“Мекендин чыныгы уулу. Мяликгулы ага бүт өмүрүн арнаган иш” деп аталган китептин бет ачары жума күнү Ашхабадда Түркмөн мамлекеттик университетинде жана башка жогорку окуу жайларда өттү.
Орус жана түркмөн тилдеринде чыккан илимий-даректүү эмгекти басмага Түркмөнстан президентинин Архивдик фондунун кызматкерлери даярдашты.
Китептин бет ачарына өкмөт мүчөлөрү, парламент депутаттары, ардагерлер, коомчулуктун өкүлдөрү, Ашхабаддагы жогорку окуу жайлардын мугалимдери жана студенттери катышты.
Өкмөттүк "Түркмөнстан: алтын доор" интернет басылмасында маалымдалгандай, “жаңы китеп биринчи кезекте түркмөнстандыктардын жаңы муунун тарбиялоодо чоң тарбиялык мааниге ээ”.
Китеп “Президент Гурбангулы Бердимухамедов өз ата-энеси жөнүндө” деген бөлүм менен ачылат. Ага эпиграф катар улут көсөмүнүн “Мага татыктуу тарбия бергени үчүн мен ата-энеме аябай ыраазымын” деген сөзү алынган.
Ашхабаддык журналист Ашыркули Байриев жаңы китепти толук окуп чыкканга үлгүрбөгөнүн, бирок ал өлкө лидери, анын бир туугандары, жакындары жөнүндө эл ичиндеги ар кандай имиш-имиш сөздөргө жооп берчү маалыматтарды камтыганын айтат.
- Китепте Мяликгули аганын турмуш жолу, 1941-45-жылдардагы Ата Мекендик согушка катышканы, андан кийин Түркмөнстандын Ички иштер министрлигинин түзүмдөрүндө иштеп, пенсияга чыкканча мекенине ак кызмат кылганы айтылат. Мяликгулы ага согуш кезинде жазган бир нече ыр да жыйнакка кирген. Ал эмгек жолун ата кесибин улантып, мектепте мугалим болуп иштөөдөн баштаган экен. Мяликгулы аганын беш кызы жана жалгыз уулу бар экенин ушу китептен билдик.
Түркмөнстандын расмий маалымат булактарынын билдиришинче, өлкө президентинин чоң атасы Бердимухамед Аннаев башталгыч мектептин директору болуп иштеп жүрүп, согушка кеткен жана 1948-жылы миңдеген адамдардын өмүрүн алган Ашхабаддагы жер тербетүүдө курман болгон.
Атасы подполковник чининде пенсияга чыккан. Жакында эле Мяликгули ага кызмат өтөгөн Ички иштер министрлигинин аскерий бөлүгүнө анын ысмы берилип, иш бөлмөсү музейге айландырылган.
Президент Гурбангулы Бердымухамедовдун “Чоң атасынын арзуу тилегин жүзөгө ашырган небере” деген китеби 2009-жылы түркмөн тилинде жарыяланып, кийин орус тилинде “Имя доброе нетленно” (Жакшы ысым өчпөйт) деген ат менен жарык көргөн.
- Президент чоң атасы жөнүндө жазган даректүү көркөм романда тарыхый инсандар тууралуу да айтылат, - дейт Ашыркули Байриев. -Мисалы, биринчи түркмөн агартуучусу Мухаметкули Атабаев алардын үйлөрү менен катташып, чоң атасына устат болуп, кеңеш берет экен. Атабаев совет бийлигине чейин курган дүниябий мектептин имараты дале турат. Президенттин атасын Атабаевдин шакирттеринин бири десе да болот.
Гурбангулы Бердимухамедовдун жазмачылык таланты өлкөнүн мурунку көсөмү Түркмөнбашы Сапармурад Ниязов сыяктуу эле президенттик орунга отургандан кийин башталган. Ал мамлекет башына келгенден берки алты жылга жетпеген убакта жогоруда айтылгандан башка дагы илимий-медициналык эмгектеринин жана тандалма сөздөрүнүн жыйнактарын, жандай сүйгөн ахалтекин тукумундагы күлүктөр жөнүндөгү, ошондой эле “Түркмөнстандын дары чөптөрү” деген китептерини жарыялаганга жетишти.
Түркмөн акыны Ашыркули Байрыевдин айтышынча, дүкөндөрдө мурдагы президенттин китептери “уй жалмагандай” жок болгон. Алардын ордун “Аркадаг” же “Арка-жөлөк” Гурбангулы Бердимухамедовдун чыгармалары ээлеген.
- Азыр китеп дүкөндөр менен гезит-журнал саткан күркөлөрдүн текчелери азыркы президенттин атынан жазылган, ал өзү жазган китептерге толгонун көрөсүң. Маркум Ниязовдун бирин-серин китеби кайсы бир дүкөндүн текчесинде сакталып калбаса, Ашхабаддын борбордук дүкөндөрүндө жана Түркмөн улуттук университетинин китеп күркөсүндө жок. Бир же үч айда бир чыкчу журналдардын мукабалары президенттин сүрөтү менен чыгат. Ошондуктан дүкөнгө барсаң, бир автордун гана китептери сатылып жаткандай таасир калтырат.
Сапармурад Ниязов тирүү кезде ал жазган “Рухнаме” улуттун насыят китеби катары бардык дүкөндөрдө сатылып, мектепте жана окуу жайларда окутулчу.
Баса, Мяликгулы ага тууралуу китептин жүз ачарынын катышуучулары өлкө президентине жолдогон кайрылууда жаңы китеп жаштарды эмгекке, ыймандуулукка жана адеп-ахлакка тарбиялоого баа жеткис салам кошорун белгилешти.

Бир же үч айда бир чыкчу журналдардын мукабалары президенттин сүрөтү менен чыгат.