Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:55

Бердымухамедов уулун орун басарлыкка дайындады


Сердар Бердимухамедов
Сердар Бердимухамедов

Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов өзүнүн баласы Сердарды өзүнүн орун басарлыгына, ошондой эле, Түркмөнстандын Жогорку көзөмөл палатасынын төрагалыгына дайындады.

Сердар Бердымухамедовду Түркмөнстандын Жогорку көзөмөл палатасынын төрагалыгына дайындоо жөнүндө ушул аптанын башында "Азаттык" радиосунун түркмөн кызматынын журналисттери кабарлаган, бирок анда ал маалымат тастыкталган эмес болчу. Эми Сердар Бердымухамедов Эсеп палатасын жетектей тургандыгын журналисттерге президенттин коопсуздук кызматкери билдирген.

Ал ошондой эле министрлер кабинетинин төрагасынын орун басарларынын бири жана Түркмөнстандын Мамлекеттик коопсуздук кеңешинин мүчөсү да болот.

Ал эми "Turkmenportal" сайты Бердымухамедов өзүнүн орун басарлык кызматы үчүн атайын буйрук чыгарганын жазды.

"Министрлер кабинетинин жана Мамлекеттик коопсуздук кеңешинин ишин мындан ары өркүндөтүү, ошондой эле мамлекеттик менчикке көзөмөлдү күчөтүү, анын ичинде финансылык ресурстарды туура пайдалануу жана лицензиялык бүтүмдөрдү жүргүзүү максатында" чыгарылганы кабарланды.

Түркмөн лидери ошондой эле жаңы вице-премьер-министрдин милдетине "санариптештирүү, мамлекеттик жана коомдук тартип системасына, саламаттыкты сактоо, билим берүү, каржы жана экономика тармактарына инновациялык технологияларды киргизүү иштери кирерин" билдирди.

Сердар Бердымухамедов Татарстанда иш сапарында. 2017-жыл.
Сердар Бердымухамедов Татарстанда иш сапарында. 2017-жыл.

Ал арада жаңы дайындалган Сердар Бердымухамедов бул кызматка келерден мурун борбор калаа Ашхабаддагы Түркмөнстандын Жогорку көзөмөл палатасынын имаратында тез арада оңдоо иштери жүргүзүлгөн.

"Азаттык" радиосунун түркмөн кызматынын кабарчысы ал имаратка 10-февралда барып, Сердар Бердымухамедовго атайын эс алуучу жай да курулганын кабарлады.

"Мамлекеттик имараттын жанында жайгашкан бардык турак үйлөрдүн сырты жаңыдан сырдалды. Ошондой эле жакын жайгашкан үйлөрдүн жашоочуларына короого жеке унааларын токтотууга тыюу салынды" дейт түркмөн кабарчы.

Түркмөн лидеринин 39 жаштагы уулу буга чейин өлкөнүн өнөр жай жана курулуш министри болуп иштеген. Ал бул кызматка былтыр 7-февралда дайындалган. Ага чейин Ахал облусун жетектеген.

Сердардын кызматтык тепкичке көтөрүлгөнү “мураскерди” таптоо аракети катары кабыл алынууда. Анын саясий карьерасы 2016-жылдын аягында өлкөнүн парламентине депутат болуп шайланганда башталган. Ошондон бери анын коомдук жана саясий активдүүлүгү байкалды.

Расмий басылмаларда Бердымухамедовду «элдин уулу» деп даңазалап жазышат. Атасы менен кошо эл алдына чыкканда ЖМКлар аны «муундардын мураскерлиги» катары сыпатташат.

Президент Гурбангулы Бердымухамедов жана уулу Сердар үй-бүлөсү менен. 2017-жыл.
Президент Гурбангулы Бердымухамедов жана уулу Сердар үй-бүлөсү менен. 2017-жыл.

Буга чейин Сердар Бердымухамедов өлкө жетекчилери катыша турган эл аралык ар кандай иш чараларга Түркмөнстандын президентинин атынан барып жүргөнү маалым. Мисалы, 2018-жылы Борбор Азиядагы мамлекет башчыларынын жыйынына катышып, КМШнын министрлер жыйынына да барган. 2017-жылы бир катар чет өлкөлөрдө жумушчу, расмий сапар менен болгон.

Серепчилердин айтымында, президенттин уулун жаңы кызматка дайындоо бийлик сценарийинин бир бөлүгү. Ал эми Борбор Азия чөлкөмүндө президенттердин уул-кыздарынын, жакын туугандарынын мамлекеттик жооптуу кызматтарга дайындалышы, бийликтин атадан балага өтүү мүмкүндүгү тууралуу сөздөр кадыресе көрүнүшкө айланган.

  • 16x9 Image

    Элвира Будайчиева

    "Азаттык" радиосунун Стамбулдагы кабарчысы. Кыргыз-түрк "Манас" университетин жана Стамбулдагы Йедитепе университетинин магистратурасын бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG