Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:25
Угледар.
Угледар.

Украинанын 15 облусу аткыланды

Украинада согуш башталганына эки жарым жыл болду.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан.

23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, анын жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.

18:48 22.9.2024

"Свобода" радиосу Казакстандын Алматы шаарындагы аба майданда орус жараны Евгений Наказненко кармалганын жазды. Ал Орусиянын Ички иштер министрлиги тарабынан издөөдө жүргөн. Кармалган жаран Орусияга өткөрүлүп бериши мүмкүн.

"Свобода" радиосунун маалыматына караганда, Евгений Наказненкого "армия тууралуу фейк маалымат таратуу жана терроризмге чакыруу" беренелери менен иш козголгон. Кылмыш иши тууралуу так маалымат белгисиз. Наказненко өзүнүн социалдык тармактагы баракчасында согушка каршы пикирин билдирип, орус бийлигинин саясатын кескин сындап келген.

Оппозициячыл журналист Евгения Балтатарова Наказненкону жоопкерчиликке тартуу тууралуу маселени орусиячыл көз караштагы казакстандык блогер Антон Бударов көтөргөнүн жазды.

Адвокат Диас Кентай улы Ахметов "Сота" басылмасына Наказненко ага карата Орусияда козголгон кылмыш иштери тууралуу кабары жоктугун жана жашырынууга аракет кылбаганын айтканын билдирген.

ОВД-Инфонун маалыматы боюнча, Наказненкону Алматы аэропортунда Түркияга бараткан жеринен кармап кетишкен. Сот аны 40 күнгө Алматыдагы убактылуу кармоочу жайда кармоо тууралуу чечим чыгарган.

Евгений Наказненко 8-августта Орусиянын “экстремисттер менен террорчулар” реестрине киргизилгени белгилүү болду.

Анын улуту украин, орус жарандыгына ээ. 2007-жылдан бери Казакстанда жашап, Oxford Team чет тилдер мектебин негиздеген.

18:34 22.9.2024

Орусиянын тарабында Украинадагы согушка катышып, каза тапкан эки тажикстандык жарандын сөөгү мекенинен келгенин "Озоди" радиосу жазды.

36 жаштагы Садик Камбаровдун сөөгү Тоолуу-Бадахшан автоном облусунун Ишкашим районуна алып келинди. Маалыматка караганда, ал Орусиянын армиясынын катарында Украинада согушуп курман болгон. Камбаров 18-июлда каза болгон, сөөгү сентябрда жеткирилген.

Экинчи маркумдун аты-жөнү, анын кандай жагдайда каза болгонун жергиликтүү бийлик ачыктаган эмес.

Маркумдар кандай жагдайда согушка тартылганы белгисиз.

Борбор Азиянын башка өлкөлөрүндөй эле Тажикстанда да чет өлкөдөгү согуштук аракеттерге катышкан жарандар жоопко тартылат. Тажик өкмөтү бул берене боюнча кармалган же соттолгон учурларды расмий билдире элек.

Укук коргоочулар борбор азиялык мигранттардын айрымдары өз ыктыяры менен согушка барганын, айрымдары орус паспортун алгандан кийин аскерге чакырылганын, айрымдары Орусиянын абактарынан жиберилгенин билдиришет.

12:34 22.9.2024

Орусиянын армиясы 22-сентябрга караган түнү Украинанын Никополь шаарына сокку урду. Днепропетров облусунун аскердик администрациясынын башчысы Сергей Лысак билдиргендей, "жанкечти" дрон автоунаага тийип, андагы аял жана 12 жаштагы кыз каза болду. Төрт жаштагы кыз жана бир киши ооруканага жеткирилди. Наристенин абалы оор деп бааланууда.

Никополь – Кахов суу сактагычынын жээгиндеги шаар. Анын маңдайындагы жээкти көзөмөлдөп турган орусиялык аскер күчтөрү шаарды байма-бай аткылап келет.

Ишемби кечинде Харьков аткылоого кабылды. Авиабомба көп кабаттуу турак үйгө тийип, 21 адам жаракат алды. Арасында үч бала бар. Облустук аскердик администрациясынын маалыматында сокку Орусиянын Белгород облусу тараптан СУ-34 учагынан урулган. Харьковдо дагы бир нече үй талкаланды.

Орусия Украинага күндө чабуул жасап жатат. Орусиянын Коргоо министрлиги аскердик жайларды бутага алганын айтып келет. Москва Украинада соккулардан каза болгон жай тургандардын өлүмү, жарандык инфраструктурлардын талкаланып жатканы боюнча комментарий бербейт.

11:43 22.9.2024

Орусиянын армиясынын Украинанын Харьков шаарына жекшембиге караган түнкү чабуулунан жараат алгандар 21ге жетти. Анын үчөө балдар.

Бул тууралуу Харьков облустук аскердик администрациясынын башчысы Олег Синегубов билдирди.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG