Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:51

Түркияда "Манас" жумалыгы башталды


 Бурса шаары, Түркия. 21-сентябрь, 2022-жыл.
Бурса шаары, Түркия. 21-сентябрь, 2022-жыл.

21-сентябрда Түркиянын Бурса шаарында "Манас жумалыгы" башталды. Анын алкагында кыргызстандык, казакстандык жана түркиялык 14 манасчы бир жума манас айтуучулук өнөрүн даңазалайт.

Жумалык жергиликтүү бийликтин, ТҮРКСОЙ уюмунун жана Кыргызстандын Түркиядагы элчилигинин демилгеси менен уюштурулган.

Кыргыз улуттук "Манас" театрынын директору Азиз Биймырза манасчылар кезек-кезеги менен чыгып, улуу эпостон үзүндү айтып жатканын "Азаттыкка" билдирди.

"21-сентябрда саат кечки жетиде баштадык, түнү менен айтылды. Биринчи айлампада 34 сааттан айтып жаткан манасчылар бар. Түркиялык Осман Шахин 40 мүнөт айтты. Ал эми кыргызстандыктар Түркиянын аба ырайына, күнүнө көнгөндөн кийин кезектешип айта баштайбыз".

Түркиянын президентинин кеңешчиси Ялчын Топчы кыргызстандык өнөр адамдары менен. Бурса шаары.
Түркиянын президентинин кеңешчиси Ялчын Топчы кыргызстандык өнөр адамдары менен. Бурса шаары.

Кыргызстандык манасчылар менен тең тайлашып Манас айткан Осман Шахин Анкара университетинин түркология факультетинин студенти. Ал 1-курстан бери кыргыз маданиятына жана улуу эпосуна кызыгып, төрт жылдан бери "түркиялык манасчы" деп кыйла таанылып калганын айтып берди.

Осман Шахин. Бурса шаары.
Осман Шахин. Бурса шаары.

"Мен кыргыз тилин университетимдеги кыргыз тил мугалимим профессор Гулзура Жумакуновадан үйрөндүм. Бир жолу "Манас" эпосу тууралуу тапшырма алып, кантип даярдансам экен деп ойлондум. Ошондо эпостон бир үзүндү жаттап, группалаштарыма айтып бердим. Баары жактырды. Мугалимдерим "сен Манас айтканды улант" деп кеңеш беришти. 2019-жылы биринчи жолу сахнада Манас айттым. Андагы сезимдерди айтып бүтүрө албайм. Ошондон баштап, манасчылар, "Манас" эпосу тууралуу терең изилдөөгө кириштим. Ал эми сахнага чыгып Манас айтууга Түркиядагы кыргыздар, Анкарадагы элчи, ТҮРКСОЙ уюму мага чоң колдоо көрсөтүп келатышат".

Түркиялык манасчылардын катарын бул ирет Хайреттин Ивгин жана мектеп окуучусу Арас Булут Селви да толуктады.

Шаршембиде "Манас жумалыгынын" ачылыш аземине Түркиянын президентинин кеңешчиси Ялчын Топчу, ТҮРКСОЙ уюмунун баш катчысы Султан Раев, Анкарадагы элчи Кубанычбек Өмүралиев жана бир катар расмий өкүлдөр катышты.

"Кыргыз боордошторубуздун жана түрк дүйнөбүздүн эпикалык тарыхы бар. Биздин атак-даңкка толгон жалпы тарыхыбыз бар. Кыргызстан менен Түркиянын эли, каны, маданияты бир, бирок эки бешикте чоңойгон бир туугандай. Биздин бир тууган экенибизди бүт дүйнө билиши керек", - деди Ялчын Топчу.

Түркиядагы "Манас жумалыгы" IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын утурлай уюштурулган. Анын ачылыш аземине 6-августта Ош шаарынан велосипед менен чыгып, Түркияга жеткен 75 жаштагы Мамыт Таштанов да катышты. Аксакал эки айга чукул жол тартып, алты мамлекетти басып өткөн.

"Мен бүгүн Манас жумалыгына туш келип, Бурса шаарына келип калганыма өтө кубанычтамын", - деди ардагер.

Мамыт Таштанов Бурса шаарында.
Мамыт Таштанов Бурса шаарында.

Бурсадагы "Манас жумалыгы" 28-сентябрда жыйынтыкталат. Иш-чараны онлайн түз көрүүгө болот.

"Манас" эпосу "Манас", "Семетей" жана "Сейтек" үчилтигинен турат. 1920-жылдары манасчы Сагымбай Орозбаковдон жаздырылып алынган 19 миң саптан турган жана Саякбай Каралаевден жаздырылып алынган 937 миңден ашуун саптан турган эпостун варианты классикалык вариант болуп саналат.

2013-жылдын 4-декабрында "Манас", "Семетей", "Сейтек" үчилтиги ЮНЕСКОнун "Адамзат маданиятынын материалдык эмес маданий мурастарынын" тизмесине кирген. 2015-жылы өкмөттүн токтому менен 4-декабрь - “Манас” эпосунун күнү деп жарыяланган.

IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюну быйыл 29-сентябрдан 2-октябрга чейин Түркиянын Изник шаарында өтөт.

  • 16x9 Image

    Элвира Будайчиева

    "Азаттык" радиосунун Стамбулдагы кабарчысы. Кыргыз-түрк "Манас" университетин жана Стамбулдагы Йедитепе университетинин магистратурасын бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG