Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Апрель, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:31
Орусиянын соккусунда каза болгон украин жоокерин эскерип жаткандар . 20-апрель, 2025-жыл. Украина, Лычаков аскердик көрүстөнү
Орусиянын соккусунда каза болгон украин жоокерин эскерип жаткандар . 20-апрель, 2025-жыл. Украина, Лычаков аскердик көрүстөнү

Украина: Пасха элдешүүсү бүттү, Трамп тараптар "ушул аптада келишимге жетишет" деп үмүттөнөт

Украинада согуш башталганына үч жыл толду.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан.

23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, анын жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.

12:56

Украинанын аба күчтөрү Пасха элдешүүсү бүткөндөн кийин Орусия дрон жана ракеталар менен чабуул койгонун билдирди.

Маалыматта орус тарап 21-апрелге караган түнү саат 12ден кийин 96 дрон колдонгону айтылат. Анын 42си атып түшүрүлүп, калганы жок кылынган.

Херсон аймагына "Оникс" ракетасы менен, Николаевге эки жолу ракеталык сокку урулганы да кабарланды.

12:42

АКШнын президенти Дональд Трамп: “Украина менен Орусия ушул аптада келишимге жетишет деп үмүттөнөм”- деп билдирди. Бул тууралуу Кошмо Штаттардын президенти 20-апрелдин кечинде Truth Social платформасындагы баракчасына жазды.

“Эки тарап тең АКШ менен ири бизнес жүргүзөт, пайда табат”, - деп кошумчалады Трамп.

19-апрелде Орусиянын президенти Владимир Путин Пасха майрамынын урматына Украина менен 21-апрель саат 00:00гө чейин ок атууну 30 саатка убактылуу токтоторун жарыялаган.

Көп өтпөй эле Украинанын президенти Владимир Зеленский мындай келишимди кубаттап, бирок Орусия согушта тынчтыкты кармаса, өз өлкөсү да ошого жараша аракет кыларын билдирген.

Бул убакыт аралыгында Украинадагы шаарларга аба соккулары азайганы менен расмий Киев орус тарап ок атуу келишимин 3000 жолу бузду деп жарыялады.

Орус президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков мамлекеттик ТАСС агенттигине Путин 21-апрелден кийин ок атууну токтотуу келишимин узартпаганын билдирди.

Бүгүн таңга маал Киевде аба соккуларынын коргонуу тууралуу эскертүүлөр жаңырды. Ал эми Николаев облусуна дрон чабуулу жасалганын аталган аймактык жетекчилиги билдирди.

12:41

Украина менен Орусия Пасха майрамына байланыштуу ок атышууларды 30 саатка токтотуу келишимин бузду деп бири-бирин айыптады.

Орусиянын президенти Владимир Путин Коргоо министрлигинин Башкы штабынын башчысы Валерий Герасимов менен жолугушууда Пасха майрамынын урматына Украина менен убактылуу ок атууну токтоторун жарыялаган.

“Орус тарап 19-апрелде саат 18:00дөн 21-апрель 00:00гө чейин согуштук аракеттерди токтотот”, - деп айтылат Кремл тараткан билдирүүдө.

Орусиянын Коргоо министрлиги ок атышууну токтотуу режими "Украина анын шарттарын аткарганда" сакталарын тактады.

Көп өтпөй эле Украинанын президенти Владимир Зеленский мындай келишимди кубаттап, бирок Орусия фронтто тынчтыкты кармаса, өз өлкөсү да ошого жараша аракет кыларын билдирди.

"Тынчтыкка тынчтык, сокку урулса коргонуу үчүн жооп болот", - деди ал.

Зеленский ошол эле маалда Орусия тарап келишимдин шарттарын аткарбай жатат деп айыптап чыкты. Анын айтымында, орусиялык аскерлер фронттун айрым бөлүктөрүндө аскердик аракетин улантууда.

"Москванын сөзүнө ишеним жок. Биз Москва кантип манипуляция кыларын билебиз жана баарына даярбыз. Украинанын коргоо күчтөрү рационалдуу, өзүнө жараша жооп кайтарууга аракет кылат", - деди Зеленский.

Зеленский Пасхадан кийин да тынчтык режимин узартууну сунуштады.

"Бул Орусиянын чыныгы ниетин көрсөтөт, анткени 30 саат жарыя үчүн жетиштүү, бирок ишенимди чыңоочу ыкмалар үчүн жетишсиз", - деди украин президенти.

Орусия АКШнын 30 күн ок атышууну токтотуу сунушуна жооп бербегенин кошумчалады.

Ишемби күнү кечинде Зеленский фронттун айрым жеринде орусиялык артиллериянын добушу угулуп турганын айтты.

"Курск жана Белгородго Путиндин Пасха алдында айткан билдирүүсү жеткен жок. Аскердик аракеттер уланууда, орусиялыктар сокку уруп жатышат", - деди ал.

Орусиянын бийлиги 20-апрелде эртең менен Украинанын аннесияланган Донецк облусунда кеминде үч жардыруу болгонун, Киев Орусиянын жана аннексияланган аймактарда 48 дрон чабуулунун алдын алганын жарыялады.

Украин президенти Зеленский 20-апрелде Орусиянын армиясы ок атышууларды токтотконсуп көрүнгүсү келип жатканын, бирок соккулар уланып жатканын» айтты.

«Кечээ кечки саат 18:00дөн тартып Орусия тараптан түн оогонго чейин 387 аткылоо болду, 19 сокку урулду. Орусиялыктар 290 жолу дрон колдонду», — деп жазды Зеленский.

Кийинчерээк ал орусиялык аскерлер түндөн түшкө чейин 26 жолу чабуул койгонун, активдүү аракеттер Покровск жана Сиверск багытында жүргөнүн кабарлады.

Пасха белгиленип жаткан Киевде майрамга карата убактылуу элдешүүгө ишенбегендер көп болду.

«Мен абдан үмүттөнөм, бирок ишенбейм. Алар (орустар) айткан убадасын аткарбайт», — деди 37 жаштагы IT-адиси Дмитрий.

«Буга эч ким ишенбейт», —деди 40 жаштагы сатуучу Ольга Малашук. «[Путин] аскерин курал менен камсыздап алгысы келгендир, ага эч ким ишенбейт».

Москвада да коомчулук арасында бул келишим сакталарына ишенбегендер чыкты.

58 жаштагы Евгений Павлов AFP агенттигине: «Мунун мааниси жок, анткени мен Украинага ишенбейм», - деди.

85 жаштагы Мария Горанина: «Буга чекит коюш керек - же бар, же жок. Же биротоло элдешүү керек же такыр келишим түзбөө керек», - деген ою менен бөлүштү ал.

Поп Сергей Зезул согушта талкаланган чиркөөнүн алдында Пасха жөрөлгөсүн жасап жатат. Украинанын Лукашевка кыштагы. 20-апрель, 2025-жыл
Поп Сергей Зезул согушта талкаланган чиркөөнүн алдында Пасха жөрөлгөсүн жасап жатат. Украинанын Лукашевка кыштагы. 20-апрель, 2025-жыл

ЕБдин тышкы иштер боюнча маалымат катчысы Анитта Хиппер да Батыш Киевди колдоону уланта турганын билдирди.

«Эгер чындап эле каалоосу бар болсо Орусия бул согушту качан болбосун токтото алат. Биз Украинаны колдоону улантабыз», — деди ал 19-апрелде Путин ок атуулар токтогонун жарыялагандан кийин.

Путиндин мындай чечими АКШ президенти Дональд Трамп жана Вашингтондогу башка расмий өкүлдөр төрт жылдан ашкан Украинадагы согушту токтотуу боюнча сүйлөшүүлөр жай жүрүп жатканын айткандан кийин жарыяланды.

23:30 19.4.2025

Орусиянын президенти Владимир Путин Коргоо министрлигинин Башкы штабынын башчысы Валерий Герасимов менен жолугушууда Пасха майрамынын урматына Украина менен убактылуу ок атууну токтоторун жарыялады.

“Орус тарап 19-апрелде саат 18:00дөн 21-апрель 00:00гө чейин согуштук аракеттерди токтотот”, - деп айтылат Кремл тараткан билдирүүдө.

Орусиянын Коргоо министрлиги ок атышууну токтотуу режими "Украина анын шарттарын аткарганда" сакталарын тактады.

  • 2023-жылдын январында да Путин коргоо министри Сергей Шойгуга Рождество майрамына карата ок атууну токтотууну тапшырып, иш жүзүндө Украинаны аткылоо уланган.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG