Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:26

"Тынчтык бербей, коркутуп жүргөн". Селекциядагы окуянын чоо-жайы


Селекциядагы сестенткен кылмыш
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:53 0:00

Селекциядагы сестенткен кылмыш

Бишкектин чет жакасындагы Селекция айылында 36 жаштагы келин мурдагы күйөөсүнөн бычак жеп, оор абалда ооруканага түштү. Бул маалыматты Чүй облустук милициясы ырастап, кылмышка шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилгенин ырастады.

Азыркы учурда жабырлануучунун абалы оор. Дарыгерлер кан көп кетип калганын айтып жатышат.

"Эки күн мурун эле коркутуп кеткен"

20-сентябрга караган түнү Бишкектин чет жакасындагы Селекция айылындагы көп кабаттуу үйдүн биринде үрөй учурган окуя болду. 36 жаштагы келинди мурдагы күйөөсү таң атканча сабап, кулак, мурдун кескилеп салган. Ызы-чуудан ойгонуп кеткен кошунасы милиция чакырбаганда, окуя өлүм менен аякташы мүмкүн эле деди.

Биз окуя болгон үйгө милиция менен кошо кирген жаран менен сүйлөшө алдык. Анын аябай коркуп калганы билинип эле турду. Жеке коопсуздугу үчүн атын атаган жок:

"Таңкы 7лерде ызы-чуудан ойгонуп кеттим. Тыңшасам, "ыйлаба, ыйласаң таарынам" деген эркек кишинин үнү чыкты. Анан дароо эле милицияга кабарладым. Эшигин ачып жиберсек эле тиги зөөкүр ашканадан чуркап чыгып, милицияга кол салды. Аны кармап кетишти. Үйдүн ичи бүт кан. Мурдун, кулагын, бетин кесиптир. Мыкаачылык менен кыйнаптыр. Төртүнчү класстагы баласы нес болуп калыптыр. Аялды кайсы учурда бычактаганын кудай билет", - деди ошол жакта жашаган жаран.

Кошуналарынын айтымында, жабырлануучу менен ага кол салган жарандын ортосунда эки бала бар. Алардын бирөө окуя болгон учурда үйдө болгон. Келинди жакшы тааныгандар мурдагы күйөөсү буга чейин да коркутуп жүргөнүн, бул боюнча милицияга кайрылганын да айтып беришти.

"Мен муну үйгө эмнеге киргиздиң эле деп сураганга жетиштим. Көрсө таң атпай жумушка кетейин деп эшикти ачканда кирип келиптир да. Андан эки күн мурун эле коркутуп кеткенин айтып берген. Мен билишимче, булар сот аркылуу ажырашкан. Бирок күйөөсү такыр тынчтык бербей, коркутуп жүргөн. Баарыбыз коркуп отурабыз", - деп калтырап айтып берди ошол үйдө жашаган жаран.

Сокулук райондук милициясы "Денеге оор залал келтирүү" беренеси менен иш козгоп, 39 жаштагы жаранды убактылуу кармоочу жайга киргизген. Милициянын маалыматында мындай деп жазылат:

“2023-жылдын 20-сентябрь күнү Сокулук райондук ички иштер бөлүмүнө Селекция айылындагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринде 1987-жылы туулган Н.А. аттуу жаран денесине бычактан алган жаракаттар менен ооруканага жеткирилгендиги жөнүндө маалымат түшкөн. Бул окуя боюнча кылмышка шектүү катары 1984-жылы туулган Э.А. аттуу жаран кармалып, Кыргыз Республикасынын ЖПКнын 96-беренесине ылайык убактылуу кармоочу жайына киргизилди”.

Милициядан кылмышка шек саналган жаран боюнча буга чейин да кайрылуу түшкөнбү же жокпу дегенди тактоого мүмкүн болгон жок.

Селекциядагы кылмышка шектүү. Милиция тараткан сүрөт.
Селекциядагы кылмышка шектүү. Милиция тараткан сүрөт.

"Көп кан жоготкон"

36 жаштагы келин Улуттук госпиталдын кайра жандандыруу бөлүмүнө жеткирилип, 11:30дан тарта операция жасала баштаган. Биз кечки саат 5те барганыбызда операциядан чыга элек экен. Госпиталдын башкы дарыгери Бакыт Төлөгөнов бейтаптын абалы боюнча буларды айтты:

"Бетиндеги, моюнундагы жарааттарын тигип койдук. 16:30дагы маалымат боюнча, кулагына операция жасалып жатат. Операция учурундагы абалы туруктуу болгону менен, оор. Анткени көп кан жоготуп койгон. Бул абалдан чыгарып алганга аракет кылып жатабыз. Кулак менен мурундун саат канчада кесилгенин, бизге келгенче канча туруп калганын тактап атабыз. Анткени бул дене мүчөлөрүн калыбына келтирүү үчүн маанилүү. Бейтапты алдыда дагы операциялар күтүп турат".

Күйөөсүнүн зомбулугунан майып болуп калган же ажал тапкан коркунучтуу окуялар буга чейин да катталган. Аялдарга жана балдарга зомбулук көрсөткөндөргө карата жазаларды катаалдаштыруу, алдын алуу чараларын күчөтүү аракеттерине карабастан, мындай окуялар токтобой келүүдө.

Айрым укук коргоочулар буга сот адилеттигинин начардыгы, укук коргоо органдарынын кайдыгер мамилесинин да таасири тийип жатканын белгилейт.

Дүйнөдөгү аялдардын коопсуздугу жана бейпилдиги боюнча глобалдык индексте (WPS) Кыргызстан 2021-жылы кооптуу өлкөлөрдүн катарына кирген.

  • 16x9 Image

    Айбек Бийбосунов

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. 2015-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

     

XS
SM
MD
LG