Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:35

Түркмөнстан: суракка алынган жүргүнчүлөр


Ашхабад аэропорту. Архивдик сүрөт.
Ашхабад аэропорту. Архивдик сүрөт.

Акыркы күндөрү Түркмөнстандын баш калаасы Ашхабаддын аэропортунда эл аралык каттамдар аркылуу чет өлкөлөргө учкан жарандарды катуу суракка алуу күчөдү. Аэропорттогу кызматтардын сурагынан өтө албаган жүргүнчүлөр учактан калып жатканын Интернетте тараган видеолор айгинелейт.

Жаңы жылдан бери Ашхабаддын аэропортунан Стамбулга уча албаган түркмөн жүргүнчүлөрү көбөйүүдө. Сапарга аттангандар себепсиз суракка алынып, кийин учак коё берилбей калганын айткан видеолор социалдык тармактарда байма-бай таркап жатат.

Ашхабаддын эл аралык аэрпортунан Стамбулга жумасына 3 аба каттамы бар. «Түркмөн аба жолдору» күнүнө эки ирет, ал эми «Түрк аба жолдору» бир жолу учат. Чет өлкөгө кете турган түркмөндөр ушул учактар менен кетишет.

Аэропортто кармалгандар миграция кызматкерлеринин сурагына кабылгандар экенин жүргүнчүлөр «Азаттык» радиосунун түркмөн кызматына жашыруун айтып беришкен.

Өз коопсуздугунан корккон жүргүнчүлөр суракта жеке турмушуна байланыштуу суроолор да берилерин айтышат.

- Мисалы, бизден «Чет өлкөгө эмне максат менен чыгып жатасың, ал жакта эмне кыласың?» деп сурашты. Бирок айрым учурларда чектен чыгып биздин жеке жашообузга кызыгышты. Үй-бүлөбүз жөнүндө сурап, кээде уят сөздөрдү колдонушту. Бизди шылдыңдаган учурлары да болду, - дейт алардын бири.

Айрым жергиликтүү басылмалар 10-январдан баштап Ашхабаддын аэропортунан ондогон жаран уча албай, билеттери күйүп кеткенин жазган.

Түркиянын Миграция департаментинин маалыматы боюнча 2019-жылы өлкөдө 45 миңден ашык түркмөн жараны туруктуу жашоого уруксат алган. Ал эми мигранттар боюнча серепчи Мурат Эршахин Түркмөнстандан Түркияга келген мигранттар жана соодагерлер жаңы жылдан тартып азайганын баса белгиледи:

- Ооба, Түркмөнстандын бийлиги өз жарандарын чет өлкөгө чыгарбай жаткандыгы үчүн маселе чыгып жатканын билдик. Түркияда эмгек визасы менен иштеп жүргөн түркмөнстандыктарды да өткөзбөй жатыптыр. Мага келген маалымат боюнча, расмий Ашхабад «буга Түркияда жашаган түркмөнстандыктардын кылмыш иштерине аралашканы акыркы күндөрү көп болуп жатканы себеп болду» деп эсептейт экен. Бирок Түркияда кылмышка аралашкан түркмөндөр боюнча так маалымат жок. Антсе да Ашхабаддан Стамбулга чыга албай жаткан жүргүнчүлөр боюнча кабарым бар.

Аэропортто жарандар эмне себептен суракка кабылып жатканы жөнүндө Ашхабад комментарий бере элек.

Жыл сайын түмөндөгөн түркмөнстандыктар чет өлкөгө иштөө максатында чыгып кетишет. Алар негизинен Түркияда, Орусияда жана постсоветтик өлкөлөрдө эмгек визасы менен же мыйзамсыз иштөөгө мажбур. Түркмөн бийлиги чет өлкөгө кеткен эмгек мигранттары боюнча маалымат бербейт. Алардын өз мекенин таштап, чет өлкөгө агылып кетип жатышын эң биринчи себеби - өлкөдөгү экономикалык кризис, азык-түлүктүн жетишсиздиги жана жумушсуздук.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG