Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:08

Түркия Сириянын түндүгүндө жортуулун баштады


Түркия Сириянын түндүгүндө жортуулун баштады
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:30 0:00

Түрк президенти Режеп Тайып Эрдоган 9-октябрда Сириянын түндүгүндөгү аскердик операция башталганын жарыялады. Сириянын Түркия менен чек арасына жакын жайгашкан Рас-эл-Айн шаарчасында бир нече жардыруу болду. "Түрк куралдуу күчтөрү жана "Сириянын эркин армиясы" жаңы эле Сириянын түндүгүндөгү "Тынчтык булагы" операциясын баштады", - деп жазды Эрдоган "Твиттердеги" барагына. Түрк лидери бул операция күрт кошуундарын жана чөлкөмдөгү "Ислам мамлекети" террордук тобун бутага аларын кошумчалады. Шаршембиде Сириянын түндүгүндөгү жергиликтүү күрт бийлиги Түркия менен чек арага жакын аймакта жалпы мобилизация жарыялаган. Анкара күрт кошуундарын, анын ичинде АКШга жакын "Сириянын демократиялык күчтөрүн" "террорчулар" катары мүнөздөйт. Бирок азыркы операция Сириянын аймагында коопсуздук зонасын түзүүнү гана көздөөрүнө ишендирүүдө. Анкара бул коопсуз тилкеге Түркияда баш калкалап жаткан үч жарым миллиондон ашык качкындын эки миллиондоюн жайгаштыргысы келет. Күрт кошуундары Сириядагы жарандык согушта АКШнын өнөктөшү болуп келген жана айрым райондорду экстремист уюмдун жоочуларынан тазалоого жардам беришкен. Пентагон аймактагы америкалык аскерлер коопсуздук маселесинен улам башка райондорго гана жайгаштырылганын, алар Сириядан чыгарыла электигин билдирди. Мындан үч күн мурун АКШ президенти Доналд Трамп Эрдоган менен телефон сүйлөшүүсүнөн кийин Анкаранын операциясына аралашпай турганын айткан.

XS
SM
MD
LG