Орусия 2-июнга караган түнү Украинанын шаарларына учкучсуз учактар жана баллистикалык ракеталар менен жапырт чабуул жасаганын Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн Аба күчтөрү билдирди.
Каспий деңизи тараптан орус аскерлери "Калибр" канаттуу ракеталарын учурган.
Киевдин мэри Виталий Кличконун айтымында, борбор калаада кеминде төрт адам каза болуп, 50дөн ашуун адам жаракат алды. Шаардын үч районунда электр жарыгы үзгүлтүккө учурады.
Киев шаардык аскердик администрациясынын башчысы Тимур Ткаченко билдиргендей, Подольский районунда атып түшүрүлгөн ракетанын сыныктары турак үйдүн чатырына кулап, өрт чыгып, терезелери талкаланган.
Днепр шаарында орусиялык чабуулдан беш адам, анын ичинде 73 жаштагы аял каза болуп, 25 адам жаракат алганын жергиликтүү облустук аскердик администрациянын башчысы Александр Ганжа кабарлады. Анын айтымында, соккулардын бири турак жай кварталына тийип, өрт чыккан.
Харьковдун эки районунда аткылоодон алты адам, анын ичинде 11 жаштагы кыз жаракат алганын Telegram каналында жергиликтүү администрация башчысы Игорь Терехов маалымдады.
1-июндун кечинде Орусиянын президенти Владимир Путин Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аннексияланган Луганск облусунун Старобельск шаарына жасаган акыркы чабуулу согушка "жаңы сапат" бергенин билдирген. Ал сокку жергиликтүү коллеждин имараттарын жарым-жартылай талкалап, оккупациялык "бийликтин" маалыматы боюнча, 21 студенттин өлүмүнө алып келген.
Украинанын президенти Владимир Зеленский 1-июндун кечинде Орусия жапырт чабуул жасоого камданып жатканын эскерткен.
24-майда Орусиянын армиясы Киевге жана Киев облусуна жапырт чабуул жасаган, анда Орусия "Орешник" ракетасын үчүнчү жолу колдонгон. Эки адам каза болуп, дагы 80и жаракат алган.
Кышка чейин Орусия менен сүйлөшүүнүн жолун табуу зарыл. Бул тууралуу Украинанын президенти Владимир Зеленский америкалык CBS News телеканалына берген маегинде билдирди.
Анын айтымында, Украина үчүн согуш талаасында түзүлгөн ыңгайлуу жагдайды пайдалануу керек. Зеленскийдин пикиринде, орус армиясы 2025-жылдын декабрынан тартып фронттогу демилгени жогото баштаган.
«Бир айдын ичинде алар ошол эле мезгилде жоготкон аймактарынан көбүрөөк жерди басып ала албай жатат. Ошондуктан азыр биздин колубузда кышка чейин убакыт бар. Менин оюмча, кыш келгенге чейин сүйлөшүү үстөлүнө отуруп, диалогду баштоонун дипломатиялык жолун табышыбыз керек. Бирок бул Путинге көрсөтүлө турган басымдан, анын коомунун ичиндеги басымдан көз каранды. Менимче, бул басым күчөп жатат. Санкцияларды жеңилдетпестен, тескерисинче дагы күчөтүү керек», - деди украин президенти.
Эске салсак, буга чейин баш кеңсеси Вашингтондо жайгашкан Согушту иликтөө институту апрель айында Орусиянын армиясы жаңы басып алган аймактардан көбүрөөк жерди жоготконун билдирген. Мындай көрүнүш 2024-жылдагы Курск операциясы башталгандан бери биринчи жолу катталды. Талдоочулардын баамында, Украинанын негизги артыкчылыгы дрондор аркылуу жасалган чабуулдарда болуп жатат.
Орусиянын армиясы 1-июнга караган түнү Украинага 265 учкучсуз учак менен сокку урду, анын 228и атып түшүрүлдү.
Бул тууралуу Украинанын Куралдуу күчтөрү билдирди.
Украинанын Өзгөчө кырдаалдар боюнча мамлекеттик кызматы тараткан маалыматка караганда, Чернигов облусунда дрон чабуулунан сегиз киши түрдүү жараат алды, алардын үчөө балдар.
Корюков районундагы Сновское кыштагында маданият үйүндө өрт чыкты, Репки айылында менчик чарбага зыян келтирилди.
Харьковдо соккулардан төрт аял жараат алды. Украинанын Өзгөчө кырдаалдар боюнча мамлекеттик кызматы көп кабаттуу турак жайлар, жеңил машинелер жана гараждар бузулганын маалымдады.
Харьков облустук аскердик администрациясынын башчысы Олег Синегубов чабуулда беш кабаттуу үй жана ага танапташ жайгашкан көп кабаттуу турак жайларга зыян келтирилгенин, эки гараж толук талкаланып калганын соцтармактардагы баракчаларына жазды.
Одессада түнкү соккулардан алты адам жабыркады. Тогуз кабат үйдүн фасады, балкону, административдик имаратына зыян келтирилгени, бир жана эки кабаттуу үйлөр бузулуп, үч автоунаа, буудай кампасы күйүп кеткени кабарланды.
Кийинчерээк Одесса шаардык аскердик администрациясынын башчысы Сергей Лысак түнкү чабуулдардан жети киши жараат алганын тактады.
Орусия аннексиялап алган Крымдын жана Севастополдун бийлиги күйүүчү май жетишсиздигинен улам бензинге талон тартибин киргизди.
31-майдан тартып жарым аралда АИ-95 үлгүсүндөгү бензин АТАН жана ТЭС май куюучу жайларында талон менен гана сатылып жатат. Ал эми АИ-92 үлгүсүндөгү бензин бир автоунаага 20 литр эле берилет.
Севастополдо эки үлгүдөгү бензин талон менен сатылууда.
Крымдын Орусия дайындаган башчысы Сергей Аксёнов абал 30 күн аралыгында жөнгө салынып каларын билдирди. Севастополду башкарып жаткан Михаил Развожаев чектөөлөрдү кара майдын корун толуктоо үчүн зарыл жана убактылуу кадам деп атады.
Аймакка күйүүчү май жеткирүү Украинанын Аба күчтөрү жарым аралдагы Орусия менен туташтырган логистикалык каттамдарга сокку ургандан кийин көйгөйгө айланды.
Буга чейин жергиликтүү бийлик Крымга "жетүүчү көпүрө" деп аталган кан жолдогу кыймылга чектөө киргизген. Акыркы апталарда жарым аралда күйүүчү май сатууга чектөөлөр болуп, көптөгөн станцияларда АИ-95 үлгүсүндөгү бензин жок болуп жаткан.
"Агентство" Орусияда кара майга талон тартиби өтө сейрек киргизилерин эске салды.
Мындай учур акыркы жолу 2017-жылы Магадан облусунда жергиликтүү бийликтин чечими менен киргизилген. Ага дейре жапырт чектөөлөр 2011-жылы Тува, Приморье жана Амур облустарындагы кара май кризиси маалында катталган.