Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:46

Түркия: ооган качкындары көбөйдү


Ооганстандык качкындар. Түркия, Эрзурум аймагы. 2017-жыл.
Ооганстандык качкындар. Түркия, Эрзурум аймагы. 2017-жыл.

Түркиянын Ички иштер министрлигинин расмий маалыматы боюнча Түркияга күнүнө миңдей ооганстандык качып келүүдө. Алар негизинен Иран аркылуу Түркиянын аймагына мыйзамсыз өтүшөт.

Акыркы маалыматтарга караганда, АКШ баштаган эл аралык коалиция ооган жергесинен 1-майдан тарта чыгарыла баштагандан бери "Талибан" кыймылынын согушкерлери Ооганстандын 423 районунун үчтөн бирин ээлеп алды. Ал эми өлкөдөгү согуштан качкан ооганстандыктардын саны акыркы апталарда кескин көбөйгөнү айтылууда.

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) маалыматы боюнча, жыл башынан бери 223 миң ооган мекенин таштап кетүүгө мажбур болгон. Бул сан өткөн аптада эле 56 миңден ашты.

Талибдердин Ооганстанда таасири күчөгөн сайын, иммиграциянын жаңы толкуну башталары күтүлүүдө. Серепчилердин айтымында, Ооганстан өлкөдөн чыгып жаткан качкындардын саны боюнча Сириядан кийинки экинчи өлкөгө айланууда. Бирок бул жолу мурункулардан айырмаланып, шаардык билимдүү жаштар да кетүүгө камынып жатканы байкалууда.

Ооганстандык жигит. Ван шаарына жакын жердеги темир жолдун жанындагы бетондон жасалган канализация түтүгүнүн ичинде жашынып жатат. 2-июнь, 2021-жыл.
Ооганстандык жигит. Ван шаарына жакын жердеги темир жолдун жанындагы бетондон жасалган канализация түтүгүнүн ичинде жашынып жатат. 2-июнь, 2021-жыл.

Негизинен ооганстандыктар коңшу Иран жана Пакистанга кире качууда. Ал эми Иран аркылуу Түркияга мыйзамсыз өткөн ооганстандыктардын саны жыл сайын эселеп өсүүдө.

Түркиядагы Качкындар жана миграция изилдөө борборунун башчысы Метин Чорабатырдын "Азатыкка" берген маалыматына караганда, "Талибан" кыймылы Ооганстанда үстөмдүк кылат деп корккон мамлекеттик кызматкерлер бир топ убакыттан бери Түркияга келүүнүн жолдорун издешүүдө.

"Расмий Кабул Талибан кыймылына туруштук бере албай калат деген кооптонуу бар. Бул кырдаал жарандарды өлкөдөн качууга түртүп жатат. Алардын арасында мамлекеттик кызматкерлер, студенттер жана жогорку даражадагы аткаминерлер да бар", - деди Чорабатыр.

Ал буга чейин ооганстандыктар жеңил унаа менен Түркияга өтүп, андан ары Европага бет алганын кошумчалады. Ал эми акыркы жылдары болсо Ооганстандан мыйзамсыз кирген качкындар көбөйгөн.

Анткен менен медициналык туризм, турак-жай сатып алуу же жогорку билим алуу сыяктуу альтернативдүү жолдор менен Ооганстандан Түркияга виза алып кирген жарандардын саны өтө аз.

Ооганстандык качкындарды ташып бараткан унаа жол кырсыгына кабылган. Түркиянын Ван аймагы. 2019-жыл.
Ооганстандык качкындарды ташып бараткан унаа жол кырсыгына кабылган. Түркиянын Ван аймагы. 2019-жыл.

Түркиянын Иран менен чектеш Ван аймагында иштеген түркиялык журналист Рүшен Таква акыркы күндөрү ооганстандык качкындар унаалар менен чек араны мыйзамсыз өтүп жатканы байкалып жатканын билдирди. Андан сырткары буга чек ара бекетиндеги кызматкерлер көз жумуп жатканына токтолду.

"Түркиянын Иран менен чектеш чек ара бекеттеринде мыйзам олуттуу бузулуп жатат. Жалпы эле качкындардын өлкөгө кирүүсүнө көз жумулууда. Ван аймагында бул качкындарды Түркияга алып өтүү боюнча тымызын схема иштеп жатат. Күнүнө орточо эсеп менен 1000-1500 качкын, анын дээрлик көпчүлүгү ооганстандыктар оор жүк ташуучу унаалар же ат арабалар менен тоо ташты аралап Ирандан Түркияга киргизилип жатканын ачык айта алам", - деди журналист.

Ал эми июль айынын башында негизги оппозициячыл Республикалык элдик партиясынын (CHP) 25 депутаты Түркияга кирген ооганстандыктардын көйгөйлөрүн иликтөө боюнча парламентке сунуш киргизген.

Депутат Сезгин Танрыкулу тарабынан даярдалган сунушта ооганстандык качкындар Түркияга мыйзамсыз кирип, андан ары өлкөнүн ири шаарларына жеткирилип, айрымдары бул катаал жолдо каза болуп жатканы баса белгиленген.

"Буга чейин Түркия-Иран чек арасындагы ок атышуунун кесепетинен качкындар каза болуп, жараат алган учурлар катталган. Алар алданып, коркутууга кабылып, аткезчиликтин курмандыгы болуп жатышат. Бул боюнча тергөө жүргүзүлүп, күнөөкөрлөрдүн табылышын талап кылабыз. Түркияга кирген качкындардын окуялары боюнча Конституциянын 98-беренесине ылайык парламенттик иликтөө жүргүзүүнү сунуштайбыз", - деп жазылат Танрыкулунун билдирүүсүндө.

Ал ортодо Түркиядагы ооганстандыктардын ассоциациялар федерациясынын жетекчиси Иззет Садат "Азаттыкка" берген маегинде, өлкөгө кирген мекендештеринин түрдүү көйгөйлөрү бар экенин баса бегиледи.

"Түрк бийлигинин бизге берген маалыматына ылайык, буга чейин 350 миң ооганстандык түрк жарандыгын алган. 150 миң мекендешибиз убактылуу уруксат менен жүрүшөт. Дагы 500 миңдей ооганстандык Түркияда мыйзамсыз жашайт. Алардын ар биринин көйгөйлөрү бар. Коомдон обочолонуп жашаган ооганстандыктардын абалы оор. Анткени бул өлкөдө документсиз жашоо кыйын. Балдар мектепке бара албайт, ооругандар ооруканага кайрыла албайт. 1 жаштан 70 жашка чейинки ооганстандык учурда Түркияда баш калкалап турат. Биз колдон келишинче түрк бийлигине жана БУУга бул көйгөйлөрдү жеткиргенге аракет кылып жатабыз", - деди Садат.

Сүрөт айрым окурмандар үчүн үрөй учурган маанай жаратышы мүмкүн
Ооганстандыктардын дээрлик көпчүлүгү чек арадан мыйзамсыз өтүшөт. Түркиянын Ван аймагы. 2021-жыл.
Ооганстандыктардын дээрлик көпчүлүгү чек арадан мыйзамсыз өтүшөт. Түркиянын Ван аймагы. 2021-жыл.
Сүрөт айрымдардын үрөйүн учурушу мүмкүн. Басып көрүңүз.
Ооганстандыктардын дээрлик көпчүлүгү чек арадан мыйзамсыз өтүшөт. Түркиянын Ван аймагы. 2021-жыл.

Ошондой эле, Түркияга мыйзамсыз кирген ооганстандыктар негизинен ири шаарларда оор жумуштарда, аз айлык-акыга кайыл болуп иштешет.

Эскерте кетсек, Түркиянын Статистика комитетинин 2020-жылга карата берген маалыматына ылайык, өлкөгө кирген чет өлкөлүктөрдүн арасынан Ирак, Түркмөнстан, Ооганстан жанан Сириянын жарандары чек арадан мыйзамсыз көп өтүшкөн.

Ошол эле учурда комитеттин 2021-жылдын биринчи жарымына карата берген маалыматында, Түркияда эң көп батир сатып алгандардын ичинде ооганстандыктар Иран жана Орусиянын жарандарынан кийин үчүнчү орунда турат.

  • 16x9 Image

    Элвира Будайчиева

    "Азаттык" радиосунун Стамбулдагы кабарчысы. Кыргыз-түрк "Манас" университетин жана Стамбулдагы Йедитепе университетинин магистратурасын бүтүргөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG