Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Июль, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 11:12

Түркия: куткаруучуларга тамак ташыган кыргыз кыз-келиндер


Хатай, Түркия. 13-февраль, 2023-жыл.
Хатай, Түркия. 13-февраль, 2023-жыл.

Түркиядагы катуу зилзала катталган Газиантеп шаарында жашап, иштеген он чакты кыргызстандык мигрант кыз-келин кезек менен коңшу Кахраманмараштагы куткаруучуларды кошумча ысык тамак менен камсыз кылууда. Алардын демилгесин өлкөдөгү башка кыргызстандыктар да материалдык жактан колдоп, дем беришүүдө.

"Азаттык" кыргыз куткаруучуларына манты жасап көтөрүп барган Гүлмайрам Рысбекова менен байланышты.

Эске сала кетсек, Газиантепте күнүнө үч-төрт жолудан жер силкинип жатат. Абал тынчый элек.

- Социалдык тармактарда сиздерде казакстандык куткаруучуларга ысык тамак жасап барган видеоңоргө көпчүлүк ыраазы болуп жатат. Куткаруучуларга ысык тамак жеткирүү идеясын кайдан алдыңыз эле?

- Жер титирөөдөн кийин кыргызстандык кыздар Газиантепте бир батирге чогулуп, түнү менен тамак жасадык. Кыргызстандан куткаруучулар Кахраманмарашта иштеп жатканын уккандан кийин автоунаа жалдап, бир нече кыз ал жакка барып келди. Куткаруучулар иштеп жаткан шартты көрүп, демилгени улантууну чечтик. Катарыбыз көбөйдү. 10-15 кыз азыр эки смена менен барып, ысык тамак жасап атабыз.

Гүлмайрам Рысбекова.
Гүлмайрам Рысбекова.

- Газиантептен Кахраманмараш шаарынын ортосу ыраак эле болсо керек? Ысык тамакты муздатпай кантип жеткирип атасыңар?

- Газиантептен Кахраманмарашка машина менен бир сааттык жол. Суюк тамакты жеткирүү мүмкүн эмес. Андыктан үч-төрт кыз барып, жеринен тамак жасоо сунушун киргиздик. Алар келгенде экинчи топ барып жатат. Кыргызстандык куткаруучулар үчүн бардык шарттар түзүлгөн экен. Бирок түрк тамактарына көнбөгөндүктөн кыйналып жатканын көрдүк. Буга чейин "такыр тамаксыз калыптыр" деген сөз тараптыр. Андай эмес экенин айта кетейин. Алар бизден жардам сураган жок. Жөн гана ыктыярчы катары жардам берип жатабыз.

- Азык-түлүктү кайдан алып атасыңар? Зилзаладан кийин жолдор ачылып, дүкөндөр иштеп калдыбы?

- Жер титирөөдөн кийин айрымдарыбыз жумуштан чыгып калдык. Иштегендер да бар албетте. Куткаруучулардын лагерине баруу үчүн Түркиядагы ишкер кыргызстандыктар каттам уюштурду. Мамлекеттик автобус каттамдары калыбына келе элек. Дүкөндөр ачылбай турат. Акчаны өз чөнтөгүбүздөн чыгардык. Анкара жана Стамбул шаарларында иштеген кыргызстандыктар да чогултуп беришти, ун, май, чай алып койдук.

Куткаруучу балдардын уранды астынан тирүү калган кишилерди куткарган видеолорун көрүп, күчтүрөөк тамак жесин деп ойлодук. Суукта, катаал шартта иштеген оңой эмес. Күн өткөн сайын жер титирөө болгон аймактарда чаң буруксуп, жаман жыттанып баратканы байкалат.

  • 16x9 Image

    Элвира Будайчиева

    "Азаттык" радиосунун Стамбулдагы кабарчысы. Кыргыз-түрк "Манас" университетин жана Стамбулдагы Йедитепе университетинин магистратурасын бүтүргөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG