Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:18

Түркия: талапкерлердин өзгөчө убадалары


Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган шайлоо өнөктүгү менен Диярбакыр шаарында. 3-июнь, 2018-жыл.
Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган шайлоо өнөктүгү менен Диярбакыр шаарында. 3-июнь, 2018-жыл.

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган 24-июнда өтө турган шайлоодо жеңсе эки жыл мурда өлкөгө киргизилген өзгөчө кырдаал режимин алаарын биринчи жолу убада кылды. 2016-жылдын июль айында болгон бийликти төңкөрүү аракетинен кийин киргизилген режим ушул күнгө чейин уланып келет.

24-июнда өтө турган парламенттик жана президенттик шайлоолордун бири өз мөөнөтүнөн жарым жыл, экинчиси бир жыл эрте жана өзгөчө абал шартында өткөнү турат. 2016-жылкы аскердик төңкөрүш аракетинен кийин киргизилген мындай тартип үч ай сайын узартылып, азыркыга чейин сакталып келатат.

Оппозициядагы Элдик республикалык партиясынын жана Жакшы партиянын калкка берген негизги убадаларынын бири - өзгөчө кырдаал режимин жоюу. Буга чейин Элдик республикалык партиясынын лидери Кемал Кылычдароглу алардын президенттикке талапкери Мухаррем Инже жеңишке жетсе, 48 сааттын ичинде өзгөчө абал жоюуларын билдирген.

Инже “Твиттердеги” баракчасына “Мен шайлоодо жеңсем дароо өзгөчө кырдаал режимин жоюуга убада берем” деп жазды. Ал бул жолку шайлоодо Эрдоган жеңсе, болгон бийлик анын колуна топтолоорун айтып, буга жол бербөө керектигин билдирип келет:

- Жаңы Баш мыйзам бардык бийликти бир адамдын колуна өткөрүп берет. Биринчи жолу болот. Ошондуктан эгер биз бийликти Эрдоганга өткөрүп берсек мындан кийинки шайлоолордун мааниси жок болот. Андыктан биз буга жол бербешибиз керек.

Мухаррем Инже Элдик-республикалык партиянын жыйынында. Анкара, 4-май, 2018-жыл.
Мухаррем Инже Элдик-республикалык партиянын жыйынында. Анкара, 4-май, 2018-жыл.

​Инже айтып жаткан Баш мыйзамдагы өзгөрүүлөр 2017-жылдын апрелинде өткөн референдумда кабыл алынган. Ага ылайык, шайлоодон кийин президенттин ыйгарым укуктары кыйла кеңейтилет. Ошондой эле 1923-жылы республика түзүлгөндө пайда болгон премьер-министрдин кызматы жоюлуп, аткаруу бийлиги да президенттин колуна өтөт.

Президент Режеп Тайып Эрдоганга бул жолу беш саясатчы атаандаш болууда. Алардын арасында аял саясатчы да бар. Талапкерлердин дагы бири, күрттөрдүн таламын талашкан Элдик-демократиялык партиясынын лидери Салахиддин Демирташ бир жарым жылдан бери камакта. Ал жакында эле жубайы, Басар Демирташка телефон аркылуу байланышка чыгып элге кайрылуу жасады:

- 20 айдан бери мени бул жерде соттун адилетсиз чечими менен мыйзамсыз кармап жатышат. Түркиядагы соңку кездерде өкүм сүргөн демократияга каршы тажрыйба түрк элин эң бактысыз жана пессимисттик коомго айлантты.

45 жаштагы Демирташ террордук уюм уюштурган деген айып менен камакка алынган.

Элдик-демократиялык партиясынын лидери, учурда камакта жаткан Салахиддин Демирташ
Элдик-демократиялык партиясынын лидери, учурда камакта жаткан Салахиддин Демирташ

2016-жылдын 15-июлунда жүзөгө ашпай калган бийликти төңкөрүү аракетине катышкан деген кине менен эки жылдан бери 55 миңден ашуун киши камакка алынды. Өзгөчө кырдаал режимин активисттер сындап, аны Эрдоган бийликти төңкөрүү аракетин уюштургандарга гана эмес, өз оппоненттерине да каршы колдонуп жатканын айтышкан.

Түркия бийликти кулатуу аракетинин артында Кошмо Штаттарда бозгунда жүргөн диниятчы Фетхулла Гүлен турган деп эсептейт. Гүлен өзү мындай дооматтарды такай четке кагып келет.

Ошол эле маалда Эрдоган өзгөчө кырдаалдар режиминин алынышы катаал чаралар токтойт дегенди билдирбесин ишара кылды. Буга чейин Эрдоган 8-июнда жасаган билдирүүсүндө бул дароо чечилбей турган суроо экенин белгилеген. Бирок бир аптадан бери оюн өзгөртүп, чечкиндүү убада берди.

- 24-июндан кийин эгер мага өз ордумда калууга мүмкүнчүлүк берилсе, биздин биринчи кадамыбыз өзгөчө кырдаалдар режимин алуу болот.

Аналитиктер 24-июнга белгиленген парламенттик жана президенттик шайлоолор чыңалган кырдаалда өтөөрүн жоромолдоп жатышат. Алардын айтымында, Эрдогандын партиясы көпчүлүк добушка ээ болбой калышы мүмкүн деген тобокелчиликтер жаралып жаткандыгына байланыштуу азыркы өлкө башчысы чындап таймашка түшөрү күтүлүүдө.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG