Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:45

Түркия Сириядагы операциясын баштаганын жарыялады


Сириянын Тел-Абяд шаарына жакын жердеги жарылуудан кийинки көрүнүш. 9-октябрь, 2019-жыл
Сириянын Тел-Абяд шаарына жакын жердеги жарылуудан кийинки көрүнүш. 9-октябрь, 2019-жыл

Түрк президенти Режеп Тайып Эрдоган Сириянын түндүгүндөгү аскердик операция башталганын жарыялады. Сириянын Түркия менен чек арасына жакын жайгашкан Рас-эл-Айн шаарчасында бир нече жардыруу болду.

Түрк армиясынын күрттөр баштаган күчтөргө каршы бул операциясы АКШ президенти Дональд Трамп америкалык аскерлер Сириядан чыгарылаарын билдиргенден бир нече күндөн кийин башталып жатат.

Түркия Сириянын түндүгүндө жортуулун баштады
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:30 0:00


"Түрк куралдуу күчтөрү жана "Сириянын эркин армиясы" (Анкарага ыктаган көтөрүлүшчүл күчтөр) Сириянын түндүгүндөгү "Тынчтыктын булагы" операциясын жаңы эле баштады. Биз түштүктөгү чек арабызда террорчулардын корридорунун түзүлүшүн алдын алып, аймакта тынчтык орноткубуз келет", - деп жазды Эрдоган "Твиттердеги" барагына.


Түрк лидери бул операция күрт кошуундарын жана чөлкөмдөгү "Ислам мамлекети" террордук тобун бутага алаарын кошумчалады. 8-октябрдын кечинде Түркиянын чек ара аймагына кошумча күчтөр, танктар жана аскердик унаалар жеткирилген болчу.



Эрдогандын мындай билдирүүсүнүн алдында Түркиянын аскердик операциясына караманча-каршы турган Сириянын түндүгүндөгү күрттөрдүн жарандык бийлиги жалпы мобилизация жарыялаган. Алар аймактагы куралдуу кармаш "гуманитардык катастрофага" жол ачаарын эскерткен эле.

"Биз элибизди, бардык этностук топторду Түркия менен чек ара аймагына багыт алууга жана мындай тарыхый учурда каршылык көрсөтүүгө чакырабыз", - деп айтылган "Түндүк жана Чыгыш Сириянын автономдуу администрациясы" деп аталган жергиликтүү бийликтин билдирүүсүндө.

Түркиянын операциясына каршылыгын билдирген сириялык күрттөр.
Түркиянын операциясына каршылыгын билдирген сириялык күрттөр.

Түркия күрт кошуундарын, анын ичинде АКШга ыктаган "Сириянын демократиялык күчтөрүн" "террорчулар" катары мүнөздөп келет.

Анкара аскердик операциясы Сириянын аймагында 30 чакырымдык коопсуздук зонасын түзүүнү гана көздөйт деп ишендирүүдө. Анкара бул коопсуз тилкеге Түркияда баш калкалап жаткан үч жарым миллиондон ашык качкындын эки миллиондоюн жайгаштыргысы келет.

Күрт кошуундары Сириядагы жарандык согушта АКШнын өнөктөшү болуп келген жана айрым райондорду экстремист уюмдун жоочуларынан тазалоого жардам беришкен. Андыктан алар АКШнын Сириянын түндүгүндөгү аскерлерин чыгаруу планын кескин сындап жатышат.

Пентагон аймактагы америкалык аскерлер коопсуздук маселесинен улам башка райондорго гана жайгаштырылганын, алар Сириядан чыгарыла электигин маалымдады. Президент Дональд Трамп да элүүдөй аскерди чыгаруу маселеси тууралуу гана сөз болгонун, күрт кошуундарына каржы жана курал-жарак жагынан жардам көрсөтүлүп жатканын 8-октябрда билдирген.

"Биз Сириядан чыгып кетүү жараянынын алдында турушубуз мүмкүн. Бирок биз күрттөрдү таштап кеткен жокпуз. Алар өзгөчө адамдар жана мыкты жоокерлер. Ошол сыяктуу эле НАТОдогу жана соодадагы өнөктөшүбүз саналган Түркия менен да мамилебиз абдан жакшы", - деп жазган Трамп "Твиттердеги" барагына.


Мындан үч күн мурун президент Трамп түрк лидери Эрдоган менен телефон аркылуу сүйлөшкөндөн кийин Түркиянын операциясына аралашпай турганын айткан.

Шаршемби күнү чөлкөмдөгү кырдаал боюнча Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров үн катып, Сириядагы күрттөр "өтө кооптонуп турганын", аймакта чоң чатакты алдын алуу үчүн бардык аракет көрүлүшү керек экенин айтты.

Сирияда сегиз жылдан ашкан жарандык согушта Анкара менен Вашингтон көтөрүлүшчүлөрдүн эки башка тобун, Орусия президент Башар Асадды колдоп келет. Бул согуш баш-аягы 400 миңдей адамдын өмүрүн алды.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

XS
SM
MD
LG