Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:22
Угледар.
Угледар.

Украинанын 15 облусу аткыланды

Украинада согуш башталганына эки жарым жыл болду.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан.

23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, анын жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.

17:37 19.9.2024

Киев жана Москва 19-сентябрга карата фронттогу жана Орусиянын Курск облусундагы абал боюнча эки башка маалымат берип жатышат.

Орусия өз аймагын украин аскерлеринен тазалоодо алдыга жылганын айтса, Украина орусиялыктардын контрчабуулуна бөгөт коюлганын кабарлоодо.

Орусиянын Коргоо министрлигинин Башкы аскердик-саясий башкармалыгынын башчысынын орун басары, чеченстандык «Ахмат» атайын бөлүгүнүн командири Апти Алаудинов орус аскерлери Курск облусундагы эки айылды бошотконун жарыялады.

Ал тапта Курскиде украиндер ачкан аскердик комендатуранын өкүлү Алексей Дмитрашковский Орусиянын «фланг маневру» токтотулганын AFP маалымат агенттигине билдирди:

"Кырдаал турукташты жана бүгүн баары көзөмөлдө, алар ийгиликке жете алган жок".

Украин аскерлери 6-августта Орусиянын Курск облусуна кирип барып, бир нече айыл-кыштагын ээлеген, соңку маалыматында жалпысынан 1300 чарчы чакырымдык жерди көзөмөлдөп турганын маалымдаган. Өлкө президенти Владимир Зеленский Украинада Орусиянын жерин ээлеп алуу ниети жок экенин, бирок сүйлөшүүлөрдө, туткун айырбаштоодо көбүрөөк мүмкүнчүлүк алууга жол ачыларын айткан.

Алаудинов орус аскерлери Курскинин Николаево-Дарьино жана Дарьино калктуу пункттарын өз карамагына кайтарып алганын, Украинанын чыгышында да алга жылуу бар экенин белгилеп: "Биздин бүт фронтубуз алдыга жылды",— деп кошумчалады.

Курскинин жанындагы Белгород облусу 19-сентябрда да украиндердин артиллерия жана дрон чабуулуна кабылганын, жабыркагандар жок экенин аймактын башчысы Вячеслав Гладков маалымдады.

Украина Орусиянын кечээтен берки соккуларынан бир нече киши каза болуп, жараат алганын, кээ бир аймактарда электр тармагынын иши үзгүлтүккө учураганын билдирүүдө.

16:39 19.9.2024

WSJ: Путинге жаңы мобилизация жарыялоону Орусиянын Коргоо министрлигинин мурдагы жетекчилиги мурда эле сунуштаган, жарым жылдан бери аскерде адамдар жетишпей жатканы айтылууда

Бул тууралуу америкалык басылма Москвадагы ишенимдүү булактарына таянып билдирди. Анын маалыматында Путин жыл башында ошол кезде коргоо министри болуп турган Шойгу жана башка аскер жетекчилери менен жолуккан. Алар президенттик инаугурация маалында жаңы мобилизация жарыялоону сунуштаган, бирок Путин андан баш тарткан. WSJ булактарына таянуу менен башында Белоусов турган Коргоо министрлиги күч жетишсиздигинен Курск облусунда контрчабуулга өтө албай жатканын жазды. "Көп адамдар мобилизация жарыяланарын айта баштады", - деген WSJ басылмасынын ишенимдүү булагы.

16:30 19.9.2024

Киев Орусия аткан дрондордун баарын жок кылганын билдирди

Украин аскерлери бейшембиге караган түнү орусиялык аба чабуулунун мизин кайтарып, 42 дрондун баарын атып түшүрдү. Бул тууралуу 19-сентябрда Украинанын аба күчтөрү билдирди.

Абадан коргонуу күчтөрү Винниц, Днепропетров, Житомир, Киев, Кировоград, Николаев, Ровен жана Херсон облустарында иштеди. Дрондон тышкары канаттуу ракета да атып түшүрүлгөн.

15:33 19.9.2024

Украинанын Куралдуу күчтөрү 19-сентябрга караган түнү бир нече аймагы Орусиянын дрон жана ракета чабуулуна кабылганын билдирди. Абадан коргонуу системасы тогуз облуста – Днепропетров, Киев, Винница, Житомир, Ровно, Черкассы, Кировоград, Николаев жана Херсон аймактарында иштеди.

Башкарылуучу зениттик С-300/С-400 ракеталарынан үчөө, Х-59/69 башкарылуучу авиациялык ракетасынан бирөө, Shahed дрондорунан 42си учурулганы, учкучсуз учактардын баары атып түшүрүлгөнү, зениттик ракета менен сокку Харьковго урулганы маалымдалды.

Запорожье обулусунда, аймактын башчысы Иван Федоров билдиргендей, орус аскерлеринин авиа соккусунан бир аял каза болду, эки киши жараат алды.

Харьков облусунда Купянск шаарына урулган соккудан 50-85 жаштагы алты киши жараат алганын аймактын аскердик администрациясынын башчысы Олег Синегубов айтты.

Орусия түндө Украина тараптан учурулган үч согуштук дрон атып түшүрүлгөнүн билдирди.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG