Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:33
Угледар.
Угледар.

Украинанын 15 облусу аткыланды

Украинада согуш башталганына эки жарым жыл болду.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан.

23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, анын жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.

12:09 19.9.2024

Орусиянын аскерлери Покровск багытында алдыга жылууда

Орусиялык күчтөр курахов багытынын түштүк тарабына элүүдөй сокку урганын Украинанын куралдуу күчтөрүнүн маалыматында айтылат.

Донецк облусундагы Покровдун астындагы украин коргонуу күчтөрүнүн маанилүү логистикалык борбору жайгашкан. DeepState украин долбоорунун картасында орус күчтөрү Гродовкинин басымдуу бөлүгүн алганын көрүүгө болот.

14:08 18.9.2024

Орусиянын түндүк-батыш бөлүгүндө жайгашкан Тверь облусунун Торопец шаарында бүгүн 18-сентябрда дрон чабуулунан улам жарым-жартылай эвакуация жарыяланды. Шаардын аймагында жарылуу болуп, андан кийин катуу өрт тутанганын, курал-жарак сакталган кампалардын бири бутага алынганын социалдык түйүндөрдүн колдонуучулары жазып, сүрөт жана видеолорун жарыялап жатышат.

Облус башчысы Игорь Руденя билдиргендей, өрттүн чыгышына атып түшүрүлгөн жанкечти дрондун сыныгы түшкөнү себеп болду.

Торопец калаасынын айрым тургундары коңшу шаарларга чыгып кетүүдө, ал жактарда мектептер жана бала бакчалар убактылуу жабылып жатканы кабарланууда.

Орусиянын Коргоо министрлиги 18-сентябрга караган түнү өлкө аймагында жалпысынан 54 учкучсуз учак атып түшүрүлгөнүн кабарлаган. Мекеменин маалыматында Курск, Брянск, Смоленск, Белгород жана Орел облустары аталган, бирок Тверь боюнча эч нерсе айтылган эмес.

Торопецте курал-жарак, ракета жана жардыргыч зат сакталуучу кампа бар экени буга чейин расмий айтылып келген.

Орусия Украинага каршы согушун 2022-жылдын февралында баштаган. Украина коңшусунун толук масштабдуу агрессиясын токтотуунун негизги жолдорунун бири анын украиндерге каршы колдонуп жаткан курал-жарагын жеринен жок кылуу экенин айтууда.

13:43 18.9.2024

Украина Орусиянын кезектеги чабуулдарынан бир нече жараны каза болгонун 18-августта билдирди.

Кировоград облусунун Кропивницкий районунда бир нече үй талкаланып, өрт чыккан короодо бир кишинин өмүрү кыйылды, 90 жаштагы жергиликтүү тургун жараат алды. Бул тууралуу облустук аскердик администрациянын башчысы Андрей Райкович билдирди.

Запорожье облусуна жапырт чабуул жасалганын, эки киши каза болуп, бешөө жараат алганын, бир нече үй жана инфраструктура объектиси талкаланганын, урандыларды тазалоо иши жүрүп жатканын облус башчысы Иван Федоров кабарлады.

Сумы облусу бүгүн да жанкечти дрондордун чабуулуна кабылганын, бутага Сумы шаарынын энергетика ишканалары алынып, электр жарыгына чектөө киргизилгенин, адамдар арасында жабыркагандар катталбаганын облустук администрация билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, жалпысынан 18-сентябрга караган түнү жана эртең менен облус аймагында Орусия учурган Shahed дрондорунан 16сы атып түшүрүлдү.

Ал эми фронтто, Украинанын Башкы штабы билдиргендей, кечээтен бери 194 кагылышуу болду, чыңалган абал Покровск жана Курахово багыттарында сакталууда.

Орусия бийлиги 2022-жылдын февралында Украинага каршы толук масштабдуу согуш ачкандан бери шаар-кыштактарынын мектеп, бала бакча, оорукана, таза суу жана энергетика тармагы сыяктуу жарандык инфраструктурасын талкалап, адамдарын өлтүрүп жатканы тууралуу айыптоолорду четке кагып келүүдө.

Украин бийлиги жана эл аралык уюмдар Орусиянын куралдын көптөгөн түрү менен жасалып жаткан соккуларын атайын чабуул катары баалоодо.

10:43 18.9.2024

Орусиянын Курск облусунда кандай өзгөрүүлөр болуп жатканын “Эркин Европа/Азаттык” радиосу Twitter жана Telegram сыяктуу ачык булактардан такталган маалыматтарды пайдаланып түзгөн интерактивдүү картадан көрсө болот.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG