сокку урган. Федоров чабуулдун кесепетинен имараттар жарым-жартылай бузулганын билдирди.

Орус күчтөрү ар кандай куралдарды - согуштук учкучсуз учуучу аппараттарды, ракеталарды, башкарылуучу авиабомбаларды, көп огу бар реактивдүү системаларды колдонуп, Украинанын аймактарына үзгүлтүксүз чабуул жасап жатышат.

Орусиянын жетекчилиги толук масштабдуу согуш учурунда орус армиясы Украинанын шаарлары менен айылдарынын жарандык инфраструктурасына атайын чабуул жасап, жарандык калкты өлтүрүп, ооруканаларды, мектептерди, бала бакчаларды, энергетика жана суу менен камсыздоо объектилерин талкалап жатканын танып келет.

Украина бийлиги жана эл аралык уюмдар бул чабуулдарды Орусиянын согуштук кылмыштары катары баалап, алардын максаттуу мүнөзүн баса белгилешет.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG