Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:11

Түркия: Кызганычтан кыйылган өмүр


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Түркияда жергиликтүү маалымат каржаттары кыргыз келиндин күйөөсү аялын кызганып атып өлтүргөнүн мойнуна алганын кабарлады. Ал эми 2016-жылы Анталияда сабалган Малика Ноотиеванын ишин караган сот өткөн апта аяктап, айыпталуучу 13 жылга кесилди.

Түркиянын Гиресун аймагында токойдо табылган сөөк кыргызстандык К.Н. экенин, шейшембиде аялдын өлтүрүлүшүнө байланыштуу эки киши кармалганын мамлекеттик "Анадолу" маалымат агенттиги кабарлады.

"Биз диний нике менен жашачубуз. Бул никеден бир балабыз бар. Аялым мени алдап кеткенин укканда жиним келди. Өлтүргөндөн кийин сөөктү Тиреболудан алып келдим. Жети чакырым жердеги Гөрелеге алып барып, жол жээгине ыргыттым", - деп шектүү суракта айткан .

Энис Зияли.
Энис Зияли.

Маликаны Түркияда колдогондордун дагы бири – ыктыярчы, "Анталия камкордук платформасынын" мүчөсү Халит Мерт. Ал кыргызстандык кыз тууралуу жергиликтүү телеканалдар аркылуу маалымат таратып, укугун коргоп, Маликага зарыл нерселерди алгачкылардан болуп жеткирген. Мерт соттун чечимин адилетсиз деп эсептейт.

"Кылмыштын себеби кризис"

Түркия былтыр президент Режеп Тайып Эрдогандын чечими менен Стамбул конвенциясынан расмий түрдө чыккан. Расмий Анкаранын мындай кадамы эл аралык коомчулуктун сынына кабылып, өлкөдө нааразылык акциялары өткөн.

XS
SM
MD
LG