Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:48

Максим Бакиев сот ишиндеги күбөнү коркутканбы?


Максим Бакиев Лондондогу сотто. 7-декабрь, 2012-жыл.
Максим Бакиев Лондондогу сотто. 7-декабрь, 2012-жыл.

Улуу Британияда мурдагы кыргыз президентинин уулу Максим Бакиев менен британ бизнесмени Шон Дейлинин ортосундагы соттук иштин негизги күбөсү – Израилдин жараны Берти Синбети колго түшкөнү ырасталды.

Израилдик ишкер Берти Синбети былтыркы соттук териштирүүгө келбегени үчүн жоопко тартылып жатканын Дейлинин жактоочулары "Азаттыкка" ырасташты. Синбети өзү Максим Бакиев коркутканы үчүн сотко келбегенин айтууда. Ишкер Шон Дейли 11 жыл мурда Максим Бакиев аны өлтүрүүгө буюртма берген деген жүйө менен Лондон сотуна кайрылган. Сот далилдер жетишсиздигинен Бакиевди актаган. Эми бул соттук иш кайра жанданышы мүмкүн.

Кол салуу жана соттошуу

Кезинде Таластагы Жерүй алтын кенин иштетүүнү көздөгөн британиялык "Оксус голд" тоо-кен компаниясынын өкүлү Шон Дейлиге 2006-жылдын 7-июлунда таң сүрө Бишкектин четинде кол салуу болгон. Белгисиз адамдар төрт жолу ок атып, алардын бири Дейлинин ички органдарын катуу жаралаган. Оор абалдагы британ ишкери тезинен ооруканага жеткирилип, ага операция жасалган. Бир нече күндөн кийин ал Улуу Британияга жөнөтүлүп, кийин сакайып кеткен.

Шон Дейли ошол учурдагы президент Курманбек Бакиевдин уулу Максим Бакиев аны өлтүрүүгө "буюртма берген жана кол салууну уюштурган" деген жүйө менен Британиядан баш калка тапкан кенже Бакиевди сотко берип, алган жарааты үчүн компенсация талап кылган.

Лондондун Жогорку Соту бул ишти былтыр июнь-июль айларында караган. Соттук угууда Шон Дейлинин жактоочулары Максим Бакиев "Оксус голддун" өкүлүнүн көзүн тазалоого жанталашып, Жерүй кенин пост-советтик чөлкөмдөн чыккан олигархтар Борис Березовский жана Бадри Патаркацишвили артында турат делген "Глобал голд" компаниясына алып берген деп билдиришкен.

Шон Дейли
Шон Дейли

Баш-аягы 12 күбөнүн ичинде Максим Бакиевдин өз оозунан Шон Дейлини өлтүрүү жөнүндө укканын айткан израилдик ишкер Берти Синбети болгон. Бирок Синбети белгисиз себептер менен сотко келбей калган. Акыры судья жетиштүү далил жок деген жүйө менен Максим Бакиевди актап жиберген.

Эми дал ошол күбө - Берти Синбети 9-июнда Англиянын Жогорку Сотунун өтүнүчү менен Британияда колго түшүп олтурат. Бул маалыматты алгач Шон Дейлинин Кыргызстандагы кызыкчылыгын коргогон "Гранд-профи" юридикалык компаниясы "Азаттыкка" билдирди.

Андан соң Шон Дейлинин өзү да "Азаттык" менен маегинде бул маалыматты ырастады:

- Былтыр Лондондо өткөн соттук териштирүүдө көп адамдар көрсөтмө бермек. Алардын үчөө көрсөтмө беришкен жок. Анын себеби белгисиз болуп калган. Бирок күбөлөрдүн бири - Израил жараны Синбети мырза өткөн жылкы сотко көрсөтмө берүүгө келбегени үчүн жакында кармалып, Лондон сотуна алынып келинди. Мен түшүнгөндөн, ал өткөн жылы судьянын көрсөтмө берүү буйругун эмне үчүн аткарбаганын түшүндүрүү үчүн сот алдына келди.

"Азаттык": Ал өткөн жылы эмне үчүн көрсөтмө берүүгө келбегени тууралуу сизде маалымат барбы?

- Мен түшүнгөндөн, анын адвокаттары 9-июндагы соттук угууда Синбети мырза Максим Бакиев коркутканы үчүн [былтыркы] сотко келбегенин судьяга айтышкан экен.

Сотко келбегени үчүн айыпталып жаткан Синбети күрөөгө акча койгондон кийин бошотулганын, күндө полицияга маалымат берип турушу керектигин, 30-июнда анын иши сотто каралаарын Дейлинин жакын санаалашы Лес Голдинг ​"Азаттыкка" курган маегинде айтты.

Мурдагы президент Курманбек Бакиевдин үй-бүлөсү
Мурдагы президент Курманбек Бакиевдин үй-бүлөсү

Симбети эмне билет?

2014-жылы Бишкектин Биринчи май райондук соту британ бизнесменине кол салуу боюнча экс-президент Курманбек Бакиевди жана анын улуу уулу Марат Бакиевди 20 жылга сыртынан эркинен ажыраткан. Мурдагы президенттин иниси Жаныш жана кичүү уулу Максим Бакиев өмүрүнүн аягына чейин сыртынан абакка кесилген. Ал соттук иштен мурда израилдик ишкер Берти Синбети 2013-жылы июнь-август айларында Кыргызстандын Башкы прокуратурасына көрсөтмө берген.

Лондондогу соттук териштирүүдө анын бул көрсөтмөсү колдонулган. Ал көрсөтмөдө израилдик ишкер Симбети британ ишкерине кол салуу болгондон көп өтпөй Максим Бакиев менен Бишкекте жолукканын айткан. Ал жолугушуу маалында кенже Бакиев Жерүй боюнча маселе жаратып жатканы үчүн Шон Дейлини жок кылуу аракети болгонун Симбетиге айтып бергени көрсөтмөдө белгиленген. Сотто Максим Бакиевдин жактоочулары Синбетинин бул көрсөтмөсүн ишеним жаратпайт деп четке кагышкан.

Лондондогу соттук ишке баштан аяк көз салып жүргөн Дейлинин жакын саналаашы Лес Голдинг Максим Бакиев күбөлөрдү коркутту деген айыптар тастыкталса, иш кайра каралышы мүмкүн дейт:

- Кыргызстанда башка күбөлөр да көрсөтмө бериши мүмкүн болуп турат. [Британиялык] Судья алгачкы өкүмүн жокко чыгарышы мүмкүн. Эгер күбөлөр Максим Бакиевге каршы сотто көрсөтмө бербеши үчүн коркутууга кабылган болсо, судья бул жагдайды эске алышы мүмкүн.

Кезинде "Оксус" компаниясы иштетүүнү каалаган Жерүй - Кыргызстандагы Кумтөрдөн кийинки эле эң ири алтын кени
Кезинде "Оксус" компаниясы иштетүүнү каалаган Жерүй - Кыргызстандагы Кумтөрдөн кийинки эле эң ири алтын кени

Британ ишкери Шон Дейлинин кызыкчылыгын коргогон Бишкектеги "Гранд-профи" юридикалык фирмасынын өкүлдөрү да соттук териштирүү кайра башталышы мүмкүндүгүн ишара кылып, Кыргызстандан да көрсөтмө берчү адамдар бар экенин "Азаттыкка" ырасташты. Кезинде Бакиевдердин үй-бүлөсүнөн жабыр тартты делген депутат Эльвира Сурабалдиева жана Курманбек Бакиевдин мурдагы кеңешчиси Замир Бекбоев да күбө катары каралып жатканы кабарланды.

Соңку жагдайлар боюнча Максим Бакиевдин жактоочулары менен байланышууга мүмкүн болгон жок. Өткөн жылы жай айында Лондондо өткөн соттук териштирүүдө Курманбек Бакиев Минсктен видео аркылуу көрсөтмө берип, өзүнүн жана өз үй-бүлөсүнүн Шон Дейлиге кол салууга жана Жерүй кенине тиешеси жоктугун билдирген.

Максим Бакиев Британ жарандыгын алышы мүмкүн

Максим Бакиевге байланыштуу ишке Британиядагы кыргыз элчилиги да көз салып жатат. Кыргызстандын Лондондогу элчиси Гүлнара Искакова Британияда жети жылдан бери жашап жаткан Максим Бакиев ушул жылдын акырында британ жарандыгын алууга арыз жазышы мүмкүндүгүн, мындай жагдайды кыргыз тарап туура эмес деп эсептээрин "Азаттыкка" айтты:

- Бул туура эмес. Анткени Максим Бакиевге карата бир нече кыргыз сотторунун өкүмдөрү бар. Бирок Британия экстрадиция тууралуу келишим жок деп Максим Бакиевди өткөрүп берүүгө макул болбой жатат. Жакында Парижде Валерий Белоконь, "Манас" банктын иши боюнча аппеляциялык соттун чечими чыкты. Ал жерде Париждин соту Максим Бакиев Белоконь менен түздөн-түз байланышы бар деп айтты. "Манас" банкын акчанын изин жашыруу үчүн уюштурушкан, ага катышкан деди. Ушул чечим турганда Британиянын өкмөтү Максим Бакиевге жарандыгын берсе, туура эмес болот. Анткени акчанын изин жашырган мекемелер кылмыштуулук, терроризмге да жол бериши мүмкүндүгүн элдин баары билет. Британия [жарандык маселесин] колдосо, өзүнүн коомуна карата да туура эмес кадам болот.

Максим Бакиевге таандык делген Лондондун четиндеги үй.
Максим Бакиевге таандык делген Лондондун четиндеги үй.

Максим Бакиев Британияда баш калка тапкандан көп өтпөй Global Witness журналисттик иликтөөлөр борбору ал Лондондун четиндеги Саррей районунда наркы 3,5 млн фунт стерлинг турган үйдө жашап жатканын аныктаган. Журналисттер бул үй 2010-жылы августта сатып алынганын жазышкан. Ал уюмдун активисти Наоми Хёрст шектүү хансарай иликтениши керектигин, Шон Дейлинин иши боюнча көп суроолорго жооп табыла электигин "Азаттыкка" айтты:

- Биздин баяндамада көтөрүлгөн жана Шон Дейли алып чыккан суроолор азырынча жоопсуз калып жатат. Шон туш болгон окуялардын жана Британиядагы хансарайга салынган шектүү каражаттын азыркы абалынын иликтенишин кубаттайбыз. Көп суроолор бар. Соттук иш анын чын-бышыгын аныктайт деп ишенебиз.

Апрель ыңкылабынан кийин Максим Бакиевге коррупциялык иштерге аралашкан, өлкөнүн кызыкчылыгына каршы иштеген деген айыптардын негизинде Кыргызстанда кылмыш иш козголгон жана эл аралык издөө жарыяланган. Курманбек Бакиев буга чейинки интервьюларында бул айыптоолорду четке кагып келатат. Лондондогу былтыркы соттук угууда Максим Бакиев британ жараны Шон Дейли коюп жаткан айыптарды четке кагып, аларды негизсиз деп атаган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

XS
SM
MD
LG